Линктер

Борбор Азия: министрлер талкуулачу маселе арбын


Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу, Самарканд, 1-ноябрь, 2015-жыл

Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу, Самарканд, 1-ноябрь, 2015-жыл

Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери 3-августта АКШда С5+1 форматында жолугушат. Жолугушуу алгач өткөн жылы Өзбекстанда өткөн. Бул сапардын жемиши, маани-маңызы тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниерди кепке тарттык.

- Жолугушуунун күн тартибине экономика, экология, коопсуздук темалары коюлган. Бул жаатта тараптар эмнелерге жетише алышы мүмкүн?

- Албетте, АКШ Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер менен мамилесин бекемдегиси келет. Бирок ортолорунда алигиче конкреттүү долбоорлор жок. Ошон үчүн АКШ ириде борбор азиялыктардын бири-бири менен ымаласын чыңдашына өбөлгө болууну көздөйт.

Кызматташтыгы жакшы болсо, бул аларга жана АКШга экономика, экология, коопсуздук жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын түшүнүп турушат. Мисалы, мен Өзбекстандан Кыргызстанга же Тажикстанга бир нерсе жөнөткүм келсе, чек арада көйгөй жаралары белгилүү да.

Дагы бир маселе. Азыр аймакта Кытайдын экономикалык таасири күч. Борбор Азияга акчасын жакшы эле чачып атат. Орусия бул жаатта бир аз артта. Бирок АКШга караганда мүмкүнчүлүгү көп. Ошого карабастан, кызматташтыкты баштап алуу керек. Бул башталышы. Вашингтонго чогулгандар ал жакта АКШдан эмне каалашарын, АКШ алардан эмнени күтөрүн эркин айта алышат. Бирок, менимче, конкреттүү эмес, "сүйлөшүүлөрдү улантабыз, жакшы мамиле кургубуз келет" дегендей жалпы сөздөрдү камтыган гана документке кол коюшат.

- Албетте, ошончо алыстан туруп, акыркы эки жылдан бери ушундай форматта ымаланы бекемдөө аракетинде АКШнын өз кызыкчылыгы да болбой койбосо керек?

- Азыр америкалык аскерлер Ооганстанда. Ал жакка айрым борбор азиялык өлкөлөр аркылуу транзиттик жүктөрү да өтүп турат. Ошон үчүн АКШ Борбор Азия менен бекем байланышка кызыкдар.

АКШ менен Пакистандын мамилеси азыр бир кылка эмес. Бир ай жакшы, кийинки айда начар. Ошон үчүн акыр аягы Пакистан менен ырк бузуулар болсо Ооганстанга жакын аймактан өнөктөш да керек. Ооганстанда америкалык аскерлер кеминде 4-5 жыл болот. Ушундан улам Борбор Азия менен коопсуздук жаатында жакыныраак кызматташтык жок дегенде ушунча жыл зарыл.

Мындан тышкары, албетте, "кансыз согуштун" менталитетин да эске алуу абзел. АКШга дүйнөнүн бардык жеринде Орусияны аз-маз тынчсыздандыра ала турган союздаштар керек. Алар чөлкөмдүн же андагы бир өлкөнүн кайрадан Орусиянын толук таасиринде калышын каалабайт. Алар борбор азиялыктарга Кытай же Орусия эле эмес, Америка менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар экенин да сунуштоону каалашат.

- Сиз жалпылаган, ынтымак сөздөрүн айтып эле тарап кетишет дедиңиз. Ырас, экономика темасы көтөрүлүп аткан соң айрымдар, балким, конкреттүү сунуштар болобу дегендей да ойдо.

- АКШ Борбор Азияга узак жылдар каржылык жардам берип келген. Жардам алган өлкөлөр каалаган өлчөмдө болбосо да. Себеби, Америка Кытай эмес. Кытай Кыргызстандагы жолдордун дээрлик баарын курууда. Мисалы, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод. АКШ мындай кылбайт. Бирок, биргелешкен ишканалар аркылуу инвестиция салышы мүмкүн. Андай Казакстан менен Түркмөнстанда бар. Кыргызстанда бул жаатта эмне кыларын айтыш кыйын. Көмөк жаатында Кыргызстан эмнени каалап, АКШ кандай жардам бере алары жеке сүйлөшүүдө айтылат деп ойлойм.

- Ошол эле учурда мындай жолугушууларда протоколдо жазылгандан тышкары да темалар козголот эмеспи. Кыргызстан менен эмне талкууланышы мүмкүн?

- Албетте, өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр да болот. Мисалы, АКШ тараптын Түркмөнстан менен Кыргызстанга айта турганы эки башка. Себеби бул эки өлкөдө система эки бөлөк. Менимче, Кыргызстан менен америкалыктар эмки жылкы президенттик шайлоону талкуулашы мүмкүн. Кыргызстан АКШ сыяктуу мамлекеттер үчүн чоң үмүт. Анткени, Борбор Азияда демократия жаатында Кыргызстан азыр кыйла алдыда. Алар чөлкөм үчүн дале үлгү бойдон кала беришин каалашат. Мунун далили катары Меркелдин сапарын айтсак болот. Ал башка борборазиялыктарга барган жок. Жакында Олланд келем деп атат. Бул батыш өлкөлөрү Кыргызстан демократияга карай туура жолдо кетип атканын таанып атышат деген белги.

- АКШ улут аралык кастыкка айыпталып, өмүр бою камалган Азимжан Аскаров боюнча да позициясын айтып келет. Бул боюнча да сөз козголушу мүмкүнбү?

- Сөзсүз. Жеке сүйлөшүүдө бул тема козголушу ыктамал. Албетте, башка өлкөлөрдүн көзүнчө Кыргызстанды сындашы мүмкүн эмес. Себеби Өзбекстан, Түркмөнстанда Кыргызстанга караганда абал кыйла оор. Кыргызстанда жалгыз Азимжан Аскаров. Берки өлкөлөрдө андайлар ондоп саналат. Алар Аскаров боюнча сот процесси кайрадан өтсө жакшы болмок деп, маселени эске салышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG