Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

11-декабрда Брюсселдеги орус элчилигинин маданий борборунда Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө ачылды.

Брюсселдеги көргөзмөгө залкар жазуучунун мурда жарыяланбаган, белгисиз сүрөттөрү коюлду. Андагы эмгектердин көбүн жараткан, жазуучу менен бир кезде жакшы мамиледе болгон сүрөтчү Ибрагим Бакиров “Азаттыкка” маек берди.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматовго арналган Брюссель көргөзмөсүндө залкар жазуучу түшүрүлгөн белгисиз сүрөттөр коюлат деп кабарланган эле. Сизден башка кайсы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду?

Бакиров: Бул жерде менин элчиликте иштеп жүргөн кездеги фото сүрөттөрүм, ошондой эле Европадагы белгилүү Айтматов таануучу, профессор Жан Бланкоффтун сүрөттөрү коюлду. Иш -чараны Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги, КТРКнын "Маданият" каналы жана негизги демөөрчү катары “Улут жүзү” коомдук уюму уюштурду.

Азаттык: Иш-чарага чет элдиктердин кызыгуусу кандай болду?

Бакиров: Көргөзмөгө Брюсселдин тургундары, орус тилдүү көрүүчүлөрдөн тышкары, башка өлкөдөн атайын келгендер да болду. Андан башка Кыргызстандан “Энесай” тобу катышты. Топтун жетекчиси Курмангазы Азыкбаевдин аткаруусундагы чыгармаларды келгендер ынтаа коюп, берилүү менен угушту. Айрыкча Азыкбаевдин “Айтматов атабызга арналат” деп туруп чоор менен кошокту созолонткону муун-жүүндү бошотуп, көзгө жаш айлантты.

Азаттык: Ибрагим мырза, сиздин чет жакта иштеп, жашап атканыңызга бир топ жыл болду. Айтматов тууралуу чет элдиктердин пикири кандай? Жазуучу тууралуу алар эмнелерди билет? Деги эле чет элдик окурмандарга Айтматов тууралуу маалымат, китептер жетиштүүбү?

Бакиров: Бул жерде адабиятка кызыккан көп кишилер менен таанышып, сүйлөшүп калган кезде “Кыргызстандыкмын” десең, көбү алгач Айтматов тууралуу сурашат. Көпчүлүк чет элдиктер Айтматовдун чыгармалары менен тааныш.

Мурда менде бир окуя болгон: Бельгияда адабият, живопись, музыка, театр жаатында колдоо көрсөтүп келген AGON деген инвестициялык компания бар. Мен анын ошол кездеги директору менен тааныш болуп калдым эле. Ал менин Кыргызстандан экенимди билгенден кийин Айтматовдун 1959-жылы чыккан француз тилиндеги “Жамийла” китебин белек кылган. Кийин ал кишинин көзү өтүп кетти.

Азаттык: Кыргызстан десек эле Айтматовду элестетет экен да чет жакта. Сиз Айтматов Кыргызстандын бренди дегенге кандай карайсыз?

Бакиров: Мен мисалы, бирөөлөргө белек бере турган болсом, сөзсүз Айтматовдун китебин сатып алам. Айрыкча “Жамийланы” белек кылам. Мен билгенден Бельгияда Айтматовдун “Жамийла” китебине талап жогору. “Дүкөндө калбай калыптыр же акыркысы эле турат” деп айткандарды көп угам. Мен Айтматовдун ар кандай тилдеги китептерин Кыргызстандын ар кайсы өлкөдөгү элчиликтерине коюп коюшса деп ойлойм. Каалагандар ошол эле жерден сатып алмак. Кээ бир конокторго белек кылып беришмек. Кыргызстандын өзүндө деле китептерин көп тилге которуп, басып чыгаруубуз керек. Ошондо туристтер Айтматовдун китебин сувенир ордуна ала кетишмек.

Брюсселдеги көргөзмөдөгү сүрөттөр.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG