Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча күзүндө референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, парламенттин сайтына жайгаштырылды. Документти Жогорку Кеңештеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары сунуштап жатат.

2-августта Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы талкуу өтөт. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын башкы жүйөсү эмне?

Равшан Жээнбеков: Аргументтери, себептери аябай көп. Маанилүүлөрүнө токтолсок, азыркы президент жана анын жанындагылар сунуштап жаткан өзгөртүүлөр элдин социалдык турмушун, экономиканы көтөрүүгө, мамлекетте маанилүү өзгөртүүлөрдү жасоого шарт түзбөйт. Тескерисинче, алар өздөрүнүн, бийликтин тегерегиндеги саясий топтордун кызыкчылыгын ойлоп, ошолордун кызыкчылыгын коргогон, ошого жооп берген өзгөртүүлөрдү киргизгенге умтулуп жатышат. Экинчиден, 25 жыл ичинде ар бир келген президент эч кандай социалдык-экономикалык маселелерди чече албастан, мамлекеттеги реформаларды жасай албастан, айласы кеткенде Конституцияга асылып келет. Акаев үч жолу, Бакиев эки жолу өзгөрттү. Эми Атамбаев да Конституцияны өзгөртүүгө кадам таштап отурат. Бул нерселердин баарын биз туура эмес деп эсептейбиз. 2-августта саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер Сөз эркиндигин коргоо комитетинин алкагында жогорку демилгеге каршы талкуу уюштурганы жатабыз.

“Азаттык”: Демилгечилер Конституцияны өзгөртүүнүн максаты - сот системасын реформалоону тездетүү жана өкмөт башчынын ыйгарым-укуктарын кеңейтүү деп атышат? Буга кандай карайсыз?

Рашан Жээнбеков: Мунун баары суу кечпеген аргументтер. Сот реформасын Конституцияга байлабай туруп эле жүргүзсө болот. Алты жыл ичинде эч кандай сот реформасын жасай албаган бийлик кетерине бир жыл калганда Конституцияны өзгөртүп, реформаларды ишке ашырып жибербейт. Бул болбогон нерсе. Экинчиден, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтебиз деп атышат. Ал жерде кыйраган деле кеңейтүү жок. Болгону кичинекей кызматтарды премьер-министр өзү коюп, өзү алары жазылган. Эгерде өкмөт башчы депутаттык кызматтан бара турган болсо анын мандаты сакталат деп, өздөрүнүн гана тегерегиндеги премьерликке көрсөтүлчү адамдардын кызыкчылыгы корголуп, аларга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

"Азаттык": Президенттик шайлоо жакындаган мезгилде Конституциялык реформа маселесинин кайрадан козголушунун шайлоого байланышы жокпу?

Равшан Жээнбеков: Биз ошондой пикирдебиз. Анткени президенттик мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга асыла баштаганы – бийликти берүүдөн корко баштаганы деп эсептейбиз. Колунан келишинче өзү кармап калууга же жок дегенде бийликтин айланасындагы өз адамдарын премьер-министр, парламент төрагасы кылып, алар аркылуу бийликти көзөмөлдөп турам деген жандалбасы.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтолуп жатат. Бул маселени талкуулаганы да турасыздар. Ушундай каршылыктардан кандайдыр бир майнап чыгарына ишенесизби?

Равшан Жээнбеков: Кол топтогондо, биз талкуу уюштурганда эле маселе чечилип калбайт. Анткени, Акаев, Бакиевдин убагынан бери билебиз. Бийлик күчкө салып, коркутуп-үркүтүп, сатып алчусун сатып алып Конституцияга өзгөртүү киргизип алышы мүмкүн. Бирок, күч менен Конституцияны өзгөртүп алуунун аягы эмне менен бүткөнү да жалпыга маалым. Күч менен Баш мыйзамды үч жолу өзгөрткөн Акаевдин, эки жолу өзгөрткөн Бакиевдин тагдыры эмне болду? Азыр да ошондой кадам кайталанса, менин оюмча Атамбаевге да келечекте эч кандай ийгилик алып келбейт. Ошондуктан, президент Конституцияны өзгөртүүнү токтотуп, андан көрө саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен кеңешип, 2020-жылы кандай өзгөртүүлөрдү киргизебиз деген маселенин үстүндө иштесе болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG