Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Гуттерман: Европа АКШнын сөзүнө толук ынанган жок


АКШнын вице-президенти Майк Пенс Мүнхенге келген учур, 17-февраль 2017-жыл.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс Мүнхенге келген учур, 17-февраль 2017-жыл.

Жекшембиде жыйынтыкталган Мүнхен коопсуздук конференциясында козголгон маселелер тууралуу иш-чарага катышкан эл аралык маселелер боюнча талдоочу, “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” редактору Стив Гуттерман маек курду.

Стив Гуттерман: Мүнхен конференциясында негизги көңүл АКШнын тышкы саясатына жана президент Дональд Трамптын бийлиги тушунда ал саясат кандай өзгөрөөрүнө бурулду. Европада жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө “мурдагы саясат уланабы, Трамп кандай тышкы саясатты карманат” деген тынчсыздануулар болуп келген. Андыктан бул жактагы лидерлер конференцияда бул багытта ынанымдуу маалымат алабыз деп турушкан.

АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү – вице-президент Майк Пенс конференцияга катышты. Ал ишемби күнү АКШ транс-атлантикалык өнөктүштүккө жана Европа менен алакага чоң маани берүүнү улантат деп айтып, Европаны, өзгөчө НАТОго мүчө өлкөлөрдү жоошутту. Пенс Орусияга карата да катуу позицияны карманып, орус тарап Украинадагы окуялар үчүн жооптуу бойдон кала берет деди. Менимче, бул - Трамптын салттуу өнөктөштөрүн “көп нерсе өзгөргөн жок” деп жоошутуу аракети болду.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс да, коргоо министри Жим Мэттис да НАТОго мүчө башка мамлекеттер да уюмга каржылык колдоо көрсөтүшү керектигин ачык айтышты. Европа лидерлери бир аз ынангандай болгону менен АКШнын болочоктогу саясаты боюнча суроолор кала берүүдө.

Вице-президент Майк Пенс жана немис канцлери Ангела Меркел.
Вице-президент Майк Пенс жана немис канцлери Ангела Меркел.

“Азаттык”: АКШнын жаңы администрациясынын соңку билдирүүсүнө Европа канчалык ынанганына кененирээк токтолгум келип жатат. Сиз дале болсо суроолор кала бергенин айтып жатасыз. Европа кайсы маселеде дале күмөн санап жатат?

Стив Гуттерман: Алар Европа Биримдигинин өзү жөнүндө ынанымдуу сөздөрдү уга алышкан жок. НАТО жөнүндө көп сөз болду. Пенс АКШ Европанын “улуу өнөктөшү” деп билдирди. Дональд Трамп Евробиримдикти сынга алып, Британиянын уюмдан чыгуу чечимин кубаттаган болчу. Европа лидерлери АКШдан Евробиримдик маанилүү экенин айгинелеген сөздөрдү уккусу келишкен.

Пенс менен Мэттис катуу билдирүү менен чыкса да айрым маселелерде деталдар айтылган жок. Орусия тууралуу маселе тагыраак болду. Бирок бир катар маселелер жалпы түрдө айтылды. Менимче, айрым лидерлер айтылган сөздөр иш жүзүндө эмнени билдирет деп ойлонуп турган чак.

“Азаттык”: Украина маселесине келсек, вице-президент Майк Пенс Орусияны сынга алып, орус-америка алакасы жакшырган күндө да Украинадагы жаңжал үчүн Орусия жооптуу болот деди. Мындай билдирүү украин бийлигинин санаасын канчалык басты?

Стив Гуттерман: Украинанын президенти Петро Порошенконун вице-президент Пенс менен жолуккандан кийинки сөзүн уктум. Ал АКШнын Украинаны бекем колдоорун айтканына канааттанганы байкалды. Пенс менен Мэттистин сөздөрү АКШ менен алаканы жакшыртабыз деген Трамптын буга чейинки билдирүүлөрүнөн айырмаланганын, позиция өзгөргөнүн көрсөтүп турат.

Алар дале болсо биз Орусия менен мамилени жакшыртабыз деп айтып жатышат. Бирок АКШ Орусиянын Крымды аннексиялаганын жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонун кечиреби деген суроо турат. Алар алаканы жакшыртуунун башка жолдорун табышы керек болот. Вице-президент Пенс “Трамп Орусия менен орток пикир табаарына ишенип турганын” баса белгиледи.

НАТОнун алкагында январь айынын соңунда Литвага келген немис күчтөрү.
НАТОнун алкагында январь айынын соңунда Литвага келген немис күчтөрү.

“Азаттык”: Кантсе да Мүнхен конференциясы АКШнын жаңы администрациясынын жогорку өкүлдөрү үчүн алгачкы эл аралык иш-чара болуп калды. АКШ тараптын конференциядагы билдирүүлөрү Орусия менен Американын алакасы болочокто кандай болоорунан кандайдыр бир маалымат бердиби?

Стив Гуттерман: Лавров баштаган бул жактагы орус делегациясы да бул маселеге кызыгып турушат. Пенстин сөзү АКШ менен Орусия алаканы жакшыртуу багытында алга жыла берерин ишара кылды. Бирок алар бул максатты кантип ишке ашыраары жана кандай орток пикирди табаары так айтылган жок. Кызматташчу бир тармак бар – бул терроризм жана экстремизмге каршы күрөш. Бирок АКШнын бул жактагы сөздөрүндө эки тарап алаканы кандай жол менен жакшыртат деген суроого так жооп болгон жок. Менимче, орус лилерлери да бул каякка баратат деп ойлонуп жатышат.

“Азаттык”: Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина боюнча Батыш өлкөлөрүн кинелерин четке кагып, НАТОнун кеңейишинин кесепетин эскертти. Мындай кайым айтышуу Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда канчадан бери уланып келатат. Орус тараптын конференциядагы билдирүүлөрү Орусиянын алаканы жакшыртууга канчалык дилгирлигин же дилгир эместигин көрсөттү?

Стив Гуттерман: Туура, Лавров мурдагы билдирүүлөрүн кайталады. Ошол эле учурда ал бир маселени кыскача айтып кетти. Ал НАТО менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташтыкты жандандыруу темасына токтолду. Лавров АКШ менен Орусиянын ортосундагы учурдагы начар мамиле “табигый эмес” деп айтты. Ошондой эле орус-америка кызматташтыгынын чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Менимче, Орусия АКШ менен мамиледе кызматташтык үчүн эшикти ачык кармоого аракет кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG