Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Биз кийген шымды алгач үч миң жыл мурда Кыргызстанга чектеш Тарим ойдуңунда жашаган көчмөндөр кийиптир. Ал эми шиш таканы 150 жыл мурда жалаң гана эркектер кийген. Канадада көзгө көрүнбөгөн кездеме баарын таң калтырды.

Көзгө көрүнбөгөн кездеме

Канаданын Hyperstealth компаниясы кадимки көзгө көрүнбөгөн кездемени чыгарды. Аны ойлоп тапкан Гай Крэмердин Quantum Stealth технологиясына көптөр ишене бербейт.

Бул кездеме тийген жарыкты сындырып, аны менен жабылган объектти жөнөкөй көз менен караганда көрүү мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, мындай кездемеден кийим кийген адам көзгө көрүнбөй калат. Ойлоп табуучу Крэмер өзүнүн кванттык кубулма технологиясынын жарыкты сындыруу касиетинен башка өзгөчөлүктөрүн жашыруун сактап келет. Кездемени жасоодо эч кандай күзгү, прожектор же энергия булактары колдонулбайт.

Кванттык кубулма кездеме аскерий операцияларда кеңири колдонулары күмөнсүз. Тажрыйба көрсөткөндөй, "сыйкырдуу" кездемеден кийим кийген адамдын кыймыл-аракетин эч ким көрө алган эмес. Кванттык кубулма матанын технологиясы дагы өнүгүп, аны менен аскерий техника жабдылышы мүмкүн. Бул тууралуу Hyperstealth компаниясы маалымдады.

Шымды биринчи Борбор Азияда кийишкен

Биз кийген кадимки шымды 3000 жыл мурда Борбор Азиядагы көчмөндөр кийишкен. Берлиндеги Германиянын археология институтунун окумуштууларынын мындай тыянагы 22-майда Quaternary International журналында жарык көрдү.

Археолог илимпоздор Улрике Бэк жана Майке Вагнер жүргүзгөн изилдөөдө Кыргызстанга чектеш Шинжаңдагы көчмөндөрдүн байыркы күмбөздөрү казылган. Климаттык шарттардан улам күмбөздөрдөгү сөөктөр, алар кийген кийимдер жана башка органикалык заттар жакшы сакталган. Тарыхый табылгалар чыккан Тарим ойдуңу батыш тарабынан азыркы Кыргызстандын Ак-Суу, Алай, Ат-Башы, Жети-Өгүз жана Кара-Кулжа райондору менен чектешет.

Тарим ойдуңунда 3300–3000 жыл мурда жашаган көчмөн калк эки бутту толук орогон, аласы кенен кийизден жасалган кийимдерди кийишкен. Тагыраак айтканда, алгачкы шымдар калың кийизден жасалып, ат мингенге ылайыкташып тигилген. Тарим дарыясынын боюнда жашаган уруулар мындай шымдарды атчан мал кайтарганда, аң уулап чыкканда жана чабуулдарга аттанганда кийишкен. Мурдагы гипотезаларга ылайык, шымды Борбор Азиядагы жылкы баккан көчмөндөр ойлоп табышкан.

Немис археологдору тапкан шымдын багалектери кенен, салыштырып айтканда, "Манастагы" жаргак өңдүү болгон. Ал эми Америкадагы Пенсильвания университетинин окумуштуусу Виктор Майр шым Тарим ойдуңунун батыш тарабындагы уруулардан калган деген теорияны ортого салды. Таримдин батышы азыркы Кыргызстан менен чектеш.

Шымга чейин көчмөн уруулардын эркектери аялдардын көйнөктөрү өңдүү шалбар менен кемсел кийишкен. Адам баласы атты мындан үч жарым, төрт миң жыл мурда мине баштаган.

Шиш таканы алгач эркектер кийген

Айымдар тыкылдатып кийип жүргөн бийик така бут кийимдерди алгач эркектер гана кийгенин көптөр билбесе керек. Шиш така бут кийимди адегенде саркечтик үчүн эмес, ат мингенде ыңгайлуу болгон үчүн кийишкен. Аялдар болсо шиш таканы 150 жыл мурда гана кийе башташкан. Бул тууралуу Торонтодогу Соня Бата атындагы бут кийим музейинин куратору Элизабет Семмельхак маалымдады.

Такалуу бут кийимди байыркы Персиянын атчан аскерлери IX кылымда ойлоп табышкан. Үзөңгүнү тээп туруп, жаа атканда бут тайып кетпеши үчүн байыркы перстер бут кийимге төрт сантиметр бийик така кадашкан. Ат үстүндө жаа атууда бийик таканын пайдасы тийип, перс аскерлери эң мыкты аткычтар деп таанылган. Дүйнөдөгү эң мыкты жана эң чоң атчан аскерлер армиясы XVI кылымда Персияда болгон.
Шиш така бут кийимдер, Донецк, Украина, 07.06.2012.

Шиш така бут кийимдер, Донецк, Украина, 07.06.2012.


Байыркы перс падышасы Шах Аббас I 1599-жылы Осмон империясын жеңүүгө жардам сурап Германия, Орусия жана Испанияга элчилерин жөнөтөт. Перстердин такалуу бут кийимдерин көргөн ак сөөк эркек европалыктар дароо эле такалуу бут кийимге көздөрү түшөт. Европанын эркек аристократтары такалуу бут кийим жигиттин боюн узартып, келбеттүү жана күч-кубаттуу көрсөтөт деп баалашкан. Илгерки такалар дайым кызыл түстө болгон.

Мисалы бою 163 сантиметр болгон Франциянын падышасы Луи XIV 10 сантиметр бийик такалуу бут кийимди түшүрбөй кийген. Бою эки метрге чамалуу англис падышасы Чарльз II дагы бийик такалуу бут кийимди жактырган.

1740-жылдан кийин гана эркектер бийик така менен басуу ыңгайсыз деп андан баш тартышкан. Элүү жылдан соң такалуу бут кийимдер аялдар үчүн ултарыла баштаган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG