Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Президентти ким шайлайт?


Бишкектеги Ак үй
Бишкектеги Ак үй

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүп, өлкөнү толук парламенттик башкарууга өткөрүү зарылдыгын айтып чыкты. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген шарты бар учурдагы Конституциянын өксүктөрү эмнеде?

Президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси чын эле бийликтин натыйжалуу иштешин камсыздоо максатын көздөйбү, же өз мураскоруна оңой орун даярдоо аракетиби? Эгер Конституцияга өзгөрүүлөр кирсе президентти ким шайлайт?

Президентти ким шайлайт? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:13 0:00

Алмазбек Атамбаев: Мына 2017-жылы президенттик шайлоо келатат. Элибиз адаттагыдай бал сөзгө, акчага алданып бир өтө “тың” президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, кыргыз элин кой катары көргөн президент келиши толук мүмкүн болуп турат. Парламенттик шайлоо канча акча керек экенин көрсөттү, президенттик шайлоого деле кедейлер кирише албайт. Ошондуктан президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүү керек. Шайлоого бир жарым жыл калды, бул бир жарым күндөй эле өтүп кетет.

Президентти ким шайлайт? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:25 0:00

Абдыманап Кутушев: Тарыхта биринчи жолу президенттик кызматта турган адам ыйгарым укуктар көп экенин, аны азайтуу керектигин айтып жатат. Мындай мурун эч мүмкүн эмес эле. Мындай кадамга барганы президенттин коркунучтарды көрүп турганынан кабар берет.

Адахан Мадумаров: Бардык эле президент келсе коркута берет. “Мен кетсем Кыргызстан болбой калат, күн чыкпай, ай батпай калат” дегендей. Баары өтө берет. Манас өлгөндөн кийин деле кыргыз өлгөн эмес. Кеп башкада. Президент шайлоодо сатып алуулар көп болду деп кооптонсо, анда эмнеге аларды Конституция боюнча жазага тартпадыңар?

Президентти ким шайлайт? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:53 0:00

Эдил Байсалов: Атамбаевди шайлаган эл Атамбаевдей эле, же андан жакшы президентти шайлап алат. Эл жаңылбайт. Мен бул жерден баягы эле эски президенттердин оорусун байкап жатам. Атамбаев эмки президенттикке ал каалаган талапкер өтпөй калаарына көзү жеткен үчүн Конститутцияны өзгөрткөнү жатат. Кандай формада болсо да менин эле бийлигим улана берсин деген эски оору кармады го дейм.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG