Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Cуннилер жашаган Сауд Арабия менен шииттер түзгөн Иран ортосундагы тирешүү жалпы регионго кандай таасир этет? Бул аймактагы кырдаалды, Жакынкы Чыгыштын саясий картасын өзгөртөбү?

Жакынкы Чыгышты жакшы билген эксперттердин баасында Иран менен Сауд Арабиянын тиреши миң жылдан ашуун уланган исламдын ичиндеги ажырымды кайра дагы күчөткөндөй болду. Сауд Арабиясы менен Иран мусулмандар арасындагы таасирин жана экономикалык кубаттуулугун арттыруу үчүн ислам дининдеги суннизм менен шиизм багыттарын курал катары колдонгонду өнөкөткө айландырып алган.

Өткөн аптада Эр-Риядда шииттердин диниятчысы Нимр ал-Нимрдин өлүм жазасына тартылышы тарыхы кылымдарга созулган диний ажырымдын жаңы эпизоду болуп калды.

Исламдын шиит агымын карманган Иранда буга нааразы болгондор 3-январда митингге чыгып, жаалданган топтун бир бөлүгү Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине бастырып киришкен. Элчилик имаратына таш ыргытып, өрт коюуга да үлгүрүшкөн. Бул окуядан соң Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алака-катышын токтотконун жарыялады.

Учурда дүйнөдөгү бир жарым миллиард мусулмандардын 10-15% шииттер түзүп, алар негизинен Перс булуңундагы өлкөлөрдө, Иран, Ирак, Бахрейн, Ливан, Катар, Кувейтте жашашат. Азербайжандагы көпчүлүк мусулмандар да шииттер. Ооганстанда шииттер өлкөнүн 15-20% түзөт. Нефтиге бай Сауд Арабияда да эки миллиондой шииттер жашап, алар өлкөдө азчылык деп эсептелет.

Жакынкы Чыгыштагы шиит мусулмандар (карта англис тилинде)

АКШда жашаган саясат таануучу, Кыргызстандын АКШ менен Канададагы мурдагы элчиси Бактыбек Абдрисаев Жакынкы Чыгыштагы сунни-шиит ажырымы кырдаалды кандай өзгөртөөрүнө токтолду.

- Негизи Жакынкы Чыгыштын картасы толук өзгөрөт. Тарыхка карасак, 1648-жылы Европада болгон окуялар азыр бул региондо жүрүүдө. Эң башкы нерсе бул сунни-шиит маселеси эмес, эң негизгиси Жакынкы Чыгышта дин жана диний институттар саясатка кийлигишпеси керек - муну региондо жашаган мусулмандар түшүнүшү абзел. Азыркы Европадагыдай диний институттар моралдык-этикалык нормаларды элдин арасына жайылтууда, адеп-ахлакты күчөтүүдө гана ролун ойношу керек. Бирок Европада азыркыдай секулярдуу моделге өтөөрдөн мурун 30 жыл бою католиктер менен протестанттар согушуп, бири-бирин кырганын биз тарыхтан жакшы билебиз.

Сирия менен Иракта согуш жүрүп атат. Куралдуу жаңжал азыр басылбайт, дагы бир топ кан төгүлөт, качкындар көбөйөт. Жогорудагы европалыктар баштарынан өткөргөн нерсе бул жерде деле кайталанат. Жакынкы Чыгышты алсак, көпчүлүк өлкөлөр колониалдык башкаруунун алдында формалдуу түзүлгөн. Көбүнчөсү Британия менен Франция өздөрү кандай көрсө, ошондой уюштурулган мамлекеттик моделдер болчу. Мындай башкаруу формасы жасалма болуп, ошол элдин салт-санаасына, жергиликтүү элдин менталитетине ылайык эмес, Лондон менен Париждин кызыкчылыгына жараша түзүлүп калган.

Маселен, Иракта бири-бири менен такай кармашып турган үч элди кошуп туруп, бир өлкө түзүшкөн. Мындай учурда эмне кылуу керек? Бул регионду жакшы билген эксперттердин көз карашы бирдей эле – Иракты үчкө бөлүп, ар бир элге өзүнчө мүмкүнчүлүк берүү керек. Ошол жерде жашаган эл өз тагдырын өзү чечүүсү керек. Эң башкысы акчалуу, таасирдүү өлкөлөрдүн сырттан кийлигишүүсү болбосо, Жакынкы Чыгыштагы эл өз тагдырын өзү аныктоого мүмкүнчүлүк бар.

Диний жана саясий ажырым

Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы тирешүү ислам дүйнөсүнүн ичинде тамыр алган эң ири диний-идеологиялык жана цивилизациялык айырмачылыктын туундусу. Учурда аймакта таасир талашуу менен үстөмдүк абалды ээлөөнү эңсеген геосаясий жана геоэкономикалык карама-каршылыктардан улам чыгууда. Адатта бул карама-каршылыктар курчуган шартта шарият менен башкарууга үйрөнгөн эки өлкөнүн ортосунда диний ажырым менен цивилизациялык айырмачылык алдыга чыгууда. Байыркы перс жана араб цивилизацияларындагы айырмачылыктар жана улуттук кулк мүнөздө калыптанган диний жана саясий ажырым бул эки өлкөнү кайсы бир доордо башталган чатакка чекит коюуга мүмкүнчүлүк бербей келе жатат. Мындай пикирин, тарых илимдеринин доктору, профессор Анвар Мокеев айтып берди:

Анвар Мокеев: Бул чатак бир кыйла убакытка чейин ырбайт. Бул маселе жеке эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы эле көйгөй эмес, бул бүтүн дүйнөдөгү мусулмандар арасында ажырым алып келчү жагдайга айланчудай өңдөнүп калды. Анткени, мына ошол Жакынкы Чыгыштагы каршылык акцияларынан кийин жакында эле Пакистанда шииттердин демонстрациясы болду. Алтургай бул окуялардын жаңырыгы Индонезияга чейин жетип отурат. Мына, ошондуктан, бул абдан татаал жана кооптуу маселе деп айтаар элем.

Иран Орусия сыяктуу эле Башар Асаддын бийликте калышына кызыкдар. Анткени Сирияда Башар Асаддын режими кулай турган болсо, Иран менен Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыгына доо кетет. Мына ошондуктан бул эки өлкө тең Башар Асаддын режимин акыр аягына чейин коргогонго аракет кылышат. Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган күндө да жыйынтык бербей турганы айдан-ачык болуп калды.

Башар Асадды колдогон Иран менен аркы көтөрүлүшчүлөрдү колдогон Сауд Аарабиясы жакын арада тил табыша албайт. Кайра, тескерисинче, бул ажырым кеңейип отуруп, өтө чоң жаатташууга жана каршылашууга алып келиши мүмкүн.

Соңку жылдары Жакынкы Чыгыш чоң өзгөрүүлөрдүн ордосуна айланганына баарыбыз күбө болуудабыз. “Араб жазы” деп аталган төңкөрүштөр он жылдап бийликте турган диктатуралык режимдерди талкалап, ошол эле маалда ар кыл улуттан, диний конфессиялардан курактай куралган аймактагы кырдаалды курчутту. Кара майга бай регионго таасирин күчөтүүнү көздөгөн чоң оюнчулардын да өз ара аттандашуусун жаратты. Маселен, шииттер башкарган Ирандагы саясий режим Сириянын президенти Башар ал-Асадды колдосо, Сауд Арабиянын сунни жетекчилиги, тескерисинче, Асадга каршы согушуп жаткан козголоңчуларга жан тартат.

“Ислам мамлекети” деп өзүн атап алган экстремисттик топ Ирак менен Сирияда согуш алааматын күчөтүп, Жакынкы Чыгышта гана эмес Борбор Азияга, алтургай Европага чейин коркунуч жаратууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG