Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Ахмединежаддын "чала тартылган" президенттик бейнеси


Президент Ахмединежад хижапчан аялдардын ортосунда.

Президент Ахмединежад хижапчан аялдардын ортосунда.

4-августта 57 жаштагы Махмуд Ахмединежад Ирандын президенттигинен расмий түрдө кетет.

Иранды сегиз жыл башкарган саясатчы маалымат технологиясы, нанотехнология, аэрокосмостук өндүрүш жана ядролук физика боюнча адистерди даярдоочу университет ачканы жатат. Ал мамлекет башчы катары өз мекендештеринин жана эл аралык коомчулуктун эсинде калчу эмне иштерди жасады?

Махмуд Ахмединежад 2005-жылы 3-августта президенттик кызматка ырасмий түрдө киришкен. 2009-жылы 12-июнда кайра шайланган. 80 миллион чукул элдүү өлкөнү эки мөөнөт жетектеген саясатчыны көпчүлүк серепчилер чуулгандуу инсан катары билишет. Батыш дүйнөсүө анын Израилге карата айткан агрессивдүү сөздөрү, Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы жөөттөрдү кырууну - Холокосту танганын али жадынан чыгара элек.

Шашанк Жоши Лондондогу Royal United Services институтунун талдоочусу:

- Ахмединежаддын эң чоң жетишкендиги эмне? - деген суроого: “Эгер Ахмединежаддын өзүнөн сиз эмне мурас калтырдыңыз, эң чоң жетишкендигиңиз эмне", - деп сурагыңыз келсе, ага кызматтан кетеринен бир апта мурда алдагыдай суроо берилгенде, ал кызыктуу жооп берди. “Баарынан да Холокосту ийгиликтүү танганым эч унутулбайт”, - деди ал.

Жошинин сөзүнө караганда, Ахмединежад дүйнөлүк аренада тарыхый окуялар боюнча калыптанган көз карашты жокко чыгарып, өз версиясын “меники туура” деп айткан сыңары эле Ирандын өзүндө да ушундай эле өз пикирин сомолоп ура берет:

- Анын үнү эл аралык жана ички аренада чогоол, какаардуу, өрөскөөл чыкчу. Биз Ахмединежаддын майдачыл, чорт мүнөз, кыжыры тез адам экенин көрсөткөн бир нече окуяга күбө болдук. Парламент менен кайра-кайра чырлашканда жана Ирандын руханий адыйы менен каршылашканда өзүн ушундай алып жүрдү.

Ахмединежад көбүн эсе парламент менен экономикалык саясат боюнча кыжылдашкан. Ал оболу президенттикке шайланар алдында мунайдан түшкөн киреше жалпы журтка тегиз бөлүнөт деген убадасында туруп, калктын жарды катмарына акча бөлүштүргөн. Мунусу үчүн парламентте жумуш орундарын түзүп, экономиканы оңдобойт деп көп сындалган.

Бул жөнүндө Вашингтондогу Жорж Вашингтон университетинин профессору Хусейн Аскари өз байкоосун ортого салды:

- Ал мунайдан түшкөн кирешени бей-бечараларга берди. Бирок бул аз акча. Ал кыштак жерине барганда, адамдар: "Бизге тиги керек, бизге бул керек” десе, анын баарын төлөйт. Албетте, өкмөт системасыз иштейт. Мындай каржылоо жакшыбы-жаманбы, айтор анын саясый колдоочуларын көбөйтөт.

Жаңы шайланган президент Хасан Рухани акыркы төрт жылда университетти аяктаган 4, 5 млн. улан-кыз жумушсуз жүргөнүнө, инфляция өкмөт айткандай 32 процент эмес, 42 процент экенине жакында көңүл бурду.

Профессор Аскари Ахмединежаддын экономикалык теорияны начар түшүнгөндүктөн кесипкөй-кеңешчилеринин сөзүнө таназар бербегенин айтат:

- Мырза Ахмединежад инфляция жогорулап кеткенде борбордук банктын жетекчилерин кызматтан алды. Ал экономикага көп-көп акча салганды, бирок инфляцияны азайтканды каалады. Андай мүмкүн эмес. Себеби сиз бири-бирине коошпогон эки башка нерсени жасап жатасыз. Эгер мен экономикага улам көп акча салсам, инфляцияга тутурук таштайм, эгер инфляцияга от жаксам, банктын проценттик төлөмдөрү өсөт.

2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин добуштар бурмалаганына нааразы болгон реформачыл Жашылдар кыймылынын миңдеген тарапкерлери көчө жүрүшкө чыкканда ур-токмокко алынып, абакка салынган. Ал эми лидерлери үй камагына алынган. Мындан башка да Тегерандын талаштуу ядролук программасы Иран-Батыш мамилесин осолдотту. Ушундан келип, азыркы шайлоо өнөктүгү кезде Рухани жана аны колдогон реформачылар Ахмединежадды экстремист деп байма-бай сындап жатышты.

Бул лакап ат анын эл аралык бейнесине “камырдагы кылдай” жабышты. Эми Ахмединежад саясаттан биротоло кетип, менчик университетти жетектей баштагандан кийин анын бейнесине жаңы боёктор кошулат.
XS
SM
MD
LG