Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Орусия Иран авиабазасын колдонууну токтотту


"Хамадандагы" орус учактары.
"Хамадандагы" орус учактары.

Орус авиациясы мындан ары Ирандагы "Хамадан" авиабазасын колдонбойт. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахрам Касими дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында билдирди.

22-августтагы маалымат жыйында Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гасеми Орусия аскердик базаны убактылуу пайдаланып келгенин ачыкка чыгарды.

Дипломат кошумчалагандай, Орусиянын чабуулдары Ирандын уруксаты менен жүргүзүлгөн жана Тегеран муну түшүнүү менен кабыл алат.

Мурдараак орус расмийлери Ирандын "Хамадан" аба базасын колдонуп Сириядагы террорчуларга сокку урганын кабарлаган. Орус тараптын мындай ашкере ачыктыгын Ирандын коргоо министри Хоссейин Дехкан жактырган эмес. Ал орус аскер жетекчилигинин бул кадамын “мактанчаактык жана жигитчиликке жатпаган” жосун катары баалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 16-августта узак радиустагы Ту-22М3 бомба таштоочу жана Су-34 согуш учактары Ирандын "Хамадан" аба майданынан учуп чыгып, сокку урганын маалымдаган эле.

Бирок Иран парламентинин депутаты, улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Хосейн Нагави Хоссейни Орусиянын бул кадамын колдоп чыкты:

- Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен чындап күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Иран болсо радикалдар боюнча өз саясатын эч өзгөрткөн эмес. Мына ошол максатта Иран менен Орусия кызматташууда. Бул да кызматташуунун бир бөлүгү.

Мындан мурда Сириядагы аскерий операцияга катышкан учактар Орусиянын аймагынан, ал эми фронттук учактар Сириядагы "Хмейим" авиа базасынан учуп жаткан.

Мындай жол менен Сириядагы операция үчүн Орусия алгач ирет Ирандын аба майданын пайдаланды. Негизи эле орус тарап Экинчи Дүйнөлүк согуштан соң Ирандын аэродромун колдонгон биринчи өлкө болуп калды.

Бул кадамды АКШ бийлиги жана бир катар Иран депутаттары кескин сындап чыгышты. Алар өлкө Баш мыйзамы бузулду деп эсептешет. Анткени Баш мыйзамда “Ирандын аймагында, тынчтык максатында болсо да чет элдик аскерий базанын жайгашуусуна” тыюу салат.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонер Орусиядан мындай кадамды күтсө болмок деп билдирген:

- Бул өкүнүчтүү, бирок күтүүсүз же таңкалычтуу нерсе эмес. Орусия аба соккуларды Ирандын көмөгү менен ишке ашырууда. Алар бир гана “Ислам мамлекети” жана “ал-Нусра” сыяктуу экстремисттик уюмдарга каршы сокку уруп жатабыз дешет, бирок өзүбүз такай байкагандай соккулар байистүү Сирия оппозициялык күчтөрүнө каршы да жүргүзүлүүдө.

Мамдепартаменттин маалымат катчысы Марк Тонер
Мамдепартаменттин маалымат катчысы Марк Тонер

Ирандын Коргоо министрлиги эки тарап эч кандай келишимге кол койбогонун жана убактылуу колдонуп жатканын билдирүүдө. Андагы маалыматка ылайык, аба базаны Орусия учактарына күйүүчү май куюу үчүн гана пайдаланып жатат.

Сирия кризиси боюнча Москва менен Тегерандын позициясы бирдей. Алар Сирия президенти Башар Асадды колдоп келет.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков Ирандын базасын колдонгон орус авиациясы бардык алдына коюлган максатты аткарганын билдирген. Конашенковдун маалыматы боюнча, мындан ары "Хамаданды" операция үчүн колдонуп же колдонбоо маселеси Сириядагы кырдаалга көз каранды.

Орусиянын Коргоо министрлиги абадан урулган сокку уруу менен үч лагерди жок кылганын маалымдашты.

Орусия Сириядагы аскерий операциясын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган. Ушул жылдын март айында Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы аскерлердин басымдуу бөлүгүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

XS
SM
MD
LG