Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

“Референдумга – жок” кыймылы кол топтоону баштады


Эмдиги аптадан тарта жер-жерлерден кол топтоо башталат.
Эмдиги аптадан тарта жер-жерлерден кол топтоо башталат.

Кыймылдын мүчөсү Адил Турдукуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, азырынча кол топтоо “Берекет” соода борборундагы кыймылдын башкы штабында жүрүүдө. Кийинки апталардан бул иш аймактарда улантылат.

Кол топтоо “Референдумга каршы” жана “Парламентти таратуу үчүн” кыймылдарынын аракети менен ишке ашырылат. Демилгечилер тараткан билдирүүдө азыркы Жогорку Кеңеш коомчулуктун пикири менен эсептешпей, мыйзамга жана регламентке каршы чечимдерди кабыл алып жатат деп белгиленген. Анда ошондой эле мамлекет башчы ооруп башка өлкөдө жатса да, кол алдындагы кишилер аркылуу саясий жараянды башкарып жатканы парламент президенттик аппараттан канчалык деңгээлде көз каранды экендигин ачыкка чыгарды деп айтылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG