Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Иранда ислам ыңкылабынын "атасын" эскерип жатышат


Рухолла Хомейнини эскерүү чаралары 10 күнгө созулат, 1-февраль, 2010

Рухолла Хомейнини эскерүү чаралары 10 күнгө созулат, 1-февраль, 2010

Иранда мурдагы Аятолла Рухолла Хомейнинин Парижден сүргүндөн келгенинин 31-жылдыгын белгилеп жатышат. Анын Иранга кайтышы 1979-жылкы ислам революциясына алып келген. Ирандын азыркы президенти Махмуд Ахмединежад буга чейинки аятолланы эскерүү чараларын 10 күн бою өткөрүүгө буйрук берди. Ахмединежаддын режими азыр 31 жыл мурдагы ыңкылаптан берки эң оор саясий кризиске кептелип турат.

Президент Махмуд Ахмединежад Аятолла Рухолла Хомейнинин сүргүндөн кайтышынын 31-жылдыгын белгилөө учурунда Иран Ислам республикасы дүйнөдө көптөгөн мамлекеттерди “шыктандырды” деп билдирди.

Хамейнинин мекенине кайтышы, Ахмединежаддын ишениминде, “жаңы доордун башталганын” айгиниледи, “дүйнөдөгү империализмдин токтотулушуна, адамгерчиликке карата жаңы үмүттүн жаралышына алып келди”.

Тегеранда бийликтер алдыдагы 10 күнгө ири окуяларды пландап жатышат. Ислам революциясынын 31-жылдыгына арналган окуялар 11-февралда өкмөттү колдогон үлкөн демонстрация менен аякташы күтүлүүдө.

Бирок Ислам революциясынан бери алгачкы ирет Иран азыр оор саясий кризисте турат. Өткөн жылы июнда президенттик шайлоодо буга чейинки президент Махмуд Ахмединежад мамлекет башчылыгына кайра келгенден бери нааразылык акциялары токтобой келатат. 11-февраль күнү оппозиция да көчөгө чыга турганын айтты.

Ахмединежад болсо анын режими кризисте экенин четке кагып келет. Дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө ал азыр Ирандагы система буга чейин толбогон күчүнө толуп, эл болсо өз максатына жетүүдө буга чейин жетпеген ишенимине жетти, деди.

"Ыңкылап күнүн белгилөөдө 11-февралда Ирандын улуу эли адамзатка каршы чыккан мыкаачылардан көңүлү калганын билдирет деп үмүттөнөм, - деп айтты президент. - Бул күнү алар душмандарга каршы экендигин көрсөтөт, адамзат алдында келечекке карата үмүтүн аныктайт деп ишенем".

Саясий туруктуулук жөнүндө Ахмединежаддын билдирүүлөрүн четке каккан таризде жергиликтүү бийликтер оппозициянын колдоочуларын коркутуп, сынчыл пикирди басууга аракетин токтотпой келатышат.

Өткөн дем алыш күндөрү декабрда кармалган 16 адам соттолду. Аларды былтыр июндагы шайлоодон кийинки тополоң үчүн айыпташты. Беш адамды “Аллага каршы чыкты” деп күнөөлөштү.

Аларды декабардын 27синде шийи мусулмандарынын ыйык делген “Ашура” майрамында кармашкан. Ошондогу чатакта сегиз адам набыт болгон эле.

Ирандагы мамлекеттик “Фарс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, ал майрамда 150дөй киши кармалган. Андан бери оппозицияны колдогон 450дөй адам камакка алынды.

Өткөн аптада болсо бийлик “Аллага каршы чыкты” деген айып менен эки кишини дарга асты. Алар былтыр шайлоого чейин эле кармалышкан экен, бирок шайлоодон кийинки тополоң үчүн айыпталышты.

Азыр эми Ирандагы коопсуздук күчтөрү 11-февралда бийликке каршы демонстрацияга чыгышы мүмкүн делгендерди издөөнү улантышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG