Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Иран Ормуз кысыгындагы кемени бошотту


Контейнер ташуучу Maersk Line кемеси Окленд портун көздөй баратат. Калифорния. 6-февраль, 2015-жыл

Контейнер ташуучу Maersk Line кемеси Окленд портун көздөй баратат. Калифорния. 6-февраль, 2015-жыл

Иран бийликтери жүк ташуучу Maersk Tigris кемесин жана 24 адамдан турган экипажын бошотту. Маршалл аралдарынын туусу астында жүргөн кеме апрелдин аягында Ормуз кысыгында сүзүп баратканда камакка алынган.

Кемени камакка алууга ирандык жеке менчик фирмага Даниянын Maersk компаниясы 10 жылдан бери төлөбөй жүргөн карыз негиз болгон. Maersk жүк салынган контейнерлерди ташуучу дүйнөдөгү эң чоң компаниялардын бири.

Жүк тартуучу Maersk Tigris кемесин Ирандын деңиз чек арачылардын күзөт кайыктары 28-апрелде Ормуз кысыгында абага эскертүүчү ок атып жатып, бараткан багытынан кайтарган. Андан төрт күн мурда Ирандын деңиз күчтөрүнүн кемелери АКШнын желеги астындагы Maersk Kensington кемеси кысыктан өткөнчө көлөкөдөй ээрчип жүргөн.

Ушул окуялардан улам Вашингтон абалды көзөмөлдөө, америкалык соода кемелерин күзөтүү үчүн стратегиялык деңиз жолуна аскердик кемелерин жиберген. Бул жөнүндө АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жэфф Ратке 28-апрелде жарыялаган:

- Биздин деңиз күчтөрүбүз Maersk Tigris кемеси менен болгон жагдайга көз салып турат. Биз кеме компаниясынын өкүлдөрү менен такай байланыштабыз жана мониторинг жүргүзүүдөбүз. Кемеде америкалык жарандар барбы деген суроо туулганын, бирок кемелерди тейлечү операторлордон келген маалымат - Америка букаралары кемеде жок деп айтылганын кошумчалай кетейин. Бул маалыматты тактап жатабыз.

Даниянын Maersk компаниясына таандык кеме ошондон бери Ирандын Бендер-Бахонар портунда кармалып жаткан.

Ирандын деңиз күчтөрүнүн командирлеринин бири, адмирал Хабибулла Саяри Ормуз кысыгындагы аскердик маневр учурунда. 1-январь 2012

Ирандын деңиз күчтөрүнүн командирлеринин бири, адмирал Хабибулла Саяри Ормуз кысыгындагы аскердик маневр учурунда. 1-январь 2012

Maersk компаниясы мурда маалымдаганга караганда, ирандык фирмага 2005-жылы албай калган 10 контейнер жүгү үчүн - Иран соту февралда чыгарган өкүмгө ылайык - 163 миң доллар төлөгөн. Бирок ирандык фирма ал суммага топук кылбай, доо арыз менен сотко кайрылса, апелляциялык сот даниялык компанияны 3,6 млн. доллар айып төлөөгө милдеттендирет. Бул тууралуу Maersk кемеси камакка алынгандан кийин гана билет.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 29-апрелде Нью-Йоркто “Жаңы Америка” фондунда сүйлөп, бул таза юридикалык маселе экенин жана соттук териштирүүлөр аяктар замат Maersk кемеси бошотуларын айткан: "Бул юридикалык иш болгондуктан юридикалык жараян сакталуусу керек. Бул коопсуздукка жана саясатка тийиштүү иш эмес.”

6-май күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марзия Афхам менчик компаниялардын Maersk кемесине байланыштуу талашы жөнгө салынганга жакын калганын билдирген. Андан бир күн илгери АКШнын деңиз күчтөрүнүн кемелери америкалык соода кемелерин коштоону токтоткон болчу.

Maersk даниялык компанияга караганы менен Маршалл аралдарында катталгандыктан Маршалл аралдары Республикасынын желеги астында жүрөт. Кеме чатагы Йемендеги жарандык согуштан улам региондогу элдешкис саясий атаандаштар Иран жана Сауд Арабиясынын өз ара мамилеси курчуп турган кезде болду. Андыктан окуяга масс-медиа жана талдоочулар кылдат көз салып турушту.

Иран 2011-жылы ядролук программасына байланыштуу киргизилген эл аралык санкцияларга жооп ирети "Ормуз кысыгын бууп салам" деп коркуткан. АКШ ошондо маанилүү эл аралык деңиз жолун тостурбоо үчүн чечкиндүү чара көрүлөрүн эскерткен.

Узундугу 154 чакырымдык Ормуз кысыгы Оман жана Перс булуңдарын туташтырат. Анын түндүк жээги Иранга, түштүк жээги Бириккен Араб Эмирлиги менен Оманга таандык.

2012-жылы бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20% жакыны жана деңиз менен экспорттолгон кара майдын 35% ташылган.

XS
SM
MD
LG