Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Иранда митинг таркатылды


Вашингтон иран бийликтерин элдин эркин жыйналууга укугун бузуп жатышканы үчүн тынчсыздануусун билдирди
Вашингтон иран бийликтерин элдин эркин жыйналууга укугун бузуп жатышканы үчүн тынчсыздануусун билдирди

Иранда дүйшөмбүдөгү демонстрацияны полиция күч менен таркатты. Студенттердин күнүндө оппозиция дагы бир ирет азыркы президент Махмуд Ахмединежадга нааразылык билдирүү үчүн өлкөнүн бир топ шаарларында митинг-пикеттерди өткөргөн.

Дүйшөмбүдөгү демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн полиция көздөн жаш чыгарчу газ колдонду, адамдарды таяк менен урду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ошол окуяга күбө болгондор билдиришти.

“Азаттыктын” иран редакциясынын кабарлашына караганда, өлкө боюнча бир топ шаарларда адамдар өкмөткө каршылык билдирген ураандары менен көчөгө чыгышы Иранда реформаны талап кылган кыймыл дале күчтүү экенинен кабар берет.

Дүйшөмбүдөгү окуяны чагылдырууга Батыштын маалымат каражаттарына тыйуу салынган эле. Ошондуктан полиция менен кагылышуу болгону тууралуу азырынча ачык далил жок. Бирок “Азаттыктын” иран редакциясы полиция менен кагылышуу бир эле баш калаа Тегеранда эмес, Машхад, Эсфехан, Керман, Шираз жана Керманшах шаарларында да болгонун ырастай алды.

Ал эми Арак, Табриз, Шахре Корд жана Хамедандагы университеттерде да митинг болгону айтылып жатканы менен, тастыктала элек.

Полиция Тегеран университетин курчап, ал жакка демонстранттар кирбеши үчүн жолду тосту. Күбөлөрдүн бири окуяны минтип сүрөттөп берди. “Студенттер Тегеран университетинде оппозициянын лидери Мир Хусейн Мусавини колдоп, анын атын чакырып жатышат, - деп айтты телефон аркылуу. - Университеттин мечити тарабында болсо өкмөтчүл студенттер жолдун берки жагындагыларга каяша сөз айтып, Ирандын желегин булгалап жатышканын көрүп турам. Студенттер азыр университетке алып келчү негизги жолго чыгышты. Университеттен сыртта жүргөндөр Ыңкылап аянтына чогулушкан. Полиция да ошол жакка жөнөдү. Айланадагы көчөлөрдү полиция курчап алган. Коопсуздук күчтөрүнүн адамдары көчөгө чыккандарды видеого тартып жүрүшөт”.

Мына ушул эле күбө полиция менен студенттер Тегеран университине жакын жерде кагылыша кетишкенин, көздөн жаш чыгарчу газ колдонулуп жатканын да айтты.

Мындай кагылышуу башка жерлерде да орун алганын ал окуяларга күбө болгон башка бир аял айтты.

“Адамдар бир жерге чогулушуна полиция жол бербей жатат. Өкмөтчүл жаштар полиция менен бирге Вали Аср аянтындагы демонстранттарга кол салышууда. Азыр мен Амир Кабир университетинин эшигинин оозунда турам. Адамдар дарбазаны ачып, кампуска карай сүрүлүп кире башташты”, - деп айтты ал.

Каршылык көрсөтүүнүн акыркысы жекшемби күнү эле башталган. Тынбай жааган жамгымга карабай, адамдар тамдарынын башына чыгып алып, “Аллаху Акбар”, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырып атышкан эле. Мындай окуя июндагы президенттик шайлоодон кийин, азыркы президент Махмуд Ахмединежад кайра мамлекет башчы болуп шайланганда да, орун алганы бар.

Бул жолку демонстрацияны полиция кууп, таркатканына Вашингтон тынчсыздануу билдирди. Мамлекеттик депараменттин расмий өкүлү Ян Келли: “Биз Иранда адамдар өздөрүнүн эркин билдиргиси келгенде чыккан мындай окуяларды уккан сайын көңүлүбүз чөгөт”, - деп айтты. “Иран өзүнүн элине каршы жасап жаткан мындай мамилеси бизди кыжаалатка салат. Расмий Тегеран дайыма эле эларалык коомчулукту “акыйкатсыз мамилеси үчүн” айыптайт. Бирок Иран, эң оболу, өз үйүндө акыйкаттыкты далилдесин”, - деп айтты Келли.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG