Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Иран: алтоонун кимиси жеңет?


Хасан Руханинин Тегерандагы шайлоо митинги. 12-июнь, 2013-жыл.

Хасан Руханинин Тегерандагы шайлоо митинги. 12-июнь, 2013-жыл.

Иранда эртең президенттик шайлоо өтөт. Кечээ үгүт өнөктүгү аяктады. Добуш берүүнүн жуп алдында күн тартибине чыккан маселе - калың эл кимди колдойт? Эскичилдердин талапкеринби, же реформачылардыбы?

Иранда бул ирет президенттик шайлоого катышуу укугун сегиз гана талапкер алган. Өлкөдөгү бийликтин эң жогорку органы катары саналган Сакчылар кеңеши аларды шайлоого катышуу ниетин билдирген 700 адамдын ичинен иргеген эле.

Талапкерлердин экөө жарыштан марага жетпей эле чыккандыктан, шайлоочулар эми алтоосунун бирин тандашы керек. Алардын бешөө консерватор же ашынган консерватор, бирөө байистүү саясатчы катары таанымал.

Буга чейинки шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинежад реформачылардын талапкерин жеңип, бирок өнөктүктүн арты ири жана узакка созулган нааразылык акциялар менен коштолгон.

Эскичилдер лагеринин жарышка түшкөн беш талапкери арасынан айрым байкоочулар Ирандын жогорку жетекчилигинин тандоосу катары Саид Жалилини атап жатышат.

Саид Жалили.

Саид Жалили.

47 жаштагы Жалили өлкөнүн тышкы саясатындагы эң сезимтал багытты - өзөктүк программаны жетектейт. Талдоочулар мына ушул нерседен Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Жалилиге өзгөчө ишеним артканынын белгисин көрүшөт.

Малазияда жашаган ирандык журналист Пуян Фахрайдын баамында, Ирандын истэблишменти колдогон талапкер адатта чоң артыкчылыкка ээ болот, бирок мындай кеп-сөздөр атайлап да таратылат:

- Шайлоодо Хаменеи колдоочу талапкерге арналуучу добуштар чынында эле көп. "Жалили ошол адам" деген ой-пикир жакын адамдар тарабынан жайылтылып жатат. Ирандын истэблишментин колдогондорду Жалили Хаменеинин талапкери дегенге ишендирип, добуш алуу - алардын кызыкчылыгындагы иш.

Бирок күтүлгөндөй эле жогорку лидер кайсыл талапкерди колдоорун ачык айткан жок. Үгүт өнөктүгү аяктаган шаршемби күнкү сөзүндө аятолла Хаменеи ирандыктардын баарын, анын ичинде ислам революциясына каршыларды да шайлоого келүүгө чакырды. Хаменеинин пикиринде, шайлоого элдин арбын катышуусу Иранга карата кысымды азайтат.

Европада жашаган ирандык саясий активист Ферейдун Ахмади “Азаттыктын” перси кызматы - “Фарда” радиосу менен маегинде калың эл жолбашчы тандады дегенде башкага добуш бериши мүмкүндүгүн айтат:

- Истэблишменттен нускоо алган күчтөр ким экенине карабай туруп, алар Хаменеинин каалаганы деп ойлогон талапкерге добуш беришет. Бирок калың элге келгенде айырмачылык болот. Алар мунун тескерисин жасашат.

Оппозициянын же реформачылардын талапкери катары бул шайлоодо Хасан Рухани аталууда. 64 жаштагы байистүү саясатчы реформачылардын өкүлү Мохаммед Реза Ареф жарыштан чыккандан кийин алардын жалгыз талапкери болуп калды.

Хассан Роухани.

Хассан Роухани.

Ирандан түшкөн кабарларда айтылгандай, Мохаммед Реза Арефти жарыштан чыгуусун реформачыл кыймылдын лидери, мурдагы президент Мохаммад Хатами суранган. Максат реформачыларды Руханинин айланасына бириктирүү. Рухани Хатами президенттик кылган кезде өлкөнүн өзөктүк маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген.

Рухани шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө айткандай, эгер ал президенттикке шайланса, саясий айыпкерлердин баарын бошотот. Анын бул сөздөрү 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин нааразылык билдирген “Жашыл кыймылдын” жактоочуларына багытталгансыды. Анткени 2009-2010-жылкы толкундоолор учурунда миңдеген киши камакка алынган жана алардын көбү али абакта кала берүүдө.

Айрым аналитиктер эгер шайлоо салыштырмалуу адилет өтүп, консерваторлордун беш талапкери өз жактоочуларынын добушун бөлүп кетсе, мурдагы президенттердин дагы бири - Али Акбар Хашеми Рафсанжани да колдогон Роуханинин экинчи айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар деп боолгошот.

Бирок Иран боюнча израилдик иликтөөчү Меир Жавинданфар реформачылар ийгилик жарата аларына ишенбейт:

- Менимче Рухани мырзанын шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгү абдан эле аз. Жеңиш үчүн ал Ирандын бүгүнкү саясатына чечүүчү роль ойногон Ислам революциясынын Сакчылар корпусунун колдоосуна муктаж. Мен алар Рухани мырзаны колдогонун байкаган жокмун.

Мохаммад Бакир Калибаф.

Мохаммад Бакир Калибаф.

Соңку эки күндө Ирандын өзүнөн коомдук пикирди сурамжылоо боюнча “Мехр” борбору жана АКШда жайгашкан социологиялык борбор (Information and Public Opinion Solution) телефон аркылуу жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, экинчи айлампага Тегерандын азыркы мэри, мурда Ислам революциясынын Сакчылар корпусуна командачылык кылган Мохаммед Бакир Халибаф менен реформачылардын үмүтү Хасан Рухани чыкчудай.

Мындан мурдараак, шейшембиде жыйынтыгын Ирандын жарым расмий “Фарс” жаңылыктар агенттиги жарыялаган сурамжылоо экинчи айлампага Тегерандын мэри Мохаммед Бакир Халибаф менен өзөктүк программа боюнча башкы сүйлөшүүчү Саид Жалили чыгарын ишара кылган эле. Ирандагы шайлоо эртең, 14-июнда өтөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG