Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Иран өкмөтү рекордду тааныбай жатат


Ирандык сууда сүзүүчү Илхам Асхари(ЮТюбдагы клиптен алынды)
Ирандык сууда сүзүүчү Илхам Асхари(ЮТюбдагы клиптен алынды)

Каспий деңизинде 20 чакырымга сүзгөн ирандык аял – ал койгон улуттук рекордду өз өкмөтү тааныбаганга нааразы.

Илхам Асхари айымдын айтышынча, ал тулку боюн жана башын жапкан чадор кийип сүзгөн. Ага карабай, бийлик Асхари айымга сууда сүзгөндө кийген кийимиң исламдын салтына туура келбейт деп күнөө койгон. Кайбар аял маалымат каражаттарына интервью берип, өз рекордун каттатуунун аракетин кылууда.

Илхам Асхари 11-июнда Каспий деңизинде 20 чакырымга сүзгөндө дене боюн жапкан кара чадор кийген. Чачы көрүнүп калбас үчүн башына суучулдардыкындай желим топу кийип, анын сыртынан жоолук менен бекем бууп алган. Ал сүзүп баратканда, кайыкчан аялдар коштоп жүргөн.

Буга чейин ирандык аялдардан эч ким 20 чакырымды багындыра элек болчу. Ошондуктан 32 жаштагы айым улуттук рекорд койдум деген ишенимде. Иран өкмөтү антип санабайт жана "сүзгөндө кийген кийимиң исламдын талабына жооп бербейт" деп, кайра өзүн жемелеген.

Илхам Асхари бийликтен чочуп, “Азаттык” радиосуна интервью берген жок. Бирок YouTube сайтына койгон видеосунда:

- Ал күнү кийимим тулку боюмду жаап турганын көргөн жети күбөм бар. Мен аялдардын жээгинде сүздүм. Бир да эркек болбоду. Эми алар кийимим исламга жакпаганын айтышууда. 20 метрге да сүзө албаган немелер 20 чакырымдык рекордума кастык кылышууда.

Илхам Асхари “Бахар” гезитине 27-июнда курган маегинде өз жүйөсүн Иран Ислам Республикасында спортсмен аялдар ачык сууларда сүзгөндө кийчү костюм жок экени менен түшүндүрөт. Ал эми суучул аялдарга ислам каадасы менен тигилген костюм суу болгондо алты килограмм болуп калат экен.

Чыгаан аял Ирандын спортко тийиштүү бардык мекемелерине кайрылып, “жок” деген гана жооп алган соң өз укугу үчүн маалымат каражаттары аркылуу күрөшкөндү туура тапкан.

Ирандагы белгилүү спорттук комментатор Мехди Рустампурдун айтышынча, Асхари айымдын аракетине маалымат каражаттары көңүл буруп, чоң колдоо алды:

- Менин оюмча, Илхам Асхари чоң эрдик жасады. Ал шайлоодон кийинки салыштырмалуу эркин абалды пайдаланды... Бул суучунун кажыбастыгы 20 чакырымга сүзө алган адамдар үчүн жаңылык эмес. Бул анын өзүнө ишенгенин жана күчтүү эркин көрсөтөт. Мунусу мактоого арзыйт. Ал өз сөзүн бекем кармап, мунусун башкаларга да билдирди.

Ирандык аялдардын командасы Азиянын согуштук өнөрлөр боюнча мелдешинде. Түштүк Корея. 3-июль 2013
Ирандык аялдардын командасы Азиянын согуштук өнөрлөр боюнча мелдешинде. Түштүк Корея. 3-июль 2013
Иранда 1979-жылкы ислам ыңкылабынан кийин аялдардын коомдо өзүн алып жүрүүсү боюнча көптөгөн чектөөлөр киргизилген. Аялдар спорттун футбол, жаа тартуу, бута атуу, эрежесиз күрөш, таэквондо сыяктуу гана түрлөрүнө катыша алат. Ошон үчүн 1996-жылдан берки Жайкы Олимпиада оюндарына Ирандан бардыгы 14 гана аял катышкан.

Мехди Рустампурдун сөзүнө караганда, Иран өкмөтү расмий тизмеде жок спорттун түрлөрү менен машыккан келин-кыздарды эч качан колдогон эмес. Билим берүү министрлигинин дене тарбия башкармалыгынын аялдар спортуна жооптуу жетекчиси Марзия Акбарабади айым Асхариге ким болбосун башына жоолук салынып, тулку боюнча чадора кийип рекорд койгон күндө да анысы саналбасын айткан.

Дүйнөдөгү эң бийик тогузунчу чоку - Нангапрватты багындырган жападан жалгыз ирандык аял Лейла Эсфандияриге да Иран жетекчилиги эч кандай көмөк берген эмес.

Лейла Эсфандияри дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыккан жана эл аралык командага кошулган", -дейт Мехди Рустампур. - "Аны өкмөт колдободу. Ал Гималайга чыгып баратып, кулап өлгөндөн кийин гана өкмөт реакция жасады. Өкмөт аны расмий каада менен узатканды каалады. Эсфандияри өлөр алдында тартылган видеодо эч кандай жардам же колдоо албаганын айтат. Эл аралык чокуларга чыгууга кеткен чыгымдарды өзү төлөгөн”.

Ирандын спорт жетекчилиги Илхам Асхаринин дооматына расмий түрдө жооп бере элек. 20 чакырымды сүзгөн аял рекордун таанытуу үчүн күрөшүн маалымат каражаттары аркылуу улантууда.

XS
SM
MD
LG