Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Экономикалык санкциялардан бошогон Иран дүйнөлүк соодага кайра аралашты. Бул өзгөрүүдөн ута тургандар да, утула тургандар да бар. Борбор Азияга байыркы Жибек жолун жандантууга мүмкүндүк түзүлдү.

Иран менен Борбор Азияны кесип өткөн Жибек жолунан бир кездери соода кербендеринин аягы үзүлчү эмес. Бирок бул эки аймактын ортосунда эркин соода токтогонуна бир кылымдын жүзү болуп калды.

Эми Ирандын дүйнөлүк базарга кайра аралашуусунан соң Борбор Азия үчүн Иран Орусия менен Кытайдан кийинки үчүнчү соода жолуна айланчудай. Андай болсо бул жолдо Ирандын ролу кандай болушу мүмкүн? Экономикасы кыйын күнгө кептелген Бобор Азия өлкөлөрү анын пайдасын качан көрө баштайт жана Иран менен соода-сатыкка кандай кедергилер болушу мүмкүн?

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда Борбор Азиядагы беш мамлекеттин Орусия аркылуу өтчү бир гана соода жолу болгон. Кийинки 15 жылда да Орусия жалгыз жол бойдон кала берди. Деген менен Каспий деңизи жана Түркмөнстан аркылуу Иран менен азыноолок соода байланышы токтолбой жүрүп жатканы белгилүү. Иран берген акчага салынган куур менен аз өлчөмдө болсо да газ экспорттолуп турду. Мындан он жылдай мурда гана Борбор Азияга Кытай кол сунуп, аймактагы сооданы өнүктүрүүгө, газ куурларын салып, жолдорду оңдоого киришти. Азырга чейин бул өлкөдөн аймакка товарлардын чоң агымы кирип турат. Муну менен Борбор Азияда чыгышка карай экинчи соода жолу ачылган.

Эми Орусиянын да, Кытайдын да экономикасы кыйынчылыкка тушуккан кезде түштүккө карай Иран аркылуу жаңы жол ачылганы турат.

- Менимче, Ирандын дүйнөлүк базарга кайтышы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн абдан пайдалуу. Бул дүйнөгө чыкчу жолду жеңилдетет. Бул дүйнөлүк базарга, ачык деңизге, тактап айтканда, Перси булуңуна чыкчу түз жол, - дейт Борбор Азия маселелерин иликтеп жүргөн британиялык окумуштуу Лука Анчески.

Соңку айларда бир катар эксперттер Иран аркылуу өтчү багыт Борбор Азияга мунай менен газын Европага экспорттоо үчүн зор потенциал болорун белгилешкен.

Бирок ирандык серепчи Хоссейн Ариян Тегеран бул маселеде адегенде өз кызыкчылыгын көздөрүн айтты:

- 2011-жылдары Иран күнүнө 2,5 миллион баррель мунайды экспорттоп турган. Санкциялардан кийин бул көлөм миллионго чейин кыскарды. Иран бийликтери азыр баарынан мурда мунай өндүрүүнү көбөйткөнү жатат.

Серепчи ошондой эле Иран Борбор Азияга мунай менен газын сыртка чыгарууга коридор болушу мүмкүндүгүн, бирок ал үчүн инфраструктураны оңдоого кыйла убакыт керектигин кошумчалады.

Британ изилдөөчүсү Лука Анчески Иран темир жана автожолдор аркылуу да сооданын башка тармактарында Борбор Азияга дүйнөнүн дагы бир эшигин ача аларын, бирок ал үчүн адегенде ошондой жолдорду куруу зарылдыгын айтат. Анын айтуусунда, энергоресурс боюнча да аймак келечекте Кытай менен Иранды байланыштырса болот. Мындан Кытай да пайда көрөт.

Чынында Кытай менен Ирандын Борбор Азия аркылуу байланышуусу байыркы Жибек жолун эске салат. Бирок эксперттер интеграцияны мындай деңгээлге жеткирүү үчүн жок эле дегенде он жыл керектигин белгилешет. Эгер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү азыркы экономикалык абалды эске алганда бул мөөнөт дагы узарышы мүмкүн.

Серепчилердин баамында, Иран аркылуу соода жолу ачылса, эң көп пайданы бул өлкө менен чектеш Түркмөнстан көрүшү анык. Бул өлкө Ирандын Борбор Азияга же тескерисинче Борбор Азиянын Иранга ачылчу каалгасы сыяктуу. Мындай өзгөрүүдөн Казакстан да бир топ пайдага туйтунат. Азыр Казакстан-Түркмөнстан- Иран темир жолу даяр турат, келечекте бул жолдо кыймыл жанданып, көбөйө турганы да анык болуп калды.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG