Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Сүрөткер: жазана калкты жазалабаса...


Иранга каршы киргизилген экономикалык жазаналардан жапа тарткандардын арасында дарыдан куру калган бейтаптар да бар.

Мына ушул мекендештеринин оор абалына көпчүлүктүн көңүлүн буруу максатында ирандык жаш сүрөткер Бириккен улуттар уюмунун баш кеңсесинин алдында "дары-акциясын" өткөрдү.

Ирандык жаш сүрөткер Саназ Сохраби Ирандагы карапайым тургундардын, айрыкча оорулуу мекендештеринин эл аралык санкциялардан кандай запкы тартып жаткандыгына көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууну өзүнө максат кылып алган.

24 жаштагы кыз ушул максатта 19-декабрда БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасынын алдында чакан акция өткөрдү. Ал санкциялардын айынан дарылана албай калган ирандыктардын тагдырлары майда жазуу менен жазылган кагаз менен толтурулган 4 миң ичи көңүдөй дарыны тиктеп, мелтиреп отурду.

40 адамдын тарыхын жазып алган сүрөткер дары-дармектин тартыштыгы тууралуу Тегеранда фармацевт болуп иштеген эжесинен уга берип, акыры ушундай жол менен маселени кабыргасынан коюуну чечкен экен:

Бул долбоор эл арасында маалымдуулукту бекемдейт деп чындап үмүттөнөм. Санкция деген сөз гана деп ойлойбуз, бирок иш жүзүндө мында тирүү адамдар тууралуу кеп болуп жатат. Дарыканага же ооруканага кайрылууга мажбур болгон адамдардын күнүмдүк турмушу тууралуу эч ким билбейт. Мен ушул боштукту толтурайын дедим.

Иран ядролук куралда колдонулушу мүмкүн деп шектелген уран байытуу ишин токтотпой койгондуктан, ага каршы бир катар санкциялар киргизилген. Алардын кесепетинен өлкөдө Батышта жасалган айрым дары-дармекти табыш улам кыйындап баратканы айтылууда.

Октябрда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун санкциялардын кесепетинен Иранда инфляция, жумушсуздук өсүп, адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн керек болгон дары-дармек тартыш болуп жаткандыгын белгилеп, булардан карапайым ирандык жарандар жапа тартып жаткандыгын айткан эле.

Иранда чыгуучу "Тежарат-нюс" соода басылмасы бул айда финансылык чектөөлөрдөн улам тартыш болуп калган 50 дарынын тизмесин жарыялаган эле. Диабет же рак өңдөнгөн өнөкөт оору менен ооругандар дары-дармекти дүңү менен сатып алгандыктан да жергиликтүү жана чет элдик дарыны табыш кыйын.

Сохраби Тегеранда туулуп-өскөн, акыркы беш айдан бери Көркөм өнөр боюнча Чикагодогу мастерлик окууда окуп жатат.

"Жасалма бөйрөк" аппаратына Кыргызстанда да кезек күткөндөр көп
"Жасалма бөйрөк" аппаратына Кыргызстанда да кезек күткөндөр көп
Анын Ирандагы достору дарыкана, ооруканаларга барып, дарынын тартыштыгына туш болгондордун тагдырларын жазып алышкан. Ал ошондой эле ирандыктарды өздөрү туш келген окуяларды айтып берүүнү сурап, интернеттеги блогунда видео тасма жайгаштырган.

Сохраби анын достору жазып жиберген каттардын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн болбогондугун мойнуна алды, бирок ал каттарда жазылган тагдырлар ойлонуп чыгарылган эмес деп ишенет.

"Менин атым Маночехр Эсмаили, мен 15 жаштамын, Ирандын түштүгүндөгү Дезфул шаарынан болом. Мен гемофилия менен ооруйм. АКШ баштаган санкциялардан улам ата-энем мени дарылоо үчүн өтө керек болгон дарыны таба алган жок. Өткөн айда, 2012-жылы ноябрда мени ооруканага жаткырышты, бир жумадан кийин мен өлүп калдым" деп айтылат ал каттардын биринде.

Эсмаилинин өлүмү тууралуу Ирандын Гемофилия коомунун директору айтып чыккандан кийин кеңири белгилүү болду. Бирок "Азаттыктын" фарси кызматы директордун ырастоосун көз карандысыз булактан тактай алган жой.

Сохраби өзгөчө кабырганы кайыштырган башка тагдырлардын ичинен да лактозаны көтөрө албаган ымыркайына лактозасыз кургак сүт таба албаган энени, ашказан, ичеги карын оорусун дарылай албаган ата менен кыздын жана жаңы протез сатып алыш үчүн фотокамерасын сатууга мажбур болгон майып сүрөтчүнүн тагдырын эскерди.

Сохраби акырындык менен дагы 26 миң дарыны ушундай тагдырлар жазылган кагаз менен толтурууну көздөп жатат. Иранда дал ушунча санда кан оорулары менен ооруган адам бар. «Алар дары жок болгондуктан, оорусу өзгөчө кыйнайт» дейт студент сүрөткер.

XS
SM
MD
LG