Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Иран учактары "Ислам мамлекетине" сокку урду


Ирандын F-4 Phantom II учагы
Ирандын F-4 Phantom II учагы

Ирандын аскердик учактары Ирактын чыгышында “Ислам мамлекети” согушчул тобунун өңүттөрүнө бомба сокту. Бул жөнүндө 2-декабрда Пентагондун өкүлү Батыш маалымат булактарына билдирди.

Контр-адмирал Жон Кирбинин айтышынча, авиасокку АКШ күчтөрү менен координацияланбай урулган. АКШнын ишениминде Иран авиациясы мындан мурда өлкө ичинен Ирактагы буталарды учактардан аткылаган эмес. Иран тарап да авиачабуул АКШ башындагы коалиция менен макулдашылбай жүргүзүлгөнүн билдирди.

“Ислам мамлекети” радикал тобунун Ирактын чыгыш бөлүгүндөгү өңүттөрүнө Ирандын аскер учактары сокку урганын жекшемби күнү “ал-Жазира” телеканалы көрсөткөн. 1-декабрда Jane’s Defence Weekly журналы ошол видео тасманын негизинде Ирандын F-4 Phantom II учагы жихадчылардын Дияла провинциясындагы өңүттөрүн ракетадан аткылаганын кабарлаган. Дияла Ирактын Иранга чектеш аймагындагы провинция.

Jane журналынын жазышынча, региондо Иранда жана Түркияда гана берегидей “Фантомдор” бар.

"Ислам мамлекети" уюмунун Дияла провинциясындагы өңүттөрүнүн бири
"Ислам мамлекети" уюмунун Дияла провинциясындагы өңүттөрүнүн бири

Пентогондун өкүлү, контр-адмирал Жон Кирби да шейшемби күнкү маалымат жыйынында “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” согушчул тобунун, кыскача ИЛИМ, Ирактагы объекттерине Ирандын аскер учактары сокку урганынан эч кандай күмөн жок экенин баса белгиледи:

- Бул жалган экени жөнүндө бизде эч кандай белги жок. Ирандын учактары Ирактын чыгышында ИЛИМдин буталарына сокку урганы жөнүндө маалыматтарга жалган деп ишенбөө үчүн менде эч кандай жүйө жок. Сиздер Иран өкмөтүнө өз аскерлеринин аракеттери тууралуу айтты деп кеңеш беришиңиздер лаазим.

Жон Кирбинин айтымында, Ирактын аба мейкиндигиндеги түрдүү мамлекеттердин аскер учактарына расмий Багдад көз салып, ар кандай аракетин координациялайт.

"Ислам мамлекети" уюмунун согушкери
"Ислам мамлекети" уюмунун согушкери

Иран куралдуу күчтөрүнүн штабынын акиминин найыбы (орун басары) ирандык учактар “Ислам мамлекети” тобунун Ирактагы өңүттөрүнө АКШ жетектеген коалиция менен макулдашып сокку урду деген маалыматтарды куру сөзгө чыгарды. Бул жөнүндө шейшемби күнү таң эртең кабарлаган өкмөттүк Фарс жаңылыктар агенттиги генерал Масуд Жазайиринин “Иран Ислам Республикасы тополоңдун жана көйгөйлөрдүн, ошондой эле ИЛИМдин Ирактагы террордук аракеттеринин негизги себепчиси деп, Кошмо Штаттарды күнөөлөйт” деген сөзүнө шилтеме жасады.

АКШ да “Ислам мамлекети” тобуна каршы чабуулдарды Иран менен координациялабаганын расмий түрдө билдирди.

Хайдер ал-Абади
Хайдер ал-Абади

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади 3-декабрда Брюсселдеги жыйында өлкө чыгышына абадан урулган соккулар жөнүндө эч кандай кабары жок экенин айтты. “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына каршы күрөшүүгө арналган бул жыйында АКШ мамкатчысы Жон Керри жихадчылардын абалы былтыркыдан оор экенине токтолду:

- Быйыл жайда алар үчүн жеңил болгон нерселер улам оорлошууда. “Даиш” күн сайын чоң чыгымга кабылууда. Дүйнөнүн мусулман лидерлери алардын динин уурдагысы келген канкорлорго каршы сүйлөшүүдө. “Даиштин” жийиркеничтүү табияты ар бир көркөө канкорлугунан кийин айкын болууда жана анын катарына мурда кошулгандар “Даишке” ишенип, анын эмне экенин ачык билбей алданышкан.

“Даиш” – бул “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” радикалчыл тобунун арабча кыскача аталышы.

Ирак армиясы
Ирак армиясы

Иран береги жихадчыларга каршы согушта Ирак армиясына жардам берип жатканы көптөн бери кабарланып жүрөт. Бирок анысын расмий Тегеран көшөрө танып келет. Бирок америкалык жана ирандык расмий адамдар жакында Тегерандын ядролук программасы боюнча өткөн сүйлөшүүдөн тыш убакта Ирактагы согушчандарга каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулаганын Ак үйдөгү булактар тастыкташкан.

АКШ башындагы коалиция “Даиш” тобуна быйыл августтан бери абадан сокку урууда. Бул коалицияга президент Барак Обама 14-октябрда айтканга караганда, 20дан ашык өлкө, анын ичинде Перс булуңундагы араб өлкөлөрү, НАТОго мүчө Түркия кирет жана алтымыштан ашык өлкө өз жардамын берүүдө.

XS
SM
MD
LG