Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

КОРРУПЦИЯ: АЗЫРЫНЧА СЫЛЫК-СЫПАА СЫН ГАНА АЙТЫЛУУДА


Кыргызстанда коррупцияга каршы туруу, аны ичтен азыктандырган шарт-жагдайларды жок кылуунун зарылдыгы тууралуу оголе көп айтылат. Ага карабастан өлкө абыдан коррупциялашкан мамлекеттердин катарынан түшө элек. Антип азаят деген коррупциянын кайра арбып жатканы көптөрдү түйшөлтүүдө. Анын натыйжасы барып-келип Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирип, ыкчам өнүгүүгө кедергисин тийгизүүдө.

Коомдун күчөп бараткан бул илдетинен арылуунун жолдору, анын кайдан жана кандайча чыгып калышы жайында оголе көп сөз болуп, бирок да кийинки кездери кызматынан кыянат пайдаланып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген кайсы бир чиновниктин мыйзам алдында жооп бергени жок дээрлик. Ошол себептүү Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ректору Сулайман Кайыпов кайсы бир чиновниктин көңүлүн оорутпаш үчүн коррупция тууралуу сылык-сыпаа сөздөрдөн башка каадалуу иш жасала элек, дейт. Анын айтуусунда, коррупция мамлекеттик түзүмдөр алдына коюлган милдеттерди так аткара албай калган чакта башталат.

- Мамлекеттин бир структурасы өзүнүн кызматын аткара албай калса, анын ишин мамлекеттик эмес башка күчтөр аткарып кетет экен. Чет элдик тажрыйбалар да ушундай. Жарабыз болсо, аны тырмап ириңин чыгарып сыгып, анан мунун дарысы бул деп анын рецебин айтып бербесек болбойт.

Экономика илиминин доктору, профессор Сейфуллах Чевиктин ырасташынча, коррупция деле арам акча табуунун бир жолу. Кыргызстанда анын чайлап-коолап кетишине Ооганстандан чыккан баңгизаттардын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу Орусия менен Европа, Батыш өлкөлөрүнө ташылып өтүшү да белгилүү деңгээлде шарт түзүп берүүдө.

- Кыргызстандын геосаясий абалы абдан маанилүү. Мурда баңги жолу Иран аркылуу Түркиядан Европага кеткенин баарыбыз билебиз. Бүгүн бул жол жабылган. Бул жол Тажикстанда, Ооганстанда, Кыргызстанда, Кыргызстанда бар. Европада бар. Бул жол тыйылышы керек.

Ушул эле ойду Түркиянын Каржы министрлигине караштуу финансы кылмыштарын иликтөө департаментинин жетекчиси Ахмет Ичелоглу да бекемдеди. Коррупцияны бекем мыйзамдык негиз болмоюн ооздукташ кыйын.

- Кылмыштар көп тармакка бөлүнүп кеткенде ага каршы күрөшүү кыйын, өзгөчө финансы секторунда. Аны болтурбаш үчүн алдын-алуучу каражат катары мыйзамдар турушу керек. Алар жетишсиз калган чакта абал ансайын оорлошот.

Бул жаатта Кыргызстанда аткарылганга караганда аткарылчу иштер арбын. Анын үстүнө мыйзам негизинде коррупциянын «эн-белгиси» так аныктала элек. Профессор Айылчы Сарыбаевдин ырасташынча, коррупция коомдук турмуштун бардык тарабын чырмап алган, андан суурулуп чыгуунун буга чейинки айла-амалы натыйжасыз болууда.

- Борборлоштурулган, уюшулган, мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык система түзүлүп калган,- дейт А.Сарыбаев.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстандын социализмден калган мүлкү 40 эсе арзан бааланып, улуттук байлыктын баасы 3,5 миллиард гана долларды түзгөн. Элдик байлык саналуу гана адамдарга итбекер арзанга сатылып, «баштапкы капитал» топтоо колунда кызматы бар чиновниктер үчүн туйтунуунун ыңгайлуу жолу болуп калган. Ошондон Кыргызстанда мамлекеттик кызмат тез баюуга шарт түзгөн ыңгайлуу ыкма катары ушу азырга чейин көпчүлүктүн көзүн кызартып келатат.

XS
SM
MD
LG