Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:26

Тегерандагы жардыруудан Ирандын дагы бир физик-илимпозу мерт болду. Бийликтер окумуштуунун өлүмү өлкөнүн өзөктүк программасын токтотпостон кайра алдыга жылдырарын билдирүүдө. Окуя Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эл аралык чыңалуу күчөп турган учурга туш келди.

Ирандын өзөктүк программасы үчүн иштеген окумуштуу-физик Мостафа Ахмади Рошан борбор Тегерандын түндүгүндө, унаада бара жаткан кезинде, мотоциклчен эки адам унаанын капталына чаптап кеткен бомбанын жарылуусунан мерт кетти.

Окумуштуунун артынан анын айдоочусу жана жан сакчысы да алган жараатынан мерт болсо, унаадагы төртүнчү адам ооруканага түшкөн. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундардын бири “Рейтер” агенттигине буларды айтты:

- Мен мотоциклди көрдүм. Кара калпак кийген эки адам отурган мотоцикл абдан тез ылдамдыкта келди. Алардын колунда бир нерсе бардай көрүндү.

Иран бийлигинин баасы

Окумуштуу түшкөн унаанын жардырылуусу артынан Ирандын атомдук энергия боюнча уюму билдирүү таратып, бул окуяны “карасантайлык” деп атады.

Ирандын “Фарс” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, 32 жаштагы Мостафа Ахмади Рошан уранды байытуу боюнча Натанз ишканасында бөлүмдү башкарчу.

Мостафа Ахмади Рошанинин унаасы

Мостафа Ахмади Рошанинин унаасы

​Ирандык расмий өкүлдөр окумуштууга жасалган кол салуу үчүн Израилди айыптады.

Өлкөнүн вице-президенти Мохаммад Реза Рахими мамлекеттик сыналгыдагы маегинде окуяны “чет элдик өкмөт демөөрчүлүк кылган терроризмдин далили” деп атады. Ал кошумчалагандай, ирандык окумуштуулар өзөктүк программаны алга жылдырууда мурдагыдан да “чечкиндүүлүгүн” көрсөтүшөт.

Тегеран облусунун вице-губернатору Сафар Али Баратлунун медиага айткан сөздөрүнө караганда, “магниттелген бомба окумуштуулардын өмүрүнө буга чейинки кол салууда колдонулгандарга окшош жана бул сионисттердин иши”.

АКШнын реакциясы

Өзөктүк программанын үстүнөн иштеген окумуштуулардын өлтүрүлүшү үчүн Иран такай Израил менен АКШнын айыптап жүрөт. Аталган эки өлкө болсо Тегерандын дооматтарын четке кагып келет. Акыркы окуядан кийин АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон мындай деди:

- Мен Кошмо Штаттар Ирандагы кандайдыр бир кыянатчыл иштерге катышы бардыгын чечкиндүү түрдө четке кагам.

Ак үйдүн маалымат катчысы Томми Витор да ирандык илимпоздун киши колдуу болушун айыптап, Кошмо Штаттардын ага такыр тиешеси жоктугун белгиледи.

Талдоочулардын пикири


Соңку окуяга карата көчөдөгү реакция болсо ар кандайча чыкты.

“Азаттык” үналгысынын Перс кызматы – “Фарда” радиосунун электрондук дарегине келген каттарда кээ бирлер АКШ менен Израилди айыпташса, экинчилери муну Батышка каршы ички колдоону мобилизациялоо максатында Иран режими өзү уюштурган иш катары жоромолдошту.

Иранды жана араб өлкөлөрүн изилдөө боюнча Лондондогу борбордун директору Алиреза Нуризаденин пикиринде, шаршембидеги кол
салуу - Ирандын өзөктүк куралга жетишине тоскоолдук кылууну көздөгөн өлкөлөрдүн ага каршы “согушунун” бир бөлүгү:

- Акыркы окуя Иранга каршы согуш башталганын көрсөтүүдө. Бул согуш бир эле тарап менен байланыштуу эмес. Биз ал Израилби, АКШбы же башка бирөөбү, айта албайбыз. Менимче, акыркы окуяга бир нече өлкө тартылган.

Бирок Иран боюнча дагы бир талдоочу Хима Рашхидан илимпоз түшкөн унаанын жардырылышына чет өлкөлөр аралашканынан күмөн санайт:

- Иран өкмөтү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде террордук топторду расмий колдорун жашырбай турганын эске алганда, режимдин айткандарына канчалык деңгээлде ишенүүгө болоорун билбейм.

Шаршембидеги окуя Ирандын окумуштуу-физиктерине каршы 2010-жылдан берки төртүнчү кол салуу болду.

Мурдагы кол салуулар


Буга чейин былтыр июлда ирандык студентти кызы барган бала бакчанын жанынан мотоциклист атып кеткен. Бирок бул кол салуу маркумду аты окшош физик менен алмаштырып алып, жаңылыш жасалгандай.

Андан мурда 2010-жылдын ноябрындагы жарылуудан бир окумуштуу өлүп, экинчиси жаракат алган. Анда жарадар болгон Ферейдун Аббаси кийин Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчылыгына дайындалган.

2010-жылдын январында бомба жарылуусунан Тегеран университетинин физика боюнча профессору набыт болгон.

Физик-окумуштуулардын киши колдуу болушу БУУнун утур-утур чакырыктарына карабай, Иран уран байытууну улантып, анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эл аралык кырдаал чыңалган учурга туш келүүдө. Байытылган уранды өзөктүк отун, ал эми жогорку деңгээлде байытылса, өзөктүк бомба жасоочу материал катары колдонууга болот.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Иран өзөктүк программасын өзөктүк бомба жасоо аракетин жашыруу үчүн колдонууда деп эсептешсе, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG