Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Кунар аймагындагы аба соккудан Аль-Каиданын согушкерлери жок кылынды


Пилотсуз учак (иллюстративдик сүрөт).
Пилотсуз учак (иллюстративдик сүрөт).

АКШнын пилотсуз учагы Ооганстандын чыгышына урган соккудан Аль-Каиданынын бир нече согушкери мерт кетти. Бул тууралуу ооган расмий булактары маалымдашты. Жок кылынган жоочулар ким экени так аныктала элек. Бирок да ооган бийликтери алардын арасында уюмдун таасирдүү 2 лидери бар болушу мүмкүн деп эсептешет.

Пентагон Кунар провинциясындагы сокку Фарук аль-Катани жана Билал аль-Утаби деген жетекчилерге каршы урулганын билдирди. Кунардын губернатору Вахидулла Калемзай "Азаттык" радиосунун ооган кызматына билдиргендей, чабуулда чет өлкөлүк 4 согушкер окко учту.

Ал эми жергиликтүү башка жетекчилер кеминде 8 алькаидачы, анын ичинде экөө араб, төртөө пакистандыктар тындым кылынганын ырасташты.

25-октябрда Пентагон аль-Катани АКШга жана Ооганстандагы америкалык аскерлерге каршы кол салууларды уюштургандардын бири деп билдирген.

XS
SM
MD
LG