Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Ядролук келишим уруш коркунучун азайтты


Тегерандан 190 км түштүк-батыштагы Арак атомдук ишканасы.

Тегерандан 190 км түштүк-батыштагы Арак атомдук ишканасы.

Ирандын жок дегенде келерки 15 жылга ядролук бомбага ээ болуу мүмкүнчүлүгү чектелди.

Бул - Иран жана алтылык (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) арасында 12 жылга созулган сүйлөшүүнүн натыйжасы. 14-июлда Венада макулдашылган келишим эл соңку жылдардагы аралык дипломатиядагы чоң окуя ирети бааланууда.

Келишимге ылайык, Иран ядролук бомба жасаганга керектүү уранын 98% азайтат. (Эл аралык санкциялар алынып салынат). Ошондо бир бомбага жетерлик быйытылган ураны калат. Анын көлөмүн 15 жылдан соң гана көбөйтө алат.

Азыр Иранда 10 ядролук бомбага жетчү ураны бар. Ошондой эле 19 000 даана центрифугаларынын үчтөн экиси консервацияга токтотулуп, пайдаланууда 5060 центрифуга калат. Бул келишим Жакынкы Чыгыштагы саясый жагдайды олуттуу өзгөртчү жана Иран менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн карым-катнашын кеңейтчү фактор катары да айтылууда.

Ядролук келишимдин Иран, иран эли жана башка өлкөлөр үчүн пайдасы, саясый мааниси кандай? Бул тема боюнча “Өңүт” берүүсүндө Бишкектен т.и.д., профессор Асан Ормушев (Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университети) жана т.и.к., доцент Самат Бекибаев, Алматыдан Иран таануучу, мурдагы дипломат Куанышбек Карыой бөлүштү.

"Азаттык": Иран ошентип ядролук программасын кыскартууга макул болду. Анын өлкө үчүн пайдасы кандай?

Проф. Асан Ормушев: Бул келишим дүйнөдөгү тынчтыкка, өзгөчө Борбор Азиянын коопсуздугун сактоо үчүн жакшы деп эл кубанса болот деп ойлойм.

Эл аралык санкциялар Ирандын экономикасы үчүн проблемаларды жараткан. Себеби илим-билимге, саламаттыкты сактоого, жаштар маселесине керектүү каражаттар мунай сатуудан түшкөн акчадан чегерилет. Иран Ислам Республикасы 14-июлда кол коюлган келишимдин талаптарын чындап эле аткарса, 2016-жылдан тарта санкциялар биротоло алынып салынарына ишенем.

Доц. Самат Бекибаев: Эл аралык санкциялардын жоюлушу Иран элинин экономикалык жактан өнүгүүсүнө көп мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анткени санкциялар кезде да өлкөдө илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, техника өнүгүп жатты. Санкциялар жеңилдетилсе, мурдагыдан да чоң жылыштарга алып барат.

“Азаттык”: Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин айтымында, экономикалык камоого карабай, уран байытчу центрифугалардын санын Иран 200дөн 20 000ге жеткире алган.

Иран таануучу Куанычбек Карыой: Келишим эртең эле элдин абалы керемет болуп кетет дегенди билдирбейт. Иран элинин көбүн жаштар түзөт (“Азаттык”: Өлкөдөгү 80 миллион элдин 60% 30 жашка чейинки курактагылар). Алардын ичинде жумушсуздук күч, эмиграцияга кетип жаткандар бар. Иранда университетте билим алган студент окууну бүтсөм сыртка кетем, өлкөдө келечек жок деген ой менен жашайт. Ошондуктан бул келишим ирандыктардын келечекке болгон ишенимин ойготот деп ойлойм.

"Азаттык": Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу 14-июлда Анкарада ирактык коллегасы менен өткөргөн маалымат жыйында Иранды региондогу шиит жамааттарын колдогонун токтотууга үндөдү:

Иран Ирактагы, Сириядагы жана Йемендеги саясатын кайра карап чыгышы абзел. Саясатта позитивдүү роль ойнош керек. Биз жаатчылыкка негизделген саясатты ташташыбыз керек”.

"Азаттык": Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубейри да 16-июлда АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Вашингтондо болгон кездешүүдөн кийин Иранды санкциялар токтотулгандан соң экономикасы оңолсо, кирешени региондогу үстөмдүгүн арттырууга эмес, элинин жыргалчылыгына пайдаланууга чакырды. Түркия, Саудия күткөндөй, Израил каалагандай, Ирандын тышкы саясатында өзгөрүүлөр болобу? Тегеран жогоруда аталган өлкөлөрдөгү шиит жамааттарын колдоону уланта береби? Сауд Арабия менен тирешүү дагы курчуйбу же экономикалык чөйрөгө өтөбү?

Куанышбек Карыой: Иран келечекте Жакынкы Чыгыштагы шиит коомдорун ачык колдобосо керек. Хасан Роуханиден мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын (3-август 2005 - 3-август 2013) Жакынкы Чыгыш, айрыкча, Израилге байланыштуу риторикасы бүгүнкү саясатка мүлдө шайкеш келчү эмес. Роухани сырттагы шиит коомчулугун колдоону бошоңдотсо, өлкөдө нааразылыгын туудурушу ыктымал. Себеби консервативдүү саясатчылар ар качан тыш өлкөлөрдөгү шииттерди колдоону жактап келишкен.

Проф. Асан Ормушев: Сауд Арабия жана ИИР дүйнөдөгү эң бай ислам мамлекеттери. Алар ортосундагы экономикалык тирешүү узактан бери байкалат. Эгерде эки өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзгөн жетекчилери суннит-шиит мамилесин жакшырта алышса, анда дүйнө жогоруда айтылган коркунучтардан айрылышы мүмкүн.

Доц. Самат Бекибаев: Иран, Араб дүйнөсү жана Түркия арасындагы тирешүүлөр өткөн тарыхта болгон, азыр да бар, болочокто да боло берет деп ойлойм. Себеби, бул идеологиялык көз караштардан келип чыккан карама-каршылык...

АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Жакынкы Чыгыш программасынын директору Жон Алтерман:

“Бул келишим Ирандын ядролук куралды өнүктүрүүсүн биротоло токтотпойт. Андай мүмкүнчүлүгүн саалгытат. АКШ жана МАГАТЭге бу жаатта Иран эмне кылып жатканын көбүрөөк көзөмөлдөп калат. Бирок 15 жылдан соң ирандыктарда акчасы жана ядролук тармактагы илимпоздору көп болуп, ядролук программасын өнүктүргөнгө бардык нерсеси болот. Эгер 15 жылда Иран өкмөтү өзгөрбөйт деп мелдешсеңиз, 15 жылдан кийин чоң проблемаларга кабыласыз. Эгер Иран башка жолго түшөт деп мелдешсеңиз, 15 жылдан кийин абалыңыз азыркыдан алда канча жакшы болот”, - дейт.

Америкалык серепчинин божомолу канчалык реалдуу - аны болочок көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG