Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Иран санкциялар алынчу күндү эсептей баштады


Иран парламенти талаштуу Ядролук келишим үчүн добуш берген күнү. 11-октябрь 2015.
Иран парламенти талаштуу Ядролук келишим үчүн добуш берген күнү. 11-октябрь 2015.

18-октябрда Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге 90 күн толду. Эми тараптар келишимди аткарышы абзел.

18-октябрда президент Барак Обама АКШнын министрликтерине Иранга каршы киргизилген санкцияларды алып салууга даярдык көрүүнү тапшырды. Тарыхый келишимге ылайык, Тегерандын ядролук программасын токтотуу үчүн бир нече ай керек болору болжолдонууда.

Президент Барак Обама 18-октябрда АКШнын тийиштүү министрликтерге Иранга каршы санкцияларды токтотууга камдануу буйругун берди. Мындай тапшырма Мамдепартаментке, Энергетика, Соода жана Финансы министрликтерине берилди.

Тегерандын ядролук программасын ооздуктоо жөнүндөгү келишимге Иран жана Р5+1 деп аталган дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия быйыл 14-июнда Венада кол коюшкан. Ага ылайык, Иран жарды уранды байытуучу центрифугаларын иштен чыгарып, урандын корун азайтуусу жана Арактагы оор суу текте иштечү реакторун суюк бетон куюп, цементтеп салышы абзел. Бул иш-чаралар Ирандын ядролук курал жасоосуна мүмкүнчүлүк бербөөгө тийиш. Батыш мамлекеттери өз кезегинде Иранга каршы киргизген санкцияларын ырааты менен токтотушу шарт.

Иран өкмөтү ядролук келишим боюнча милдеттенмелерин кынтыксыз аткарарын жана Батыштын санкциялары жыл аягына чейин токтотулат деген тилегин билдирген. Ал эми ирандыктар экономикалык санкциялар алынат деген илгери үмүттө. Тегерандык Самане деген аялдын айтышынча:

- Албетте санкция токтотуларына ишенем. Биз бирок өтө эле оптимист эмеспиз, себеби ар дайым эле түрдүү кысым астында жашайбыз. Мисалы, мен өз курбуларым менен баарлашып калганда, биз туулгандан бери көрүп жүргөн согуш тууралуу жана турмушта жек көргөн бардык нерселер жөнүндө сүйлөшөбүз. Биздин муун ушу сыяктуу коркуу жана чочулоо менен жашады.

Тегерандагы Имам Садык атындагы университеттин профессору Мохаммад Хасан Кани ядролук келишим аткарыларынан шек санабайт жана ал Иранга катар дүйнө үчүн пайдалуу деп эсептейт:

- Мен ядролук сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жакшы бүтөт деп ишенгендердин биримин. Сүйлөшүүнүн үзүрүн көрчү убакыт келгендей көрүнөт мага. Бул сүйлөшүү жемиштүү болду, дипломатия иштеди дегенди билдирет. Бул Иран эле эмес, регион үчүн, келишимге кол койгон башка алты өлкө үчүн да жакшы кабар.

Санкциялар токтотулардан аз илгери Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишим боюнча өз милдеттенмелерин нокотун бузбай аткарганын тастыкташы абзел. Бул жараян, АКШ расмий бийликтердин ырасташынча, Иран болжогондон эки ай узакка созулат.

18-октябрда Евробиримдик уюмга мүчө 28 мамлекеттин санкцияларды токтотуусуна уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Бирок Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Иран келишимди толук аткармайынча, санкциялар күчүндө кала берерин ырастады. Анын сөзүнө караганда, санкциялар февралга чейин токтотулары күмөндүү.

Санкцияларды токтотуу баарынан мурда Иран үчүн пайдалуу. The Wall Street Journal гезитинин жазышынча, санкциялар алынар замат Батыш банктарында “тоңдурулган” 100 миллиард доллардан көп мунайдан түшкөн акча Тегеранга кайтат. Иран запастагы 40-50 миллион баррель мунайды тышкы базарга сатууга мүмкүндүк алат. Мунун натыйжасында, президент Роуханинин айтуусунда, экономикадагы жылдык өсүш 7% чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG