Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Лозаннада жылыш бар, келишим жок


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Тегерандын ядролук программасын ооздуктоочу келишимдин негизги жоболорун макулдашуу боюнча сүйлөшүү Швейцарияда дале уланууда.

Эгер Тегеран сүйлөшүүдө мунасага барып, ядролук бомбага керек уранды байытууну чектөөгө көнсө, эл аралык коомчулук (БУУ, АКШ, ЕБ) тарабынан Иранга каршы 2006-жылдан тарта киргизилген экономикалык санкциялар жеңилдетилет.

Сүйлөшүүдө “орчундуу жылыш бар, бирок кортундулоочу чечимге келе албай жатабыз”, - деди 2-апрелде эртең менен Лозаннада Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

- Биз бардык тараптарда алга жылуу үчүн саясий эрк бар деп үмүттөнөбүз. Биздин бир чечимге баруубузга тоскоол болгон маселелер бар. Биздин кесиптештерибиз мындай мүмкүнчүлүк экинчи кайталанбасына ынанышат жана мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпайт деп ишенебиз.

Зариф сүйлөшүүдөгү экинчи жакты ийкемдүүлүккө үндөй кетти.

Тегерандын талаштуу ядролук программасын чектөөчү келишимдин негизги жоболору боюнча алты бакубат держава менен Ирандын улук дипломаттары белгиленген акыркы мөөнөттө - 31-мартта мунасага жетишпеди. Ошон үчүн июнда кол коюлчу келишимдин жоболоруна тиешелүү талылуу суроолорду түн оогончо АКШ мамкатчысы Жок Керри менен Жавад Зариф да талкуулашты. “Азыр таңкы саат алты. Ырас, сүйлөшүү түн бою жүрдү” деп жазды Твиттерде Мамдепартаменттин өкүлү Мари Харф айым.

Батыш мамлекеттери Иран ядролук куралдуу болууга умтулууда деп чочушат. Ошондуктан Германия канцлери Ангела Меркел 1-апрелде Берлинде билдиргендей, Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук куралга ээ болуусуна мүмкүндүк бербеш үчүн эшикти жылчыксыз жабууну каалашат.

- Мен биз орноткон шарт, атап айтканда, Иран үчүн ядролук куралга жол жабуу боюнча мунаса бүгүн жетишилгенин каалайм жана тилейм.

Ал эми байытылган уран тынчтык максатында гана өндүрүлүүдө деп ырастап келаткан Тегерандын көздөгөнү - Ирандын экономикасын сазга камаган БУУ, АКШ жана Евробиримдиктин санкцияларын алдыруу же болбоду дегенде жеңилдетүү.

Лозаннадагы Р5+1 форматындагы сүйлөшүүгө Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия + Ирандын тышкы иштер министрлери менен дипломаттары тартылган.

Мамдепартаменттин маалымдашынча, Жон Керри бейшемби күнгө чейин Лозаннада болууну мерчемдеп жатат. Андыктан сүйлөшүү министрлер деңгээлинде дагы эки күнгө созулат өңдүү.

Лозаннадагы сүйлөшүүлөргө азыр Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер да көмөктөшүүдө. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 1-апрелде Парижге учуп барып, кайра келди.

- Биз марага аз эле метр жетпей турабыз. Арийне, демейде акыркы метрлер оор болот. Биз аны жүгүрүп өткөнгө аракет кылабыз. Биз каалаган бекем жана ишенимдүү келишимге жетүү үчүн, өзгөчө, Иран тарап кадам шилтеши зарыл, - дейт Фабиус.

Бул келишим түзүлсө, Ирандын ядролук программасына байланыштуу 12 жылдан берки талаш басылууга тийиш. Бул 1979-жылкы Ирандагы Ислам ыңкылабынан кийин осолдоп кеткен Тегерен-Вашингтон мамилесин оңдоого өбөлгө берет. Бирок келишимге америкалык консерваторлор, АКШнын союздаштары Израил менен Сауд Арабиясынын (Ирандын региондогу стратегиялык атаандашы) “кабыргасы сөгүлүп” турат.

XS
SM
MD
LG