Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Ирандын ядролук маселеси чечилип калышы ыктымал


Ирандын жана Р5+1дин делегациясы эки күндүк жыйын башталар алдында. Женева, 15-октябрь

Ирандын жана Р5+1дин делегациясы эки күндүк жыйын башталар алдында. Женева, 15-октябрь

Швейцариянын Женева шаарында Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча эки күндүк сүйлөшүү башталды.

Ага бир жактан Ирандын, экинчи жактан Р5+1дин мартабалуу өкүлдөрү катышууда. Р5+1ге БУУнун туруктуу беш мүчөсү жана Германия кирет. Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани августта кызматка киришкенде ядролук талаш алты айдан бир жылга чейинки аралыкта жөндөлөт деп убада берген. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Женевада тараптар чатакты чечүү боюнча мунаса табышат деген ишенимин билдирди.

Президент Роуханинин өкмөтүнүн ядролук программасына байланыштуу талашты чечкенге умтулуусу өлкөнүн экономикалык абалы менен түшүндүрүлөт. Иран уранды байытканды токтотпогондон улам былтыр Батыш экспорттолчу мунайга киргизген санкциядан кийин улуттук акча риалдын куну дээрлик 50 процентке арзандап кетти. Жаштар арасындагы жумушсуздук, “Файнэншл Таймс” гезитинин жазышынча, 28 проценттен жогору. Соңку бир жылда күрүчтүн наркы 70, 4 процентке, буудайдыкы 80, канттыкы 43 жана өсүмдүк майы 47 процентке кымбаттады.

Батыш Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп кооптонот. Иран менен
Р5+1ге кирген АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия арасындагы акыркы сүйлөшүү февралда Алматыда майнапсыз бүткөн.

Батыш бул кездешүүдө Ирандын Кум шаарынын жанындагы ядролук объектти иштен чыгаруу талабынан баш тарткан. Бирок ал жерде уранды 20 процентке чейин байытуу токтотулсун деп шарт койгон. Ошол эле учурда Тегерандагы илимий реактордо бир аз өлчөмдө 20 процент байытылган уранды сактоого макулдук берген. Андан кийинки сүйлөшүүдө Иран санкцияларды жеңилдетүүнү талап кылып, уранды байытууну токтотуу боюнча эч кандай сунуш жасаган эмес.

Женевада тараптар чатакты чечүүчү “жол картасы” боюнча өз ара макулдаша алат деген үмүт күчтүү. Анткени сүйлөшүүнү Иран тараптан тышкы иштер министри Жавад Зариф жетектейт дешет серепчилер.

Шэннон Кайле Cтокгольмдогу тынчтыкты изилдөө институтунун ядролук өндүрүш боюнча эксперти. Ал Ирандын ядролук программасы боюнча быйылкы сүйлөшүүнүн ийгиликтүү болуусу үчүн Женева аябай ыңгайлуу деп эсептейт:

- Хасан Роухани мурда ядролук сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал ирандык шайлоочулардан да сүйлөшүүнү улантууга мандат алды. Ошентип анын тажрыйбасы бар. Президент Ахмадинежад болсо эч качан бул сүйлөшүүгө келген эмес. Жавад Зариф мурда Улуттар уюмунда элчилик кылгандыктан, Батыш интеллектуалдары арасында жакшы таанымал. Мунун баары оң тажрыйба жана жаңыча сүйлөшкөнгө өбөлгө болот.

Ирандын ядролук программасын жактаган дубал бетиндеги плакат. Тегерандын Aрасбаран району.

Ирандын ядролук программасын жактаган дубал бетиндеги плакат. Тегерандын Aрасбаран району.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи 13-октябрда өкмөттүк IRIB телеканалынан сүйлөп, жарым жылдан бир жылга чейинки аралыкта сүйлөшүү ийгиликтүү бүтөрүн, бирок Тегеран бир грамм да байытылган уранды өлкөдөн чыгарып кеткенге көнбөсүн эскертти:

- Уранды байытуу жана аны улантуу биз үчүн кызыл чек болот. Бир да шарт Ирандын бул укугун жокко чыгара, азайта же токтото албайт. Бирок байытууну азайтуу - лимиттердин өлчөмү жана формасы боюнча сүйлөшүүдө биз тараптан эч кандай проблема болбойт.

Батыш Женевада Иран менен тил табышуу мүмкүн деген илгери үмүттө. Евросоюздун тышкы иштер комиссары Катерин Эштондун өкүлү Майкл Манн 15-октябрда Женевада кабарчыларга: “Биз бул жерге этият оптимизм жана чоң жоопкерчилик менен келдик. Себеби олуттуу натыйжага жеткенге убакыт бышып жетилди”, - деп маалымдады.

Бул тушта Израилдин премьер-министри Бенямин Нитаняху дүйнө өлкөлөрүн Иранга кыпындай да жеңилдик бербөөгө чакырды. Ал былтыр БУУда айтканга караганда, Иран орто же 20 процент байытылган 240 килограмм же андан көп уранга ээ болсо, бир нече айдын ичинде атомдук бомбаны жасап алганга мүмкүндүк алат деп чочуйт. Ошон үчүн Иран уранды 90 процентке чейин гана байыткандай болушу керек.

Ирандын түшүндүрүшүнчө, өлкөгө 3, 5 процент байытылган уран Бушер АЭСинде электр энергиясын өндүргөнгө зарыл, 20 процент байытылган уран Тегерандагы медициналык изилдөөлөр жүргүзүлчү реакторго отун үчүн жагылат. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин августта билдиришинче, Иранда 20 процент байытылган 372, 5 кило ураны болсо, анын теңи отун үчүн даярдалган.
XS
SM
MD
LG