Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Израил: Иран ядролук держава болбойт


Иранда байытылган урандын үчтөн биринен көбүрөөгүн Тегеран быйыл жайында тынчтык максатында пайдаланган.

Натыйжада, Израилдин коргоо министри Эхуд Барактын британдардын The Daily Telegraph гезитине айтышынча, Ирандын ядролук бомбалуу болуу мөөнөтү 8 айдан 10 айга чейин кечеңдеди. Тегеран мындай кадамга АКШдагы шайлоо алдында абалды курчутпоо үчүн да барышы ыктымал, деп боолгойт Барак. Батыш өлкөлөрү да Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп кооптонушат.

Эхуд Барак Израилдин тарыхындагы эң чоң сый-урматка жетишкен аскер адамы. Ал Коргоо министрлигин беш жылдан бери жетектейт.

Эхуд Барактын британ гезитине курган маегинде айтышынча, быйыл Иран 189 килограмм уранды ядролук дүрмөткө жарачу 20 проценттик деңгээлге чейин байыткан. Августта анын 38 процентин тынчтык программасынын алкагында керектеп салды. Бул Ирандын ядролук дүрмөткө жетишин сегиз айдан он айга дейре саалгытып койду.

Ага карабай, Эхуд Барактын Би-Би-Сиге айтымында, Израил мурдагы көз карашын өзгөртпөйт же Иран ядролук бомбаны жасагандан мурда токтотулуш керек деп санайт.

“Биз Иран ядролук держава болгонуна жол бербейбиз, - деп эскертти Барак.- Дүйнө лидерлери да столго отурганда “жок” деп айтышат деп ишенебиз. Алар айтканда ушуну айтат деп үмүт кылам. Биз ушинтип билебиз”.

Барак Ирандын ядролук коркунучу жөнүндө зар какшап айтып жаткан израилдик биринчи жетекчи эмес. Премьер-министр Бенямин Нетаняху 27-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө Ирандын ядролук бомбаны жасашына бир нече ай гана калганын, ага жол бербөө үчүн “кызыл сызык” орнотуу керек деп, эл аралык коомчулукка кайрылган.

Ал эми 31-октябрда Парижде Франциянын президенти Франсуа Оланд менен кездешкенден кийинки маалымат жыйында, Нетаняху буга чейинки санкциялар Ирандын ядролук программасына олуттуу таасир этпегенин белгиледи.

“Мен сизди бекем позицияда турууга, Франциянын позициясы өтө катуу, атүгүл Иранга каршы дагы катаң санкция үчүн болуусун сунуш кылам. Бул аябай маанилүү деп ойлойм. Санкция Ирандын экономикасын “аксатууда”. Бирок мен сиздерге бүгүн айтып койушум керек: санкциялар Ирандын ядролук программасын токтотподу”,-деп билдирди Израил премьер-министри.

Өз кезегинде президент Франсуа Оланд Иран ядролук курал жасаганга умтулбаганын ырастаган ишенимдүү далилдерди эл аралык коомчулукка көрсөтүүсү керек экенин айтып, Ирандан болчу коркунучка Франция макул боло албасын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG