Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

АКШ-Иран: дипломатияга шанс


Иранда реформист президент Хасан Роуханинин шайланышы АКШ-Иран мамилелеринин бир аз оңолушуна алып келгенсиди. Сүрөттө Барак Обама солдо.
Иранда реформист президент Хасан Роуханинин шайланышы АКШ-Иран мамилелеринин бир аз оңолушуна алып келгенсиди. Сүрөттө Барак Обама солдо.

АКШнын президенти Барак Обама конгрессмендерди Иран менен өткөн дем алыш күндөрү табылган мунасадан кийин “дипломатияга мүмкүнчүлүк берүүгө” үндөдү.

Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү менен соңку сүйлөшүүдө жарым жылдык убактылуу келишимди 20-январдан тарта иштетүү келишилген эле.

Барак Обама дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө, Иран менен утурумдук келишим «мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын» белгиледи. АКШ президентинин билдирүүсү айрым конгрессмендер "дипломатиялык демилгени ойрон кылат" дегенине карабай, Иранга жаңы жазаналарды киргизүүгө үндөгөн учурга туш келгендей болду.

Обама непада Тегеран азыркы убактылуу келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса, атап айтканда, ага сунуш этилген чектелүү жардамды алып, өзүнүн айрым өзөктүк аракеттеринен баш тартпаса, анда ал да Иранга каршы санкция киргизүүнү колдой турганын баса белгиледи.

Вашингтондо азыр Тегеранга санкция киргизүү идеясын колдоп жаткандар Иран менен өткөн дем алышта жетишилген келишим күчүнө киргенден кийин ага каршы санкция үчүн колдоо табуу кыйын болорун айтышууда.

“Иран азыр убактылуу келишимде айтылгандарды аткарбай турган болсо, анын мунайын экспорттоону кыскартыш керек” дегендердин катарында азыр Обаманын өзүнүн 16 партиялашы да бар.

Өз кезегинде Иран ага каршы жаңы санкция киргизилсе, кийин туруктуу иштей турган кандай гана келишим болбосун, андан баш тартарын эскерткен. Иран менен дипломатиялык талкуунун жолдорун конгрессмендер дүйшөмбүдө Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлдөрү менен талкуулашты.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни мыйзам чыгаруучуларга кийинчерээк Иран менен келишим тууралуу кеңири маалымат берилерин кошумчалады.

“Азыр жалпы кызыкчылык же мунаса табылган жагдайлар тууралуу маалымат Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) берилет. Аны менен катар эле биз алты тараптуу сүйлөшүүнүн катышуучулары, Евробиримдик жана МАГАТЭ менен бул алгачкы макулдашууларды элге ачык жарыялоо боюнча сүйлөшүп жатабыз, - деди Карни. - Биз Конгресске да ал тууралуу кеңири маалыматты жакын арада бергенге укук алабыз го деп ойлойбуз”.

Карни, мындан сырткары, Иран менен туруктуу келишимге жетишүү үчүн азыркы утурумдук келишимди ийгиликтүү ишке киргизүү тууралуу Вашингтондун аракетине басым жасады.

“Тегеран эгерде убактылуу келишимде айтылгандарды так аткарбаса же туруктуу келишимге жетише албаса, мунун арты АКШ жана эл аралык коомчулук тараптан көрүлчү аракеттерге себеп болорун жакшы түшүнөт, - деди дипломат. - Аны азыр АКШда Конгресс аркылуу өткөрбөй жатканыбыздын себеби – биз эл аралык деңгээлде табылган мунасага залал келтиргибиз келбейт. Ал эл аралык консенсус кийинки келишимге пайдубал болуп, санкция режиминин натыйжалуулугунун көрсөткүчү болушу керек”.

Батыш Ирандын ядролук программасы атомдук курал жасаш үчүн иштеп жаткан болушу мүмкүн деп чочулайт. Тегеран болсо анын өзөктүк программасы жайчылык гана максатта энергия алыш үчүн иштей турганын кайталап келет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG