Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Париж: Ирандык оппозициялык топту "колдогон" кыргыздар


"Азаттыктын" стажеру Парижде акча төлөнгөн акциялардын кандай өтөрүнө өз көзү менен күбө болду.

Күндө кечинде “ВКонтакте” социалдык түйүнүнөн музыка угам. Азгырыктуу жарнама менен да өткөн жумада ушул жерден тааныштым.

“Прагадан Парижге автобус менен баруу. Эртең мененки тамагы бекер төрт жылдыздуу мейманканага конуу. Мунун баарына болгону 35 евро коройт".

Эмнегедир мага бул “шылуундардын” кезектеги чалмасындай сезилди. Болбосо Париж Европадагы эң кымбат шаарлардын бири эмеспи. Андай жерде 35 евроң алеки заматта ада болот. Ошол себептүү, шектүү билдирүүгө ак, же көк деп жооп жазбадым.

Бирок “Тур де Франстын” уюштуруучусу өжөр неме экен. Борбордук Азиядан келген мендей жөнөкөй студент үчүн 35 евро төлөп, Елисей талаасы менен Квазимоданын түнөгүн көрүү бактысы дайыма эле боло бербесин колу жооругуча жазып жатты. Мынча эмне көшөрдү? Мени эл-жер көрсүн деп чебелектеген бейтааныш ким деги? Көздөгөн максаты эмне? Тегин жерден өрт чыкпайт эмеспи, өзүнөн бир сурап көрөйүнчү...

“Эми, сиз болгону бир нече саат митингде туруп бересиз. Фарсы тилинде кыйкырып, желек булгалап, мушташпайбыз. Убада берем” - деди суроомо компьютер ары жагындагы уюштуруучу.

“Фарсы? Биз эмне ирандык бирөөнү колдойбузбу...?”- клавиатураны тешип жиберчүдөй басып, экинчи суроомду узаттым.

“Иран оппозициялык тобун. Тамак беришет, кызыктуу кеп угасыз. Бир нече улуттагы студенттер менен да таанышасыз”.

Түшүнбөгөн тилде кантип угам деп өз ичимен ойлоп койдум. "А менин коопсуздугумчу?”, деп суроо узаттым.

“Эми эч ким бул жагынан камсыздалган эмес. Бирок мындай митинг биринчи жолу өтүп жаткан жери жок. 2006-жылдан бери баары эле эсен-соо кетишет”.

“Макул, бардым дейли, көзгө көрүнүп коюп, анан Парижди кыдырып кетсем болобу?”.

“Албетте, ал сиздин эркиңиз. Ар бир күндү каалагандай пайдалансаңыз болот”.

Көз алдыма чоң шаардын чок ортосундагы өтүп жаткан митинг элестеди. Түшүнүксүз талаптар, адилеттүүлүк үчүн күрөш, жаалданган жалдама масса. Баары тааныш, кудум Бишкектегидей. Бир гана айырма - Европада адамды 500 сом менен эмес, Эйфель мунарасы менен алдайт тура. Баарынан да “интернационал студенттер” дегеничи, балким алардын арасында кыргызстандык улан-кыздар дагы бардыр? Алар эмнеге макул болуп жатканын билишээр бекен?

Кантсе да кесибим журналист эмеспи. Бейтааныш шаарда өтчү белгисиз митингдин эмне менен бүтөөрү кызыктырып, Парижге бүгүн түндөп барууга макул болдум. Мындан ары менин баяным хронологиялык тартипте кетет:

21:00. Курбум Жибек экөөбүз вокзалга келдик. Бир нече адам топтолуп, сегиз автобус жүргүнчүлөрүн күтүп турган экен. Ар биринин өз жетекчиси бар, колдорунда номер жазылган жука тактай. Биз түшө турган автобустун жүргүнчүлөрү жол четиндеги тосмо жанында чогулдук. Арасында ар кыл улут өкүлдөрү: орустар, чехтер, азияттар жүрөт. Басымдуу бөлүгү жаштар. Баарынын жүгү оор, мынча нерсени мен бир айга кетсем да алмак эмесмин.

21:40. Митингге барчулар көп экен. Кечиккендердин аягы сууй элек. Баары жайдары. Ананчы 35 евро менен Парижде эс алып атса. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт эмеспи. "Бекер кепин табылса өлмөк бар" дечү беле. Жок жерден пайда көрүүнү ким жаман көрсүн. Болбосо бул жерге эмнеге чогулдук?

22:16. Тосмо жанында турабыз. Уюштуруучулар болсо кечигүүдө. Маал-маалы менен кайгуулда жүргөн полициялар документтерибизди текшерип жатышты. Айрым адамдар Праганын салкын кечинен чыйрыктыбы, айтор, спирт ичимдиктерин иче баштады. Кызып да калышты көрүнөт, ар кайсы бурчтан: “Иран тоту куштарына эркиндик!”, “Уюштуруучулар сыра алып келсин!”, “Парижге жетели, дароо куйрук түйөбүз!” деген кыйкырыктар чыга баштады.

22:42. Сыягы бизге апыртып коюшкан көрүнөт. Уюштуруучулар көпкө кечикти. Себебин ирандыктар менен жолугуп жатышат деп түшүндүрүштү. Убакытты текке кетирбеш үчүн ошол жерде турган эки орус студент кыз менен тааныштым. Кайда барабыз? - деген суроомо бирөөсү “Ирандык аялдардын укугун коргойбуз” десе, экинчиси - “Сымбаттуу француздар менен таанышабыз, ирандык аялдардын бизге эмне кереги бар” деген жооп узатты. Мына ушундай...

23:12. Уюштуруучулар келди. Башка учурда бул илең-салаңдык кыжырды келтирмек. Бирок биз жылуу автобуска киргиче шаштык. Акыры жолго аттандык.

01:15. Аба ырайы бузулду. Сыртта жаан. Бирөө чака менен атайылап төгүп жаткандай. Автобуста олтурган бирөө твиттерде #едемнамитинг деген хэштег түзүүнү сунуш кылды. Бул идея баарыбызга кызык сезилди.

04:40. Таң атты. Жамгырдын басылчу түрү жок. Биз болсо Германияга жеттик. GPS акылдан адашып, бараткан жерибизди туура эмес көргөзө баштады. Айдоочу болсо же орусча, же англисче түшүнбөйт. Чехтердин эски каадасын карманып, автобусту жаңырта чимкирингени да жанга батты. Уйкум каякадыр качып, кирпик ирмеген жокмун.

11:56. Париж. Бизди Конкорд аянтынан түшүрүп, бир күн кечке шаар менен таанышууга уруксат беришти. Ар түрдүү улуттардын аралашмасы бир жерде чогулуптур. Айрыкча полицейлердин көптүгүн айт. Кийимдерин көрүп күлкүм келди. Юдашкиндин орус армиясы үчүн тиккен униформасы эске түштү. Шаардын архитектурасы аябай кооз экен.

13:01. Париж саркеч кийимдер сатылчу дүкөндөрү жана даамдуу макарондору менен эле эмес, чөнтөкчүлөрү менен да атагы чыккан. Кадам сайын бутка чалынат. Капысынан жаныбызга келе калган бейтааныш аялга капчыктарыбызды алдырып жибере жаздадык. Сактыгыбыз үчүн өзүбүзгө рахмат айттык.

17:31. Көк чөп үстүндө Эйфелге суктанып жатабыз. Сүйүшкөндөр менен фотосессиянын эпицентри. Жанында бир гана дүкөн турганы таңкалычтуу. Бул жердеги баа дагы асмандын башы экен, дегеним, биз Бишкекте бир стакан кола үчүн 300 сом төлөйт белек? Мунараны ар кандай ракурста сүрөткө тартып жаткан кезде жаныбызга Юсуф аттуу жигит келди. Телефонго өзүн тартып коюуну суранган бул жигит Германияда окуйт экен, кызыгы ал дагы митингге келиптир. Бирок ал Иран үчүн эмес, Ирак үчүн митингге чыгам деп ишенип алыптыр.

22:58. Түн. Эйфель мунарасындагы жана Сена дарыясынын үстүндөгү көпүрөнүн жарыктары күйдү. Мындай кооздукту сөз менен жеткирүү кыйын. Эмнегедир “Парижди көрүп анан өлүү” деген фразаны эстедим. Ошол маалда биздин автобустар келип, мейманкананы көздөй сапар тарттык. Канча жылдызы бар экенин азыр текшеребиз.

23:47. Novotel. Сыртынан караганда салабаттуу эле мейманканадай көрүндү. Бирок мейманкана кызматкерлери Прагадан баргандар үчүн күн мурунтан номер ээленбегенин айтып, эшиктен кайтарышты.

00:55. F-otel Парижден 60 чакырым алыс жайгашкан. Эгер мага мейманканаларды сынатышса, бул жерге эптеген бир жылдыз бермекмин. Даараткана менен жуунуп-чайынчу жери өлөйүн деген абалда экен. Кирпиктен тартса жыгылчудай абалда тургандыктан ага деле кайыл болдук. Эптеп эле жаздыкка башыбыз тийсе... Дааратканага кезек күтүп турганда кимдир бирөө “сиз 35 еврого “Хилтонго” жатууну каалайсызбы?”, - деп какшыктады. Деген менен анда чындыктын үлүшү бар болчу.

11:42. Уйкунун азабынан эртең мененки тамактан кур калдык. Бирок убагында ойгонгондор деле жарытылуу тамак ичпептир. Бутерброд менен сүт беришкен экен. Убада боюнча ушундай “швед дасторконун” уюштуруп беришкен көрүнөт. Иран оппозициясын жактоо үчүн жаңы күч, жаңы дем керек эмеспи.

13:16. Шарль де Голь аэропортунан анча алыс эмес кызыктай жерге бардык. Баарыбызга эреже жана көргөзмө жазылган баракчаларды таратып беришти. Фотоаппарат жана камера колдонууга тыюу салышканы маанайды бузду.

Тегерете курчаган күзөтчүлөрдөн улам митингден оңой эле качып кете албасыбызды түшүндүм. Баарынан да ошого туталандым. Жылуу автобустан чыгып, жерге түшөрүбүз менен ар кайсы жерге илинген сары, күлгүн түстөгү желектер көзгө урунду. Алардын баарында - Maryam Radjavi деген жазуу бар экен. Нааразылык акциясынын уюштуруучусу ким экени акыры белгилүү болду. Ар кайсы өлкөдөн келген автобустардын аягы көрүнбөйт. Митинг болчу жайга кирээрде шектүү жана миздүү буюмдар бар-жогун текшеришти. Рюкзагымда фотоаппарат бар эле, мени өткөрбөй коюшту. Бирок көпкө турбадым. Азыноолак акча төлөсөм, ичкери киргизишти. Бул ыкма Европада дагы жакшы иштейт.

14:23. Атайын жайдын ичинде он миңден ашуун адам бар экен. Жагымсыз музыка кулактын кужурун алып, кайсы бир сектанын жыйынына келгендей болдум. Бардык катышуучулар тамакка: кола менен сэндвичке талон алышты. Өзөк жалгаган соң стадиондун үстү жагын көздөй жылдык. Ар бир отургучта синхрондук котормо үчүн берилген тыңдагычтар (наушник) жатты. Мен паранжа жамынган аялдын жанына туруп алган экем, “Аллах акбар!” деген сөздү улам кайталап жатты. Тышка чыгуу үчүн эшик издешибиз керек.

15:11. Имараттын оозунан, шишкекбек жана балык кошулган сэндвич саткан жерден кыргыздарга жолуктук. Эне тилде сүйлөшүп турган үч мекендеш Германиядан келген экен. Бейкапар шишкебек жеп турушат. Аңгыча алардын жанына дагы эки кыргыз басып келди. Алар укук коргоо органдарында иштерин айтып, сурообузга жооп берүүдөн баш тартканы менен камерадан качышкан жок.

15:37. Биз күзөтчүлөрдү жазгырып, сыртка чыгып кеттик. Эркиндиктебиз, эми эмне кылсак?

16:07. Издеп жүрүп метрону да таптык. Ага олтуруп дагы сыйлуу жерлерин көрүү үчүн Парижге жөнөдүк.

21:28. Автобуска бардык. Бул иш-чарада кан төгүлүп, бейбаштык болбогону менен биз үчүн абдан ыңгайсыз болду. Демократия үчүн күрөшкөн ирандыктар бизди туткундардай эле кармады. Парадокс.

11:57. Биз Прагадабыз. Жүрөктө тоңгон музду Парижден сатып алган сувенирлер дагы эрите алчудай эмес.

“Бекер быштак капканда” деген эреже адамзаттын гендик эс-тутумунда жашаганы менен каражатты үнөмдөгүсү келген курмандыктар көп экенин биздин “саякатыбыз” дагы бир жолу далилдеди.

Алина Алымкулова,
Прага-Париж-Прага, 21-23-июнь


Кыргызчалаган Санжи Туйтунова. Макаланын оргиналын бул жерден окуңуз

XS
SM
MD
LG