Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

AP: Манафорт Путиндин пайдасына план сунуштаган


Пол Манафорт
Пол Манафорт

“Ассошиэйтед Пресс” (AP) агенттиги АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы шайлоо кампаниясынын башчысы Пол Манафорт орус президенти Владимир Путиндин пайдасы үчүн жашыруун саясий стратегияны сунуштаганын кабарлап чыкты. Агенттиктин маалыматы боюнча, америкалык бизнесмен бул планды 2005-жылы Кремл менен байланышы бар орус олигархы Олег Дерипаскага сунуштаган. Басылма жазгандай, ал план АКШдагы, Европадагы жана постсоветтик чөлкөмдөгү саясатка, бизнес келишимдерге жана медиага Путинге пайда алып келе тургандай кылып таасир этүү максатын көздөгөн.

“Манафорт Дерипаска менен 10 миллион долларлык келишимге кол коюп, 2009-жылга чейин ал менен ишкерчилик алакада болгон” деп айтылат “Ассошиэйтед Пресстин” маалыматында.

21-мартта украиналык адвокат Сергей Лещенко Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин партиясы Пол Манафортко 750 миң доллар бергенин, ал акча Кыргызстан аркылуу өткөнүн айтып чыккан.

Манафорт эч качан Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштебегенин буга чейин Трамптын администрациясы да, бизнесмендин өзү да четке каккан. Манафорт 2016-жылдын август айында шайлоо компаниянын башчылыгынан кеткен. Буга ал “Орусиянын чалгын кызматтары менен байланышта болгон жана Украинанын мурдагы президентинин партиясынан акча алган” деген маалыматтар себеп болгон.

Манафорт орус олигархы Дерипаска менен иштешкенин “Ассошиэйтед Пресс” агенттигине тастыктап, бирок ал иш Орусиянын саясий кызыкчылыгына тиешеси жоктугун айтты жана соңку маалыматтарды “каралоо кампаниясы” деп атады.

XS
SM
MD
LG