Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Лондондогу кол салуудан кеминде бир адам мерт болду


Лондон, 22-март, 2017-жыл
Лондон, 22-март, 2017-жыл

Лондондун так ортосундагы Британ парламентинин жанында орун алган кол салуулардан кеминде бир адам мерт болду.

Полициянын маалыматы боюнча, кара кийимчен адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Жан берген аял алардын арасында болгон.

Көпүрөдөгү кол салуудан көп өтпөй парламент имаратынын алдында полицияга бычак урулган. Полицияга кол салган адам атып өлтүрүлдү.

Көпүрөдөгү жана парламент имаратынын алдындагы эки чабуулду бир адам жасады деп кабарланууда. Маалыматка ылайык, чабуулчу көпүрөдө адамдарды сүзүп кеткенден кийин парламентке багыт алган болушу мүмкүн.

Лондондун эң катуу кайтарылган районундагы бул окуядан кеминде 4-10 киши жаракат алганы кабарланууда.

Чабуулдан кийин Британиянын атайын күчтөрү окуя болгон аймакка жөнөтүлдү. Кол салуунун чоо-жайы аныкталгыча парламент имаратына кирип-чыгуу токтотулду.

Лондондогу кол салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

XS
SM
MD
LG