Үрөйдү учурган учак кырсыгы
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.
Чыгарылыштар
-
Апрель 18, 2024
Жогорку Кеңештин абалы кандай?
-
Апрель 17, 2024
Дубайда нөшөрдөн кийин аэропорттун иши чектелди
-
Апрель 17, 2024
Актөбөдө дагы бир айылдын тургундары көчүрүлдү
-
Апрель 16, 2024
Ататүрк паркындагы хансарайлар эмне болот?
-
Апрель 16, 2024
Жалал-Абадда, Аксыда үйлөрдү суу каптады
-
Апрель 16, 2024
Барак эксклавынын тургундары Кара-Сууга көчүрүлдү