Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Ирандын өзөктүк объектилерине каршы чабуул болуш мүмкүндүгү өскөн сайын катардагы жарандар арасында алар Батыш менен тирешүүнүн бүт жүгүн өздөрү көтөрүп калышы мүмкүн деген коркунуч да күчөдү.

Согуш чыгып кетиши мүмкүн деген коркунуч ирандыктарды алдыда оор күндөр турат деген чочулоо астында калтырды.

Буга маалымат каражаттары “Израил эми Ирандын ядролук жайларына сокку урушу айкын болуп калды” деп жазышканы себеп болду окшойт. Мындай коркунучтарга негиз бар экенин Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) да шейшембидеги жаңы баяндамасы менен бышыктап койгондой болду. Ал отчетто “Иран атомдук курал жасоого байланышы бар иштерди жасаганы” айтылган болчу.

"Азапты эл тартат"

1980-жылдары сегиз жыл бою Ирак менен согуштун азабын тарткан ирандыктар ошол каргашалуу күндөр дагы кайталанышы мүмкүндүгүнөн жүрөк заада болуп турушат.

Ысмын айткысы келбеген исфахандык бир киши биздин радиого сүйлөп жатып, “кандай гана согуштук аракет болбосун, андан эл кыйналаарын” айтты. “Санкциялардын да запкысын катардагы эл тартып жатат, андан Ирандын жетекчилери эч зыян тартышкан жок. Согуштун бүт оор жүгү да жөнөкөй адамдардын ийнине артылат”, - дейт ал.

“Мен ойлоно берип, уктай албай да калдым”, - дейт Тегеранда жашаган 56 жаштагы аял. Анын ишениминде, непада Иранга кол салышса, ал мамлекеттин диний жетекчилиги үчүн эле ыңгайлуу болот, эл кыйналат.

“Согуш азыркы жетекчиликти күчтөнтөт, адамдар өздөрү колдобогон режимге бириге баштайт. Бизге андан башка жол калабы? Израил биздин өзөктүк жайларда иштеп жаткан катардагы жарандарыбызды кырып жатса, биздин эл унчукпай турат беле?”, - деп суроо салат бул аял.

Израилде Иранга каршы аскерий кадамдарга баруу демилгесин мамлекеттин премьер-министри Биньямин Нетаньяху колдогонуна дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашаган ирандыктар да тынчсыздана башташты. Аналитиктердин арасында муну жөн гана Иран проблемасына карата дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында айтылган Израилдин стратегиясы катары кабыл алгандар да бар.

Согуштун режимге пайдасы

АКШ болсо эч кандай вариантты жокко чыгарбай турганын, бирок баары бир кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө басым жасай берээрин билдирди.

Буга ишенбегендердин бири, Ирандагы Масхад шаарынын тургуну Мухаммад бизге сүйлөп жатып, “Иранга каршы чабуулду даярдап жатат” деп АКШнын президенти Барак Обаманы айыптады.

“Ирандын өзүндө жамы журт руханий лидер аятолла Али Хаменейини жана өкмөттү колдойт. Миллиондогон эл өкмөт менен бир күчкө топтолот. Непада согуш чыгып кетсе, алар баары өз жетекчилигин коргоп калышат”, - деген бул киши анын өлкөсүнө кол сала турган болушса, “Иран америкалык аскерлердин мүрзөсүнө айланат” деп эскертти.

Анын айткандарын, кайсыл бир деңгээлде, адам укуктары үчүн күрөшкөн жергиликтүү активисттер да бышыктап, Иранга каршы чабуул өлкөдөгү улутчулдарды бириктирип, адам укуктары боюнча начар абалды андан бетер курчутат дешет.

Учурунда Иранда камалган белгилүү социолог Хуссейн Газиян да “Иранга каршы чабуул жетекчилик үчүн жакшы, демократия үчүн жаман” деген пикирди колдогондордун бири.

“Эгер сырттан чабуул болсо, Ирандагы азыркы режим өзүнө каршы чыккандарды мурдагыдан да катуу репрессияга алууга толук летигимдүүлүктү, себепти алган болот, - дейт ал. - Ирандагы элдин саясий маданияты өз өлкөсүнө эч кандай чет өлкөнүн кийлигишүүсүн каалабайт. Ошон үчүн өлкөнүн башчылары бүт элди жалпы душманга каршы бириктирип, колдоо табышы мүмкүн”.

“Жашыл кыймылын” колдогон тегерандык журналист жазгандай, көпчүлүк азыркы окуяны жөн гана сырттан байкап, араздашуулар да бир аз убакыттан кийин мурдагысындай басылып калат го деп үмүттөнүп турат. “Коом өзүнө сырттан эч кимдин кийлигишүүсүн, чабуул коюшун кабыл ала албайт”, - дейт ал.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү ирандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү “согуш чыгып кетчү болсо, алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн колдош үчүн мекенине кайтып барганга мажбур болушаарын” айтып жатышат.

АКШда, Европада жана Канадада жашаган жүздөн ашуун ирандык активисттер жана интеллектуалдар ачык кат таркатып, анда репрессивдүү Иран бийлигин да, сырттан аскерий чабуул тууралуу сүйлөгөндөрдү да айыптады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG