Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Бул боюнча парламенттик угуу бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинде өтөт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан. Анда акыйкатчыны шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, анын укуктук статусун, ыйгарым укуктарын, ишин уюштурууну жана мамлекеттик органдар менен өз ара мамилесин тактаган редакциялык түзөтүүлөр камтылган.

Маселен, акыйкатчыны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү жободон анын “жылдык баяндамасын жактырбоо” жана “антты бузуу” деген себептерди алып салуу сунуш кылынууда. Авторлордун пикиринде, бул нормалар Акыйкатчы институтунун көз каранды эместигине түздөн-түз таасир этүүдө.

Мыйзам долбоор республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбасы айтылды.

Кыргызстанда акыйкатчы кызматы 2002-жылы кирген. Буга чейинки эки омбудсмен тең парламенттин чечими менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтетилген. (RK)

XS
SM
MD
LG