Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШ мамкатчысынын орун басары Бишкекке келет


АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Томас Шэннон Борбор Азияга жасаган иш сапары учурунда 26-27-октябрь күндөрү Бишкекте болот. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, ал бийлик өкүлдөрү менен кезигип, эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулайт.

Томас Шэннон Борбор Азия чөлкөмүнө алгач ирет келүүдө. Анын 24-октябрда башталчу сапары үч мамлекетти – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды камтыйт.

АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташуулары C5+1 форматында уюштурулуп, маселелер талкууланып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG