Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Иран: Ыңкылаптагы жарака


"Ислам ыңкылабынын" мурасы Иранда көп суроолорду жаратууда
"Ислам ыңкылабынын" мурасы Иранда көп суроолорду жаратууда

Иран бүгүн 1979-жылкы Ислам революциясынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. Ыңкылаптын натыйжасында өлкөдөгү шахтын режими кулап, өлкө ислам республикасына айланган. Бирок былтыркы президенттик шайлоодон кийинки оор кырдаалдан улам азыр байкоочулар Иранды “исламий-аскердик диктатурага” айланып кетти дешет.

Бүгүн Иран эң маанилүү майрамды белгилейт. Бирок былтыркы президенттик шайлоодон кийин кайрадан мамлекет башчылыгына келген Махмуд Ахмединежадга нааразылык да басыла элек.

Алгачкы жолу бул майрам быйыл чоң кооптонуулар менен белгиленүүдө. Анткени өкмөт оппозицияны массалык демонстрация уюштурушу мүмкүн деп, башаламандыктан алыс болууга чакырды.

Ага карабай оппозиция элди бүгүнкү майрамда массалык нааразылык билдирүүгө чакырды.

Мындан 31 жыл мурдагы окуяларга кайтсак, анда көптөр ыңкылап өлкөнүн элине эркиндик алып келет деп ишенишкен. Ыңкылапты уюштуруп, кийин Иран ислам республикасын түзгөн Аятолла Хомейни ал учурда “Эми коомдо зулумчулук болбойт” деген эле.

“Ислам башкаруусунда диктатура болбойт, - деген ал. - Мында Мухаммад пайгамбардын жакын тууганы Али Ибн Абу Талибдин тушундагы башкаруудагыдай бүт нерсе мыйзамдын чегинде гана жүргүзүлөт”.

Бирок ал революциядан 31 жыл өткөндөн кийин, азыр Иранда көптөр ислам ыңкылабы максатына жеткен жок дешет. Азыркы өлкө жетекчилиги репрессивдүү башкаруучулукка айланып баратканын айтышууда.

Өткөн аптада оппозициялык лидер Мир Хусейн Мусави да 1979-жылкы революция өзүн актабаганын, азыр да “зулумдук менен диктатуранын” тамыры калып жатканын айткан.

Ислам революциясы учурунда шахтын бийлигине каршы чыгып, бирок азыр өлкөдөн куулган журналист Нушабе Амири азыркы саясий репрессия, шахтын тушундагыга караганда, алда канча оор экенин билдирди.

“Азыр эми өткөнгө назар салсаңыз, ал учурда революцияны жасаганга аракет кылгандарга кысым бүгүнкүдөй оор болгон эмес. Ошондо биз шахтын армиясы аны жасады, тиги жасады дечүбүз. Бирок бүгүнкү камоолор, кыйноолорго, катуу репрессияга келгенде, тилекке каршы, ал учурдагы абал менен азыркыны такыр салыштырып болбой турганын түшүнөбүз”, - дейт журналист Амири.

Азыр эми Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгында Ирандын жетекчилигинин келечеги бүдөмүк болуп турат. Бир жагынан, реформачыл маанайдагы оппозиция басылып кала тургандай түрү жок. Дагы бир четинен, өзүнүн аскерий, коопсуздук күчтөрүнүн жардамы астында азыркы режим да мунасага бара тургандай эмес.

Айрым байкоочулар 11-февралды диний башкаруудагы мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү күн болуп калат дешет. Башкалары алдыдагы жумаларда абал дагы курчуй турганын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG