Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

"Мен жаман ишке барган эмесмин"


Мухаммад Мустафа
Мухаммад Мустафа

Иранда күйөөнүн көзүнө чөп салды деп айыпталып, ташбаран жолу менен өлүмгө өкүм кылынган Сакинех Мухаммади Аштианинин иши жөнүндө биз буга чейин айтып берген элек. Ушул аптада маалым болгондой, анын адвокаты Түркияга качканга мажбур болду. Мухаммад Мустафа "Азаттыкка" айтканына караганда, бийликтер аны адвокаттык ишин токтотууга мажбурлаш үчүн жубайын, кайын атасын жана кайын инисин камакка алышкан.

Жубайы Ирандагы түрмөдө кармалып турган адвокат азыр Стамбулда, Бириккен улуттар уюмунан качкын макамы боюнча арызына жооп күтүп жатат. Ал өзүнүн аялын “барымтага” алышты деп эсептеген Ирандын бийликтерине эч качан багынбай турганын айтты.

Түркияга качып баргандан кийин адвокат Бириккен улуттар уюмуна качкын макамы үчүн арыз берген. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, адвокат аялын түрмөдө, жети жашар кызын Тегеранда калтырып качуу ал үчүн оор болгонун айтты.

“Мен Ирандын сот системасында жалаң эле ташбоор адамдар отурат дегенге эч ишенчү эмесмин. Сотто ушунчалык мыйзамсыздык болот деп ойлобоптурмун. Алар менин жубайымды жасабаган айыбы үчүн түрмөдө кармашат дегенден алыс элем. Аны кармашканына эки аптадай болуп калды, - дейт ал. - Аялым менин ишиме эч аралашкан эмес. Аны менин айымдан эле камашты. Иранда соттун иши азыркыдан өзгөргүчө ал жакка барбайм. Мен эч кандай соттон коркпойм, анткени жаман ишке барган эмесмин. Башкаларга жардам берип гана жүрдүм”.

Адвокат Мухаммад Мустафа аны кармашканда, эмне үчүн кылмышкер балдарга жардам берип жүргөнүн, эмне үчүн аларга банкта эсеп ачканын, анан эмнеге бекер иштегенин сурашкан. Бирок кайсыл күнөөсү үчүн аны суракка алынып жатканын такташкан эмес, айып да тагышпады.

Анын айрым башка кесиптештери “Азаттыкка” айтканына караганда, Мустафага басымды Аштианинин иши үчүн күчөтүштү. Адвокат “ала жипти аттады” деп ташбаран жолу менен өлүмгө өкүм кылынган Сакинех Мухаммади Аштианини коргоп жүргөн.

“Мен Сакинех Мухаммадинин адвокаты болгом жана аны коргоого укугум бар болчу, - дейт Мустафа. - Кайсыл гана адвокат болбосун, ал адамды акыйкатсыз жазадан коргош үчүн колдон келген аракетинин баарын жасашы керек. Сот Сакинех Мухаммадини ташбаранга алуудан сактап кала албагандан кийин, анын абалы жөнүндө бүтүн дүйнөгө кыйкырып, аны мындай оор жазадан куткаруу үчүн дүйнө Ирандагы бийликке басым жасасын дедим”.

Мустафа Иранда өлүмгө өкүм кылынган жашы жете элек кылмышкерлерди да коргоп жүрөт. Эми адвокат өзү Ирандан качып кеткенден кийин ошол жаш балдардын тагдыры кандай болот деген суроо жаралат.

“Акыркы жылдары мен өлүмгө өкүм этилген 40 жаш баланын ишин карадым. 18ин өлүмдөн сактап кала алдым, бирок, тилекке каршы, төрт баланы дарга асышты. Калгандарынын иши азыр каралып жатат. Айрымдарын өлтүрүшү мүмкүн деген коркунуч бар, - деген авдокат, - азыр эми, чынын айтсам, мен алыстан аларга кантип жардам беришти да билбей турам. Эгерде сырттан дурус колдоо болсо, мен башка жактан деле аларды өлүмдөн сактап калууга жардам бере алмакмын”, - дейт.

Азыр эми адвокаттын кайын-атасы менен кайын иниси түрмөдөн бошотулушту. Бирок жубайы дагы эле абакта. Мухаммад Мустафа Иран бийликтери анын аялын түрмөдө көпкө кармап тура алышпайт деп ишенет. Анткени бул “Иранда сот системасы адамдарды барымтага алат” дегенге жатмак. “Анын үстүнө бул шариатка да туура келбейт”, - дейт адвокат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG