Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Президент Роуханинин 100 күндөгү ийгилиги


Президент Хасан Роухани. Тегеран, 26-ноябрь 2013.
Президент Хасан Роухани. Тегеран, 26-ноябрь 2013.

Ирандын президенти Хасан Роухани дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү менен түзүлгөн жаңы убактылуу келишимди алгачкы жакшы жышаана деп атады.

Бирок Ирандын ядролук программасына болгон ишенбөөчүлүккө биротоло чекит койчу келишимге жетишүү үчүн “дагы узун жолду басып өтүү зарыл” деди. Роухани мындай пикирин өз өкмөтүнүн бийликтеги жүз күндүгүн туштай 26-ноябрда Ирандын өкмөттүк телеканалындагы интервьюсунда айтты.

Президент Роухани телеинтервьюда Тегерандын ядролук программасы боюнча талашты жөндөө максатында эл аралык коомчулук менен талкуу улантыларына токтолду жана Иранга каршы санкцияны алып салганга жетишем деп убада кылды. Ошол эле учурда бул чатактын жөнгө салынуусуна каршы өлкөлөр бар экенин айтып, бирок аларды атабады:

- Дүйнөдөгү кээ бир өлкөлөр ядролук маселени чечтирбөөгө аракет кылышууда. Балким өлкө ичинде да баладай аракет кылууну каалагандар бар. Биз өлкөнүн өзүндө ички проблемалар боюнча биримдикти жана тилектештикти көрүүдөбүз.

Ирандын гезиттери ядролук келишимге биринчи бетин арнашты. Тегеран, 25-ноябрь 2013
Ирандын гезиттери ядролук келишимге биринчи бетин арнашты. Тегеран, 25-ноябрь 2013
24-ноябрда Женевада Иран жана алтылык ортосунда түзүлгөн убактылуу келишим Роуханинин айтышынча, Тегерандын чөлкөмдөгү элдешкис жоосу жана келишимге түздөн-түз каршы чыгып жаткан Израилди бурчка такап койду. Келишимди АКШнын Жакынкы Чыгыштагы дагы бир союздашы Сауд Арапстан, ошондой эле Конгресстеги бир катар республикачылар жактырбады. Алар келишим Иранга кысымды жеңилдеткендиктен, өлкө атомдук бомбанын үстүнөн иштөөсүн токтотпойт деген көз карашта.

Бирок президент Обама жаңы келишим Тегеранды ядролук бомбаны жасоодон артка кайтарып, Американын коопсуздугун бекемдеп, Иран менен Батыш арасындагы ондогон жылдардан берки осол мамилени оңдоого мүмкүндүк берээрин билдирди.

Келишимге ылайык, Иран уранды беш процентке чейин гана байыта алат. Мындай уран ядролук бомба үчүн колдонууга жарабайт. АКШ, Британия, Германия, Орусия, Кытай, Франция келишимде каралган алты айда, Ирандын ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөөрүнө ишенип, маселеге биротоло чекит койчу келишимдин негизин Иран менен сүйлөшүүгө тийиш.

Ирандын президенти шейшемби күнкү интервьюда алтылык менен кол коюлган келишим өлкө үчүн пайдалуу экенине көңүл бурду. Хасан Роуханинин айтымында, инфляция азыр 40 процентке жакын болот жана өлкөдөгү эмгекке жарамдуу калктын 10 процентинен көбү жумушсуз жүрөт.

Саудиянын гезиттери алтылык Иран менен кол койгон жаңы ядролук келишимге баш темаларын арнады. Эр-Рияд, 25-ноябрь 2013
Саудиянын гезиттери алтылык Иран менен кол койгон жаңы ядролук келишимге баш темаларын арнады. Эр-Рияд, 25-ноябрь 2013
Роухани санкциялар Ирандын экономикасындагы проблемаларды татаалдантканын, бирок кырдаалга мурунку президент Махмуд Ахмадинежаддын башкарууда кетирген жаңылыштыктары алда канча олуттуу таасир эткенин белгиледи:

- Мен экономикабыздагы бардык балекеттер - санкциянын натыйжасы деп айта албайм. Экономикадагы проблемалардын башаты – башкарууда. Биз санкцияларга карай кадам таштаганыбызда мурдакы өкмөт - биз санкцияны көздөй баратканыбызды билген жана ал санкцияларды бир тутум барак деп атаган. Бул өлкөнүн импорттук көз карандылыгын күчөткөн.

Ирандык саясатчылардын байыстууларынан эсептелген Хасан Роухани өз сөзүндө Тегеран уранды байытууну уланта берээрин, бирок бул иш ачык-айкын жана эл аралык жоболорго ылайык жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Рейтер жаңылыктар агенттиги менен баш кеңсеси Парижде жайгашкан IPSOS изилдөө борборунун сурамжылоолоруна караганда, Иран менен түзүлгөн убактылуу келишимди америкалыктардын 44 проценти колдойт, 22 проценти каршы. Ошол эле маалда америкалыктардын 66 проценти Иран атомдук бомбага ээ болууну каалайт деп ишенишет. 591 америкалык жекшемби-шейшемби күндөрү сурамжыланган. Эки агенттиктин эскертишинче, алардын жоопторундагы жаңылыштык 4, 9 процентке чейин болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG