Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Өзөктүк программа боюнча Орусия сунушун Иран угабы?


Ядролук долбоор боюнча создуктурулган Орусия-Иран сүйлөшүүлөрү жемишин береби?

Орусиянын Ирандын өзөктүк куралы боюнча жети айдан бери токтоп турган сүйлөшүү аракеттери башталабы? Же бул долбоордун ишке кириши үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин калган мүчөлөрүнүн колдоосу зарылбы?

Орусия Ирандын ядролук программасынын оош-кыйыштарын ар тараптуу талкуулаган түрдүү баскычтардан турган долбоорду ушуга чейин сунуштап, бул боюнча Ирандан так жооп ала албай келет.

Бул суроо боюнча акыркы талкуулар январь айында Стамбулда Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германиянын катышуусунда өтүп, тараптар өз пикиринде калышкан.

Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ БУУнун Коопсуздун кеңешинин турукутуу мүчөлөрү катары бул сүйлөшүүдө ортомчулар.

Сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 13-июлда Вашингтондо мамкатчы Хиллари Клинтон менен чогуу берген маалымат жыйынында кайрадан Иранга кайрылган эле. Бул план “Лавровдун планы” деген аталышты да алган. Анын негизги өзгөчөлүгү – план кадамдарда бөлүнгөн.

Лавров Ирандан өзөктүк курал боюнча адегенде оңой суроолорго жооп берүүнү, андан кийин башка кадамдарды жасоону өтүнгөн. Министрдин айтымында, Ирандын жооптору Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрүн жана Германияны ынандыра алса, кээ бир санкциялар алынмак.

Тегерандын бул кайрылууга жообу канааттандыраарлык болгон эмес.

Августта Коопсуздук кеңештин Орусиядагы катчысы Николай Патрушев жана Ирандын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөргөн соң, Ирандын өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн негизги адиси Саид Джалили 16-августта жылуу маанайда “Биздин орус досторубуз сунуштаган долбоор атомду тынчтык максатында өнүктүрүү ишинде регионалдык жана эл аралык сүйлөшүүлөрдүн пайдубалын курушу мүмкүн” деген сөздөрдү айтты.

Орусия буга чейин бул сүйлөшүүлөрдөн үмүтүн үзгөн эле. Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рыбаков 16-августта Москванын аракети жемиш бербей жатат деген оюн жашырган эмес.

Бирок ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи “Лавровдун” планын талкууло үчүн Тегерандан Москвага эки күнгө келип, шаршемби күнү Лавров менен чогуу маалымат жыйын өткөрүп, долбоордо “жакшы элементтер” бар экенин жана ал Тегеранда “эксперттер” менен талкууланаарын билдирди.

Бул суроолор боюнча талдоочу, АКШда жашаган Генри Сокольски сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү аякташына көзү жетпейт.

- Пландын башталышын талкуулоо жүрүп жатат. Менин байкашымча, планга ирандыктар чын дилинен макул болушкан жок. АКШнын Конгресси санкцияларды алууга азырынча макул эмес. Бир нече европалык негизги оюнчулар Иранга көбүрөөк укук берүүгө макул эмес. Бул жерде Орусия гана планын алдыга түрткүлөөдө.

Батыштын айрым эксперттери болсо, Орусиянын бул долбооруна дале ишеним артышууда. Алардын пикиринде, башка жолдор ийгиликке алып келген эмес.

Айрым адистер Москванын Иран боюнча планы башка көмүскө максаттарды көздөөрүн да айтышууда. Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко “Фарда” үналгысына берген маегинде “Иран менен дос мамилелерди сактап калуу менен Орусия ислам дүйнөсүндө көз карандысыз саясатын жүргүзүүнү каалайт” деген оюн айткан.

Иранга уран байытуудан баш тартпаганы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши буга чейин төрт ирет санкция киргизген. Ирандын ядролук программасы боюнча 6 өлкө ортомчу. Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрү жана Германия, МАГАТЭ менен биргеликте Ирандан уран байытууну токтотууну талап кылышууда. АКШ башындагы кээ бир өлкөлөр Иран ядролук бомбага ээ болсо, аны Европага жана Израилге каршы колдонушу этимал дешет.

Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келүүдө.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG