Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Базар-Коргондун акими алмашты


Кыргызстандын картасындагы Базар-Коргон району кызыл түстө.
Кыргызстандын картасындагы Базар-Коргон району кызыл түстө.

Базар-Коргон районуна Айбек Бегимкулов аким болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьердин дагы бир буйругунун негизинде мурдагы аким Таалайбек Долдошев кызматтан алынды. Расмий маалыматта ал иштен кетүүгө өзү арыз жазганы айтылат.

Базар-Коргон району Жалал-Абад облусунда жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG