Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Крымдык журналист Николай Семена айыптуу деп табылды


Николай Семена
Николай Семена

Крымдык журналист Николай Семена экстремизмге чакырык таштоо боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу анын адвокаты Эмил Курбединов Фейсбукка жазды.

Журналистке каршы кылмыш ишин ФСБ быйыл 19-апрелде ачкан. Ал “Крым.Реалии” интернет басылмасына “Блокада – Крымды бошотууга зарыл алгачкы кадам” аттуу макаласынан улам айыпталган.

Николай Семена эч жакка чыкпоо талабы менен үй камагында. Аны тергөө жараянындагы маалыматтар ачыкка чыгарылбай келет.

Адвокаттары журналист жазган макала боюнча лингвистикалык экспертиза корутундусу чыга электигин, андыктан ага айып коюу мыйзам бузуу экенин белгилешүүдө. Семена өзү да айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG