Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Бириккен Араб Эмирлиги мунай өндүрүшүн азайтууга даяр


Бензин.
Бензин.

Бириккен Араб Эмирлиги мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтууга көндү. Өлкө жетекчилиги дүйнөлүк бааны арзандатпай кармап туруу үчүн мындай кадамга барууну чечкенин Reuters агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, эгерде Иран өндүрүштү көбөйтпөсө Сауд Арабиясы да аны азайтууга даяр.

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) Алжирде өтчү жыйынын утурлай дүйнөлүк базарда кара майдын наркы бир аз жогорулады. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 60 центке кымбаттап, 46,5 доллар болду. Базарда көп болуп кеткендигине байланыштуу 2014-жылга салыштырмалуу мунайга болгон баалар эки эсеге төмөндөгөн. Бул көрүнүш ОПЕК өлкөлөрү менен Орусияны тез аранын ичинде мунай экспорттоодон түшчү кирешелерди көбөйтүү үчүн кошумча чараларды көрүүгө аргасыз кылууда.

XS
SM
MD
LG