Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Иранда студентти дарга асышат


Тегерандагы демонстрацияда анын катышуучусу коопсуздук күчтөрүнө таш ыргытканы турат. Валиан да ушул боюнча жазага тартылды, 27-декабрь, 2009

Тегерандагы демонстрацияда анын катышуучусу коопсуздук күчтөрүнө таш ыргытканы турат. Валиан да ушул боюнча жазага тартылды, 27-декабрь, 2009

Ирандын Аппеляциялык соту студентке чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырды. Мухаммад Али Валиан былтыр декабрда “Ашура” диний майрамында коопсуздук күчтөрүнө таш ыргытканы үчүн “Аллага каршы согушка чыккан” деп күнөөлөнгөн. Иранда былтыркы президенттик шайлоодон берки нааразылык акцияларына катышканы үчүн буга чейин эки адам өлүм жазасына өкүм этилип, дарга асылган эле.

20 жаштагы студент Мухаммад Али Валианды эми каалаган учурда дарга асышат. Ага чыгарылган өлүм жазасы боюнча өкүмдү Ирандын Аппеляциялык соту 1-мартта күчүндө калтырды.

Бул - башка активдүү жаштарды коркутууга болгон аракет
Валиан - өлкөдөгү былтыркы президенттик шайлоодон кийин тополоң чыгаргандардын катарында болгон деп өлүм жазасына өкүм кылынган 11 адамдын бири.

Ирандагы адам укуктары үчүн эларалык өнөктүк деп аталган уюмдун өкүлү Ааран Родес “Азаттыкка” айтканына караганда, Валианды бийликтер 27-декабрда “Ашурадан” тартылган сүрөттөрдүн негизинде айыпташты.

“Аны “Аллага каршы согуш ачкан” дешти. Бул Ирандагы эң жогорку кылмыш десе да болот. Валиан - саясий активдүүлүгү менен айырмаланган студент. Буга чейин да бир топ демонстрацияларга катышкан. “Ашурада” ал полицияга каршы таш ыргытканы сүрөткө тартылып калыптыр. Ошол сүрөттөрдүн негизинде аны өлүм жазасына тартмай болушту”, - дейт укук коргоочу Родес.

Деги “Ашурада” эмне болду эле?

27-декабрда шийилердин “Ашура” диний майрамында оппозиция Тегеранда жана айрым башка шаарларда өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштурду. Кандуу тополоңдо ондогон демонстранттар жаракат алып, кеминде сегиз киши набыт болду. Буга чейин жумурияттагы жогорку даражадагы креликтердин бири “Кимде ким “Ашурага” акаарат келтирсе, Аллага согуш ачканы менен барабар” деп айткан эле. Соттун чечими ошол билдирүүнүн негизинде кабыл алынган өңдүү.

“Ирандын жаңы үнү” деп аталган оппозициялык интернет сайты студентти сактап калуу боюнча өнөктүгүн жүргүзүүдө. Анда жазылгандарга караганда, Валиан динге берилген үй-бүлөдөн чыккан жана жасаган аракеттери шариаттын талаптарына каршы келген эмес.

20 жаштагы студент былтыр шайлоо учурунда оппозициянын лидери Мир Хусейн Мусавинин шайлоо өнөктүгүндө иштеген. Мусави өзү ошол шайлоодо президент Махмуд Ахмединежад жыйынтыкты бурмалап, кайра президенттик кызматка мыйзамсыз келип алганын айтып жүрөт.

Моралдын тепселиши

Укук коргоочу Родес Валиандын өлүмгө өкүм кылынышын “моралдык баалуулуктарды тепсөө” катары сыпаттады.

“Бул - Валианга окшоп өзүнүн жарандык, саясий укуктарын коргоону каалаган башка жаштарды коркутууга болгон аракет. Башкалар да айыпталып, соттолуп, дарга асылышы мүмкүн”, - деди Ирандагы адам укуктары үчүн эларалык өнөктүк деп аталган уюмдун өкүлү Ааран Родес.

28-январда эки адамды Иранда былтыркы шайлоодон кийинки тополоңго аралашканы үчүн дарга асышкан. Айрым маалыматтарда алар шайлоого чейин эле камакка алынышканы айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG