Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Иран жана Батыш: сыноо алдыда


Тегерандан 190 чакырым түштүк-батыштагы Арак ядролук ишканасынын жалпы көрүнүшү.
Тегерандан 190 чакырым түштүк-батыштагы Арак ядролук ишканасынын жалпы көрүнүшү.

Батыш жана Иран талаштуу өзөктүк программа боюнча жаңы сүйлөшүүлөр алдында буга чейин жетишилген утурумдук келишимди кошумча чаралар менен бекемдөөгө аракеттенүүдө. Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдтин дүйшөмбүдө Иранда башталган сапары мына ушул максатты көздөйт.

Быйыл 20-январдан тарта күчүнө кирген жана алты айлык мөөнөткө эсептелген келишим боюнча Иран талаштуу өзөктүк программасынын алкагындагы айрым сезимтал иштерди токтотуп, Батыш болсо Тегеранга каршы киргизилген кээ бир санкцияларын жумшартмак.

Бир тараптан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия, экинчи тараптан Иран ортосунда узак мөөнөттүү келишим боюнча жаңы сүйлөшүүлөр ушул айдын экинчи жарымында Венада башталганы турат.

Еврошаркеттин эң тажрыйбалуу жана жакшы байланыштары бар дипломаттарынын бири, Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт Иранга мына ушул сүйлөшүүлөрдү утурлай барды.

Төрт күндүк иш сапарын “өзгөрүүлөрдү жана кызматташтыкты колдоого кол сунуу аракети” деп сыппаттаган швед министри Батыш менен Ирандын алака-катышынын келечеги баары бир өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына көз каранды экенин айтат:

- Иранда мындан ары да өзгөрүүлөр болот деген чоң үмүт көп адамдарда бар. Бирок менимче, көп нерсе Батыш менен өзөктүк сүйлөшүүлөргө көз каранды. Эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкса, менимче, бул Ирандын башка чөйрөлөрүндөгү өзгөрүүлөргө да жол ачмак. Мен өзүм Иран президенти Роуханинин жакшы ниетин сезип турам. Бирок Иран татаал коом. Биз ал жерде башка күчтөр да бардыгын билебиз. Андыктан баары эле белгилүү эмес.

Алдыда күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү апта соңунда АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф Мюнхендеги коопсуздук конференциясы учурундагы жолугушуусунда талкуулашкан.

Америкалык дипломаттар билдиргендей, кездешүүдө Жон Керри эки тараптын тең алдыдагы сүйлөшүүлөрдү жакшы ыклас менен жүргүзүүсүнүн маанилүүлүгүнө басым жасап, Ирандын утурумдук макулдашуу боюнча алган милдеттемелеринин түгөл аткарууга чакырган.

Ал эми Иран тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф өзү Мюнхенден кабарчыларга буларды айтты:

- Макулдашууга жетишүү үчүн биз бул сүйлөшүүлөргө саясий эрк жана ак ниеттүүлүк менен барарыбызды убада кыла алам. Бул жараянды баштап алып, кайра алты айдан кийин капыстан эле токтото салуу - баарыбыз үчүн акылсыздык жана катастрофа болмок.

Иран тышкы иштер министри дүйшөмбү күнү Берлинге барган учурунда жакшы ниет болсо макулдашууга алты айда жетүүгө болорун, Тегеран АКШ Конгрессинин Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү аракетине тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Мурдараак АКШ президенти Барак Обама кокус Конгресс Иранга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам кабыл алса, ага вето саларын эскерткен.

Бул аралыкта Атом энергетикасы боюнча Эл аралык агенттик – МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүттөрүн иликтөөнү улантып жатат.

МАГАТЭ башчысы Юкио Аманонун айтымында, алар Иран тараптан сегиз маселенин чечилишин күтүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG