Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Иран боюнча сүйлөшүү соңуна чыгууда


Иран боюнча сүйлөшүү
Иран боюнча сүйлөшүү

Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү бүгүн аяктоого тийиш. Орусиянын тышкы иштер министри келишимдин негизги пункттары макулдашылганын айтса, Батыш дипломаттары муну төгүндөшүүдө.

Баштапкы пландар боюнча Кытай, АКШ, Франция, Британия, Орусия жана Германия кирген топ менен Иран 31-мартка чейин келишимдин долбоорун иштеп чыгышат деп белгиленген. Ал эми анын негизинде түзүлө турган документ 30-июнда даяр болуп, 12 жылдан бери уланып келаткан тирешүүгө чекит коет деп мерчемделген.

Батыш Тегеран ядролук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп ишенет. Ислам жумуриятынын жетекчилиги муну танып, бул чөйрөдөгү ишмердиги тынчтык максаттарын гана көздөрүн ырастап келатат.

Сүйлөшүүгө катышып жаткан державалар Иран ядролук программасын, биринчи кезекте курал жасоодо пайдаланчу уран байытуу процессин чектесе, эл аралык санкциялардын айрымдары алынат деп убада кылышууда.

Ал эми Иран делегациясынын мүчөсү Хамид Баидинежад 31-мартта санкцияларды алып салуу буга чейин эле макулдашылганын айтты:

- Санкцияларды алуу маселеси бүгүн же кечээ эмес, узак сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилген. Бирок санкцияларга байланышкан айрым проблемалар дагы эле кала берүүдө жана бул күн тартибиндеги жалгыз маселе эмес. Аларды бүгүн-эртең чечебиз деп үмүттөнөбүз.

1-апрелде эртең менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швейцариянын Лозанна шаарына чогулган алты өлкөнүн башкы дипломаттары келишимдин негизги аспекттери боюнча мунасага жетишкенин билдирди. Лавровдун айтымында, анын бардыгын кагазга түшүрүү үчүн бир нече саат, балким бир күн кетет. Бирок америкалык дипломаттар бул маалыматты төгүнгө чыгарышты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мари Харф 31-мартта бир топ олуттуу маселелер дагы чечилүүгө тийиш деп билдирген.

Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини да катышып жаткан сүйлөшүүлөрдө Иранга канча көлөмдөгү уранды байытууга уруксат берилиш керек, анын кору кайда сакталат, атомдук изилдөөлөрдүн масштабы, санкцияларды алып салуунун мөөнөтү жана шарттары өңдүү маселелер талкууланууда.

Түн ортосуна чейин созулган сүйлөшүүлөр жандангандан кийин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф “оң жылыштар” болуп жатканын журналисттерге билдирди.

“Биз бир топ иштерди бүтүрдүк. Бирок эл эс алыш керек, эртең менен эрте ишибизди улантып, шаршембиде бүткөрөбүз деп ишенем”, - деген Зариф.

Бирок Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Парижге жол тартып, керек болгондо Лозаннага кайтарын билдирди.

Кытайдын тышкы мекемесинин жетекчиси Ван И Швейцариядан алдыңкы күнү эле учуп кеткен.

Ал тапта Вашингтон президент Барак Обама 31-мартта кечинде мамлекеттик катчы Жон Керри, вице-президент Жо Байден жана коргоо министри Эштон Картер менен видео конференция өткөргөнүн кабарлады.

Анда Лозанна сүйлөшүүлөрүндөгү акыркы жагдайлар тууралуу сөз болду.

- Начар келишимден көрө таптакыр келишим түзбөө жакшы. Президент Обама андай келишимге кол койбойт. Иран ядролук курал чыгарууга умтулбайт деген милдеттенмелерди алып, макулдашууларды аткарып-аткарбаганын текшерүүгө жол берип турушу керек, - деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Йош Эрнст.

Ирандын атомдук программасы боюнча өткөөл келишим 2013-жылдын ноябрында түзүлгөн. Бирок узак мөөнөттүү документ боюнча сүйлөшүүлөр ошондон бери эки ирет майнапсыз аяктаган.

Тараптар БУУнун санкцияларын алып салуу, Тегеран келишимдин шарттарын аткарбаса, кайра киргизүү маселеси көп пикир келишпестиктерди жаратканын айтышат.

Алты өлкө Тегеран ядролук иштерин 10 жылга токтотсун деген шарт коюшууда. Иран бийлиги болсо атомдук ишмердигине убактылуу чектөө киргизсе, бардык санкцияларды дароо алып салууну жана алар сүйлөшүүлөрсүз калыбына келтирилбейт деген кепилдиктерди деп талап кылууда. Бирок Британия, Франция жана АКШ жазалоочу чаралар автоматтык түрдө кайра киргизилгендей болсун дешсе, Орусия буга макул эмес. Себеби анда кырдаалга таасир этүү үчүн Коопсуздук кеңешиндеги вето укугун каалагандай пайдалана албай калат.

Иран ошондой эле 10 жылдык мөөнөт өткөндөн кийин заманбап ядролук центрифугаларды иштеп чыгууга укугу болушу керек деген шарт коюуда.

XS
SM
MD
LG