Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Обама Иранга жаңы санкция киргизүүгө каршы


АКШ президенти Барак Обама Иранга жаңы санкциялар киргизилишине каршы. Ал бул тууралуу АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү санкцияларды күчөтүү чакырыгы менен чыккандан билдирди. Ал эми МАГАТЭнин АКШ президентинин билдирүүсүнө тушташ жарыяланган баяндамасында Иран өзөктүк жайларында ишти бир топко жайлатканы айтылат.

14-ноябрда Ак үйдөгү басма сөз жыйыны учурунда Барак Обама Конгрессти жаңы санкциялар боюнча ашыкпоого чакырды. Анткени, Обаманын айтымында, учурда Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыркы шартта сүйлөшүү Тегерандагы бийликтерди ынандыруунун эң жакшы жолу:

- Эгер биз дипломатияга олуттуу мамиле жасасак, буга дейре эле абдан эффективдүү болгон санкцияларга жаңысын кошуунун кажети жок. Эгер алар убадасын аткара алышпаса, эгер ал сүйлөшүүгө олуттуу мамиле жасашпаса бул маселе чечилип, санкциялар кайра күчөтүлөт.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр бул өлкөдө быйыл августта президент жана өкмөт алмашкандан кийин кайра жанданган. Обаманын администрациясы Иран менен макулдашууга жетүү үчүн убакыт жана сабырдуулук зарылдыгын айтууда. Бирок Конгресстин айрым мүчөлөрү жана Кошмо Штаттардын өнөктөшү Израил сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилет деген макулдашуу Ирандын пайдасына ойнойт деп эсептешип, санкцияларды жумшартпастан, аларды кайра күчөтүүгө чакырып жатышат.

Республикачыл сенаторлордун таасирлүүлөрүнүн бири Жон МакКейн араб тилиндеги “Алхурра” телеканалы менен маегинде жакында Женевада өткөн сүйлөшүүлөргө Конгресстегилердин бир тобунун ичи чыкпаганын белгиледи:

- Иран менен сүйлөшүүлөр буга чейин жалпысынан фарс эле болду. Олуттуу болгон жок, күлкүлүү болду. Алар ирандыктар иш жүзүндө эч нерсе бербей тургандай кылып жатышат. Мен сунуш кылынган макулдашуу боюнча администрацияга республикачылар менен демократтар арасында кеңири колдоо жоктугун айта алам. Француздарга ырахмат, макулдашуу алардын каршылыгынан улам жетишилбей калды. Эгер Иран уран байытуу багытындагы ишмердигин толук токтотпосо, ачык айтайын, Конгресс терең жаңылыштык менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө кескин түрдө каршы чыгат.

Иран менен сенатор Жон МакКейн айткан утурумдук макулдашууга тараптар өткөн апта соңунда Женевада болгон сүйлөшүүлөрдө жетишет деп күтүлгөн эле. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү, Германия жана Иран катышкан сүйлөшүү майнапсыз аяктаган.

Мамлекеттик катчы Жон Керри “конкреттүү учурга келгенде конкреттүү сунушту” Иран кабал алалбай койгонун билдирген. Эл аралык басма сөздө сүйлөшүүлөрдүн майнапсыз аякташына Ирандын уран байытуу укугу таанылышын талап кылып туруп алганы себеп болгону кабарланган. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы келерки аптага мерчемделүүдө.

Бул аралыкта Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран боюнча үч айлык баяндамасын жарыялады.

Бейшембиде жарыяланган баяндамада өзөктүк объекттердеги иш кыйла басаңдаганы айтылат. МАГАТЭ башчысы Юкио Амано Венадан "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде буларды айтты:

- Мен уранды байытуу иштери уланып эле жатат деп айта алам. Ай сайын, же үч айда басаңдап, же көбөйүп турат. Биз бул боюнча жакында маалымдайбыз. Бирок мага келген кабарлар боюнча эч кандай радикалдуу өзгөрүү жок.

МАГАТЭ баяндамасында көрсөтүлгөндөй, "Натанз" деген уран байытуу жайында бул ишти жүргүзүүдөгү маанилүү жабдуу – центрифугалардан жаңыларынан саналуу гана орнотулган. "Фордо" уран байытуу жайында да жаңы жабдуулар коюлган эмес. Арак деген жерде плутоний өндүрүү үчүн курулуп жаткан реактордо да олуттуу өзгөрүү байкалбайт.

МАГАТЭнин азыркы баяндамасы - быйыл августта Иран президенттигине Хасан Роухани келгенден берки алгачкысы. Роухани кезинде шайлоочуларга Батыш менен өзөктүк программага байланышкан талашты чечип, санкцияларды жеңилдетүүнү убада кылган.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып өзөктүк курал жасоону көздөйт деп шектенишсе, Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG