Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Барак Обама Ирандагы тымызын согушту токтотобу?


Иранда улуттук өкмөттү кулатуу боюнча АКШ уюштурган кутумга катыштыгы бар деп шектелген төрт ирандык жаран кармалды. Бул жөнүндө Ирандын сот бийлигинин өкүлү шейшемби күнү билдирди.

АКШнын маалымат каражаттары президент Жорж Буш Ирандын талаштуу ядролук программасына тосколдук кылуу үчүн өлкөдө тымызын операцияларды жүргүзүү боюнча чоң программага кол койгонун маалымдашкан. Иранга каршы жашыруун программанын тагдыры Барак Обама бийликке отургандан кийин чечилет деп боолгошот серепчилер.

АКШнын Ирандагы тымызын операциясы жөнүндөгү маалымат булактарында пайда болгон кабарларга Лондондогу Падыша (Кing’s College in London) коллежинин талдоочусу Жеймс Денселоу таң калбайт жана мындай оюнду эки жак тең же Иран да жүргүзүүдө дейт:

-Иран 2003-жылдан бери Ирактагы анти-америкалык топторду каржылайт. АКШ бери дегенде 2005-жылдан тартып, Ирандын түштүк чыгышындагы провинциялардагы анти-иранчыл топторду каржылайт. Бул жерлердин эли ар кыл же Тегеранга моюн толгоп келгендиктен аларды акча жана курал берип тартса болот. Бул өтө жашыруун согуш. Бирок бул согуш- Иран Иракта АКШга кысым жасагандай эле-Иранга кысым жасайт.

Иранда өкмөттүк төңкөрүш уюштурмак болду деп кармалган төрт жаран жөнүндөгү маалымат АКШнын Ирандагы тымызын операциясы тууралуу мурдараак пайда болгон кабарларды бекемдеди. Ошондой эле, «Нью-Йорк Таймс» гезитинин кабарчысы Дэвид Сангер айткандай, Барак Обама эмки жумада бийликке келген соң жашыруун операцияны улантуу же токтотуу жагын чечүү керек экенин эске салды:

-Барак Обама операцияны улантып-улантпоо жөнүндө катаал бир чечимге барыш керек. Обама жүрүп жаткан тымызын иштерди толук түшүнгөндөн мурда аны менен таанышып чыгуусу абзел. Обаманын жардамчыларынын бири мага: «Билесиңби, биздин алдыбызда Дуайт Эйзенхауер президент Кеннедиге мураска калтырган Чочколор булуңундагы Кубага каршы кутум сыяктуу үлкөн проблема бар. Аны Обама али толук түшүнө элек» деп айтты.

Сангердин сөзүнчө, Иранга каршы тымызын операция Тегеррандын ядролук куралдуу болуусун саалгытууну көздөйт. Журналист апта башында жазганга караганда, былтыр президент Буш жашыруун операция натыйжалуу болот деп, Израилге Ирандын ядролук инфраструктурасына абадан сокку урдурбай койгон экен. «Нью-Йорк Таймстын» кабарчысынын ырасташынча, Буш израилдик учактардын Ирак аркылуу учуп өтүүсүнө уруксат бербегенге катар терең жер астында курулган ядролук комплексти талкалагандай кубаттуу бомбаны да бербей койгон.

Иран жетекчилиги Израилди дүйнөнүн «саясый картасынан» жок кылууга ынтызар экенин жашырбай айтып келет.

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Майк МакКоннелл жакында эле жасаган билдирүүсүндө Иран Израилге жетчү ядролук дүрмөтү бар ракетанын жана ядролук курал үчүн зарыл уранды байытып жатканын белгилеген.

Барак Обама президенттик шайлоо өнөктүгү маалында өкмөт башына келсе, Ирандын ядролук куралы боюнча талашты дипломаттык жол менен чечүүгө аракет кылам жана Иран жетекчилери менен түз сүйлөшөм деген. Анткен менен, Обама Ирандагы тымызын операцияларды улантууга макул болобу, анысын так айта элек.

Бирок АКШнын чалгындоо кызматтарына алардын иiмердүүлүгү үчүн керектүү каражат жана көрсөтмө берилерин Обама 9-январдагы сөзүндө ачык айтты:

-Биз прматикалык саясат жүргүзгөндү үйрөндүк, биз идеологиялык зарылычылыкка карап эмес, ылгый фактыларга таянып, бүтүм жасоого тийишпиз. Анүчүн чалгындоо миссиясын аткарган кызматтарга аларга зарыл каржаттарды жана ылайыктуу жолдомону берүүгө тийишпиз.

Иран болсо Барак Обама 20-январда президент катары ант бергенден кийин АКШнын ар бир кадамына «тийиштүү жооптуу кечиктирбей берерин» азыртан эскертүүдө.

Мындай шартта Барак Обама Ирандагы тымызын операцияны шыр токтотпойт, деп жоромол кылат Лондондогу Падыша (Кing’s College in London) коллежинин талдоочусу Жеймс Денселоу:

-Обама Иран саясатын жүргүзгөндө нанга, шапалакка жана дипломатияга таянат. Ал жашыруун операцияны Иранга кысым жасоо же аны токтотуу үчүн, болбосо мамилени жакшыртууга мажбурлоого пайдаланат. Ирандын ядролук программасына жана Израилге байланыштуу көптөгөн суроолор бар эмеспи. Менин оюмча, Обама бардык картасын бир убакта ачпайт. Ирандын түштүгүндөгү күчтөрдү күш-күштөө Иранга кысым көрсөтүүнүн бир куралы. Бул абадан сокку урууга же Израилдин чабуулуна караганда бир кыйла ийкемдүү курал.

XS
SM
MD
LG