Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Иран саясий душмандарынын көзүн чет өлкөлөрдө тазалоонун тарыхына ээ. Бирок Тегерандын АКШ бийликтери 11-октябрда шардана кылган соңку кутуму айрым суроолорду жаратууда.

АКШ бийликтеринин ырастоосуна караганда, Тегерандан даярдалган кутум боюнча Сауд Аравиянын АКШдагы элчиси Адел ал-Жубейирдин өмүрүнө Вашингтондо кол салынмак. Анын чоо-жайын жарыялап жатып, АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер күмөн саноолор үчүн бир аз эле орун калтыргандай болду. Холдердин айтымында, “кутум Иран өкмөтүндөгү элементтер, айрыкча Кудс күчтөрүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрү тарабынан жактырылган жана башкарылган.

Кудс – Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун элиталык бөлүгү жана чет мамлекеттердеги ишмердикти тейлейт деп эсептелет. АКШнын Башкы прокурору белгилегендей, “бул кутум үчүн Иран өкмөтүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептелген ушул мекемелердин жогорку расмий өкүлдөрү жоопкер”.

Вашингтондун баамында, Иран режиминин жогорку эшалону аралашкан кутум Перси булуңун, Жакынкы Чыгышты согуш болбосо да башаламандыкка түртмөк. Расмий Тегеран өз тарабынан Вашингтондун кутум жөнүндөгү жарыясын “күлкүлүү шоу”, “пропагандалык өнөктүк” деп мүнөздөдү.

Сауд Аравиянын АКШдагы элчиси Адел ал-Жубейир

Сауд Аравиянын АКШдагы элчиси Адел ал-Жубейир

​Ал эми айрым аналитиктер ачуу риторикасы менен таанымал экендигине карабай, ар бир кадамын жети өлчөп, бир кескен Иран жетекчилигин сауд дипломатынын көзүн АКШнын аймагында тазалоого баргыдай акылсыз жорукка эмне түрттү экен деген суроо коюушууда.

Али Ансари - Шотландиядагы Сент Эндрюс университетинин Иранды изилдөө бөлүмүнүн башчысы. Ал “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Роберт Тейт менен маегинде буга чейин айтылгандардан бекем далилдерди көрө албай жаткандыгын белгиледи:

- Мен агностикмин, себеби бул Ирандын мурдагы ишмердиктериндей ишеним жартпай турат. Айыптар абдан олуттуу болгондуктан мунун кесепеттери да олуттуу болот. Бул ырастоолорго абдан салмактуулук менен көз чаптыруубуз абзел. Азыркы учурда ал төмөнкүдөй көрүнүп жатпайбы: ФБРдын жашыруун агенти менен байланышта болгон бир адам бар. Ал кандайдыр бир акча колдон-колго өткөнү боюнча олуттуу билдирүүлөрдү, ырастоолорду жасады. Бирок мен буга ишенгенге чейин бир аз чоо-жайын билгим келет. Ал жигиттин айткандарына ишенүү да проблема. Ал жигит ким экендигин биз билбейбиз.

АКШ бийликтери жарыялаган маалыматтарга караганда, кутумдагы борбордук фигура катары АКШнын жараны, Техас штатынын 56 жаштагы тургуну, теги боюнча ирандык Мансур Арбабсияр камакка алынды. Ал бул ишке Ирандын Кудс күчтөрүнүн офицери катары кызмат өтөгөн аталаш тууганы тарабынан тартылган. Бирок камактагы Арбабсиярдын, айрым байкоочулардын пикиринде, эски унаалардын сатуучусу катары мүнөздөлүшү анын бул чалкеш ишке катыштыгын четке кагып тургансыйт.

Мансур Арбабсияр

Мансур Арбабсияр

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, кутум боюнча бул киши Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчисин сенаторлор менен конгрессмендер көп келген ресторанда өлтүрүү үчүн наркосоодагерлердин Лос Зетас картелине жалпы жонунан бир жарым миллион доллар төлөмөк. Кутумчулар Израилдин Вашингтондогу элчилигине, Сауд Аравия менен Аргентинанын дипломатиялык миссияларына да кол салууну мерчемдешкен.

Камактагы Арбабсиярдын ага белгисиз, ал өзү наркосоодагерлердин Лос Зетас картелинен деп ойлогон шериги иш жүзүндө АКШнын маңзаттарга каршы күрөшүү мекемесинин агенти болгон.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын мурдагы агенти, Ирандын Кудс күчтөрүнө узактан бери байкоо салып жүргөн Роберт Беир британдык “Гардиан” басылмасы менен маегинде АКШ жарыялаган кутумду Ирандын Кудс күчтөрү үчүн “мүнөздүү эмес” деп атады. Расмий Вашингтон Кудс күчтөрүн узактан бери эле бейстабилдүүлүктүн жана АКШга каршы Ирак менен Ооганстандагы аракеттердин архитектору катары айыптап келе жатат.

Ал эми бети ачылды деген кутумда элчиси бутага алынмак Сауд Аравия менен Ирандын ортосундагы кастык жакшы белгилүү. Перси булуңундагы бул эки коңшунун мамилеси “кансыз согуш” абалында деп мүнөздөлүп жүрөт. Кастыктын деңгээлин сауд падышасы Абдалланын айтылуу WikiLeaks сайты шардана кылган дипломатиялык телеграммаларда айтылган комментарийи да чагылдырып тургансыйт.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад

Анда сауд падышасы АКШны Иранга кол салып, "жыландын башын кесүүгө" чакырган. Бирок Шотландиядагы Сент Эндрюс университетинин Иранды изилдөө бөлүмүнүн башчысы Али Ансари Иран душманынын жогорку даражалуу дипломатынын өмүрүнө кол салууга Американынын жеринде бармактыгы күмөндүү болуп турат:

- Эгер алар белгилүү бир нерселерди жасагысы келсе, муну ишке ашырышат. Менимче, бир жолу ыңкылаптын (Ирандагы ислам ыңкылабынын) алгачкы күндөрү алар Ирандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы өкүлүн Вашингтондо өлтүрүшкөн. Бирок алар мындай мүнөздөгү операцияларды, өзгөчө Американын жеринде чет өлкөлүк жаранга карата операцияны өтө эле сейрек карашат. Эгер сиз бул Европада болгон деп айтсаңыз, бул толугу менен мүмкүн, мурдатан калган тажрыйба да бар.

Айткандай эле, Ирандын саясий душмандарын четте өлтүрүүнүн тарыхына ээ. 1979-жылы бийликтен кулатылган шахтын режиминдеги акыркы премьер-министри Бахтияр Шапур 1991-жылы Францияда сүргүндө жүргөн кезинде өлтүрүлгөн. Андан кийинки жылы ирандык күрддөрдүн оппозициядагы төрт лидери Берлинде ресторандарын биринде жок кылынган. Бул кылмыш үчүн ирандыктар жана ливандыктар соттолгону менен кийинчерээк Ирандын чалгын министри Али Фаллахианды камоого эл аралык ордер берилген. Сот дагы өлтүрүүнү ал буйруган деген тыянак чыгарган.

Кол салуулар Аргентинанын аймагында да жасалган. Ирандын жогорку даражалуу бир нече өкүлү, анын ичинде чалгын министри Фаллахиан Аргентинанын соту тарабынан Буенос Айрестеги жөөт борборуна кол салууга катышы бар деп күнөөлөнгөн. Анда 85 кишинин өмүрү кыйылган болчу. Иран ошондой эле 1992-жылы Израилдин Аргентинадагы элчилигиндеги жардыруу үчүн да шектелген. Анда жыйырма тогуз адам каза тапкан эле. Бул кол салуу үчүн Иран менен байланышы бардыгы айтылып жүргөн "Ислам Жихады" уюму жоопкерчилик алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG