Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Ажырашуулар - Ирандын башкы душманы


Иран президенти Хасан Роуханинин сүрөтүн көтөргөн адамдар. Тегеран, 14-июль, 2015-жыл
Иран президенти Хасан Роуханинин сүрөтүн көтөргөн адамдар. Тегеран, 14-июль, 2015-жыл

Иран үчүн учурда баарынан да суу тартыштыгы, жумушсуздук, инфляция жана баңгичилик коркунучтуу.

Бул жөнүндө Ирандын президенти Хасан Роухани 15-сентябрда Ислам революциясынын сакчылары корпусунун командирлери менен кездешүүдө айтты. Ал өз сөзүндө “баңгичилик менен ажырашууну мамлекеттин төбөлсүздүгү жана ислам коомчулугунун коркунучтуу душманы” деп атады.

Иран президенти Хасан Роухани кездешүүдө Ирандын сионизм, Америка жана террорчулардан башка да душмандары бар экенине көңүл бурду. Ал душмандар: суунун тартыштыгы, жумушсуздук, инфляция, баңгичилик жана коомдо адеп-ахлактын начарлашы.

“Баңгичилик жана ажырашуу өлкөнүн эрктүүлүгү жана ислам жетекчилигинин коркунучтуу душманы”,-деди Роухани. Ал ошондой эле бийликтин "түркүгү", "ишеними", "көзү" саналган Ислам революциясынын сакчылары корпусун 1979-жылкы Ислам революциясынын жана анын ийгиликтеринин коргоочусу деп атады.

- Революциянын дүйнөдөгү душмандары биздин революцияны тынчыткысы келет. Алар Иран Ислам Республикасын тынчыткысы келет. Бирок алар андай иштерди эч качан көрбөсү шексиз.

Кээ бир эсептөөлөргө караганда, Ирандын 80 миллион элинин 5 миллиондон көбү, өлүм жазасынын коркунучуна карабай, баңгичилик, маңзатына арбалып, оор илдетке жетеленип калган. Быйыл эле 1-январдан 15-июлга чейин 694 адам өлүм жазасына тартылган. Эл аралык мунапыс уюмунун билдиришинче, алардын көбү баңгичиликке аралашканы үчүн өмүрүнөн ажыраган. 2014-жылы бардыгы 753 адамга жогорку катаал жаза колдонулган. Бул акыркы 12 жылдагы эң бийик көрсөткүч.

Хасан Роухани 15-сентябрдагы жолугушууда алты держава менен июлда кол коюлган ядролук келишим Иран эле эмес, дүйнө үчүн да пайдалуу экенине токтолду. Серепчилер БУУ, ЕБ жана АКШ санкцияны жеңилдетсе, чет өлкөлүк банктарда “тоңдурулган” он миллиарддаган доллар Ирандын экономикасына инвестицияланат деп боолгошот.

Бирок Эл аралык валюта фондунун эсебинде, Ирандын экономикасы быйыл 0,6% өсөт. Алдагы санкциялардан улам ишканалар жарым-жартылай иштеп же жабылып, акыркы эки жылда экономика рецессияга түшүп, инфляция 45% серпип отурат. Анткен менен, быйыл июнда инфляция 15,6% түшкөн. Жогоруда саналган жагдайларга байланыштуу ушу чакта жумушсуздук 10% жогору. Жумушсуздук өзгөчө 35 жашка чейинки курактагылар арасында күчтүү же ал көрсөткүч 27% жетет.

Роуханинин ажырашууларга токтолгону бекер эмес. Ушу тапта өнүгүп бараткан өлкөлөр үй-бүлөнү пландаштырууга умтулса, Иран өкмөтү 2050-жылга элинин санын 150 миллионго жеткирүүнү максат койгон. Эгер 1980-жылдары Ирандын эли орточо 4% өссө, азыр жылдык өсүү 1% түзөт. Ал кезде төрөт жашындагы 1 ирандык аялга 7 наристе туура келсе, былтыр 1,8 бала болду. Бул Британиядагыдан 0, 1 пунктка төмөн. Ушу тапта Иранда жаңы баш кошкон жубайлардын 20% ажырашып кетсе, Тегеранда 30% нике ажырашуу менен аяктайт. Daily Telegraph гезити Ирандын маалымдоо каражаттарына таянып жазышынча, ажырашуунун негизги себепчилери экономикалык каатчылык, баңгилик жана “ала жипти аттоо”.

Иранда суунун тартыштыгы, Роухани айткандай, чоң проблемага айланганы, суу сактагычтарды куруудагы жаңылыштык жана 14 жылдан берки кургакчылык. Financial Times басылмасынын жазышынча, өткөн 30 жылда Иранда 600 дамба курулган. Бул жагынан 12 жыл президенттик кылган Хасан Рафсанжани (1989-1997) айырмаланган. Анын тушунда ар 45 күндө бирден дамба ишке берилип турган. Бул саздак жерлер сыяктуу табигый суу сактагычтарды, дарыялардын нугундагы шалбаа жерлерди кургатып, айлана чөйрөгө зыян келтирген. Натыйжада бүгүн Ирандын тогуз чоң шаары, анын ичинде Тегеранда суу таңсык.

Президент Роухани революция сакчылары алдындагы сөзүндө душмандардын Иранга жана чөлкөмгө каршы кутуму деле токтобойт деп, өлкөнү башкарган жетекчиликти “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга” чакырды.

XS
SM
MD
LG