Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Иран өкмөтүндө жалгыз аял да саясат


Ирандын вице-президенти Илхам Аминазаде парламенттин жыйыны кезде. Тегеран. 12-август 2013

Ирандын вице-президенти Илхам Аминазаде парламенттин жыйыны кезде. Тегеран. 12-август 2013

Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани юридикалык иштер боюнча вице-президенттикке Илхам Аминазаде айымды дайындады.

48 жаштагы Аминазаде айым маалыматтарга караганда, Тегеран университетинин доценти. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин университетинде жана Имам Садег университетинде сабак берет. Бир жылдары парламенттин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин башчысынын орун басары да болгон. Аминазаде айым вице-президенттикке Роуханинин өкмөтүндө аялдар жок деп сындалгандан кийин дайындалды.

Президент Роуханинин 11-августтагы жарлыгында Илхам Аминазаде илимий жана мыкты юридикалык даярдыгы, ошондой эле адамдык бийик насил-наркы үчүн вице-президенттик кызматка дайындалганы белгиленет. Аминазаде айым Британиянын Глазгов университетинде эл аралык юриспруденция боюнча философия доктору даражасын жактаган. Аны вице-президенттикке көрсөтүүгө азыр парламентте талкууланып жаткан өкмөт курамында аялдар жок деген сындоолор түрткү болду.

Ирандык чыгаан укук коргоочу Сюзан Тагмасеби айымдын айтышынча, Аминазаденин дайындалышы оң көрүнүш:

- Аялдардын укугу - аял министрлүү болуу. Парламент мурдагы президент Ахмадинежад министрликке сунуш кылган үч аялдын бирин гана бекиткен. Биз Роуханиге үмүтүбүз чоң. Себеби ал аялдар маселесине оң караймын деп убада кылган. Ахмадинежад президенттик кылган сегиз жылда аялдардын абалы олуттуу начарлап кетти.

Президент Роухани министрликке бир өңчөй эркек таналарды сунуш эткени аялдардын укуктарын коргоочулар менен интеллектуалдар чөйрөсүндө чоң нааразылыкты жараткан. “Биз, аялдар - Роухани жана анын өкмөтү өз үлүшүбүздү беришин каалабайбыз. Бул биздин укугубуз,” - деген журналист-адвокат Ашраф Герамизадеган айым ай башында Тегерандагы жолугушууда.

Ирандык аялдар президенттик шайлоо кезде добуш берүү үчүн кезекте турушат. Шах Абдулазимдин саганасы. Тегеран. 14-июнь 2013

Ирандык аялдар президенттик шайлоо кезде добуш берүү үчүн кезекте турушат. Шах Абдулазимдин саганасы. Тегеран. 14-июнь 2013

Башка бир журналист Шахиндокт Мулаверди айым Роухани өз программасында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу жөнүндө сайрап айтканы менен эркек министрлер аялдарды саясатка жолотпоо үчүн бийик коргон куруп алды деп жазды.

Роухани бийликке отургандан кийинки алгачкы маалымат жыйынында сын-пикирлерге жооп ирети аялдардын укуктарын чектеген бардык тоскоолдуктар жок кылынат деп сөз берген эле:

- Аял министр болуп дайындалса эле аялдар тең укуктуулукка жетти дегенди түшүндүрбөйт. Бардык теңсиздиктер башкаруунун түрдүү деңгээлинде түзөтүлүшү керек. Максат өкмөттө аялдын болушу, анан элге “карагыла, биздин өкмөттө аял бар, алар өз укуктарына ээ болду”,- деп айтуу эмес.

Роухани шайлоо өнөктүгү кезде гендердик теңчиликке басым кылып, аялдар маселеси боюнча министрлик түзөм деп оозанганы бар.

Сюзан Тагмасеби айым жалаң эркектерден куралган өкмөттө аял министрдин болгону ирандык аялдар үчүн жакшы жышаананын белгиси дейт:

- Бул Роухани өлкө калкынын теңи аялдар экенин моюнуна алды дегенди билдирет. Ал үчүн добуш бергендердин көпчүлүгү аялдар болгон. Ал Иран калкынын таламын чагылдырган өкмөт курууну каалайт. Бардык министрлер аялдар маселесинен кеңири кабардар болушу абзел жана аялдардын укуктарын, теңчилигин жактап, укуктук абалын жакшыртканга даяр болууга тийиш.

Жарым өкмөттүк Фарс жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, Аминазаде айым депутат кезинде бир нече мыйзамды иштеп чыккан. Алардын ичинде аялдардын укугуна байланыштуу да мыйзам бар. Илхам Аминазаде өкмөттө аялдар маселесин да тейлейби, азырынча белгисиз.

Ирандык аялдардын укугун кемсинтүү 30 жыл мурдагы Ислам революциясынан кийин шариат канондору колдонула баштагандан тарта кенен жайылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG