Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

"Биз согушту каалабайбыз!"


Ронни Эдри
Ронни Эдри

Булардын өкмөттөрү бири-бирин жек көрүшү мүмкүн, бирок катардагы айрым ирандыктар менен израилдиктер жакшы эле тил табышып жатканын көрсөтө башташты.

Иран менен Израилдин ортосунда согуштун домбурасы жаңырып турган чакта жөнөкөй бир жөөт үй-бүлө ирандыктарды тынчтыкка чакырган өнөктүгүн баштады.

41 жаштагы график-дизайнер Ронни Эдри менен 36 жаштагы Михал Тамир өткөн аптада “Фейсбуктагы” баракчасына балдарын колго алып түшкөн сүнөттөрүн коюп: “Ирандыктар, биз силерди жакшы көрөбүз, силердин мамлекетти бомбалоону каалабайбыз”, - деген жазууларды калтырышты.

Эдри ал жердеги текстинде “Ирандык баардык аталарга, энелерге, балдарга, ага-эжелерге кайрылам! Биздин ортобузда согуш болушу үчүн биз бири-бирибизден коркуп, бири-бирибизди жек көрүшүбүз керек. Мен силерден коркпоймун жана жек көрбөйм. Мен силерди, керек болсо, тааныбайм. Бир да ирандык мага жамандык кылган эмес”, - деп айтылат.

“Эгерде кайсыл бир ирандык теледен согуш жөнүндө сүйлөсө, ал бүтүн иран элинин оюн билдирбейт. Эгер кайсыл бир израилдик силерге чабуул тууралуу сүйлөсө, ал бүтүн жөөттөрдүн оюн билдирбейт. Кимде-ким буга макул болсо, ушул билдирүүнү башка ирандыктарга да таркаткыла”, - деп жазылды бул текстте.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал түгөйлөр виртуалдуу топ түзүүнү каалашаарын, ал топтун катышуучулары экинчи тарап менен жаатташпай, анын ордуна бири-бирине колун сунушаарын айтышты.

Тамирдин айтымында, жооп көпкө күттүргөн жок.

"24 сааттын ичинде Ирандын ичинен адамдар “Фейсбуктагы” ал баракчабызга өздөрүнүн беттери жарым-жартылай көрүнгөн же аркасынан тартылган сүрөттөрүн коюшту. - дейт Тамир. - Алар ким экендиги ачыкталып калышын каалашпайт. “Израилдиктер, биз силердин өлкөгө эч качан кол салбайбыз, биз да силерди жакшы көрөбүз”, - деген билдирүүлөрүн калтырышкан экен".

Facebook сайтына Ирандан кирип жаткандар Израил менен кандай гана болбосун, алака ачылып калышынан коркушат. Анткени бул үчүн аларды “жөөттөрдүн тыңчысы” деп айыпташы толук мүмкүн.

Иран ислам республикасы Израилди мамлекет катары тааныбайт жана өзүнүн жарандарына бул өлкөгө саякаттоого тыюу салган. Ирандан сырт жашагандар болсо Фейсбуктагы баракчага өздөрүнүн беттерин жашырбай эле сүрөт коюп жатышты.

Эки улутту тынчтыкка чакырган бул өнөктүккө башка израилдиктер да кошулуп, сүрөттөрүн жайгаштырып жатышат.

Кийинчерээк өнөктүктү баштаган ал үй-бүлө атайын блог ачып, аны “Израил Иранды жакшы көрөт” деп атады. Алардын айтымында, көптөгөн ирандыктар аларга жеке каттарды жазып, аты-жөнүн ачык жарыялабоону суранышкан.

Мына ошол ананонимдердин бири калтырган билдирүүдө: “Айрымдар муну эки мамлекеттин ортосунда достуктун жаралышы деп жатышат. Бирок тарыхый жагдайды эске алып, мен муну бири-бирин узак убакытка жоготуп койгон бир туугандардын кайра биригиши деп атамакмын”, - деп жазыптыр.



“Биз согушка каршыбыз, баарыбыз бир эле дененин мүчөлөрүбүз. Ошондуктан башка бир адам кыйналып жатканын көрүү азап, анткени бул да сенин эле жаныңдын бир бөлүгү”, - деп жазат дагы бир аял.

Михал Тамир азыр ал баракчада атайын кат алмашуу дубалын ачышканын, демек, эки тарап тең саясатчылардын сүйлөшүүлөрүн күтүп олтурбай, бири-бири менен тикелей сүйлөшө алаарын белгиледи. Социалдык түйүн ал үчүн согушту эч ким каалабай турганын айтууга жакшы платформа түзгөнүн да кошумчалады.

Эми алдыда Фейсбуктан да кеңирирээк аракет көрүү планы бар. "Акча топтоп калсак, көчөлөргө кеңири белгилерди орнотобуз. Акыр аягында мунун баары чечим кабыл алып жаткан эки өлкө жетекчиликтерине жетээр деген үмүт”, - дейт ал.

"Аң-сезимди өзгөртүп, биз согушту каалабай турганыбызды ачык айтуу – биздин парзыбыз, - дейт Эдри. - Канчалаган жылдардан бери биз мына согуш башталып кетет экен, ирандыктар бизди бомбалайт, анан артынан Израил жооп кайтарат деп эле коркуп жашап келатабыз. Биз үнүбүздү катуу чыгарып “Согуштун бизге кереги жок!” дешибиз керек".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG